Резников: Россия чек арага жакын аймакка 94 миң аскер жөнөттү

65
0

Резников: Россия чек арага жакын аймакка 94 миң аскер жөнөттү

Россия Украинага каршы масштабдуу чабуулга даярданып жаткан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Юрьевич Резников билдирди. Резников разведкалык маалыматтарга таянып билдиргендей, Россия Украина чек арасына жакын аймактарга 94 миңден ашык аскер топтогон жана январь айынын аягында чабуулга өтүшү мүмкүн.
Резников Верховная Радада сүйлөгөн сөзүндө Украина эч кандай провокациялык аракетке барбастыгын, бирок, Россия чабуул кылса жооп кайтарууга даяр экендигин кошумчалады. Анын айтымында, учурда Крымда Россиянын аскерий-тактикалык 41 батальону бар.
Ал эми Россия бийлиги болсо, Украина менен чектеш Түндүк Кавказда жана Ростов облусунун 30 аймагында о.э. Крымда аскерий машыгууларды баштаганы турганын билдирүүдө.
АКШ президенти Жо Байден Россияны Украинага бастырып кирүүдөн кайтарууга убада берди. «Мен Европадагы союздаштарыбыз жана украиналыктар менен үзгүлтүксүз байланыштамын. Мамлекеттик катчы менен улуттук коопсуздук боюнча кеңешчим бул маселе менен алектенип жатышат», – деген Байден Украина боюнча Москва айтып жаткан “кызык сызыктарды” моюнга албастыгын билдирди.
Мындан бир аз мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ЕККУнун Стокгольмдогу саммити учурунда берген маалымат жыйынында Россиянын Украинага кылган ар кандай чабуулу буга чейин колдонулбаган экономикалык санкцияларга себеп болорун айткан эле.
Комментарий: Бүгүнкү күндө Украина эл аралык кагышуу чекиттеринин бирине айланып калды. Украинанын чыгыш бөлүгүндө насронийликтин православ агымын кармануучу орус улутундагы жарандар жашашы, батыш жагында болсо көпчүлүк Украин калкы жашашы буга кеңири жол ачып берет. А бирок, бул нерсе Россия каалаган убакта ар түрдүү шылтоолор менен Украинага согуш ачышы мүмкүн экендигин түшүндүрбөйт. Т.а. Россиянын Украинага чабуул кылышы оңой иш эмес.
2014-жылы Сирия кризисинен пайдаланган Россия Украинага басым өткөрүп, Крым жарым аралын аннексия кылды. Ошол кезде Сирияда Башар Асад режимин сактап калуу үчүн Россияга муктаждык пайда болгон эле. Ошондуктан Америка менен Европа Крымдын аннексия кылынышына көз жумуп койду. Ошондон бери Россия Крымдагы бийлигин бекемдөө жана ал жерди колдон чыгарбоо үчүн ар түрдүү кадамдарды таштап келет. Орус улутундагы жарандар жашаган Донецк аймагы Украинадан бөлүнүп өз алдынча болушуна жардам берүү жана жогорудагы сыяктуу Украинага чектеш аймактарга аскерлерин жайгаштыруу ушулар түркүмүнөн.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here