Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты

69
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).
Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (10-бөлүк).

Келгиле, эми даъват жүгүн көтөрүүчүлөр катары биз карманган тарыйкаттын тууралыгына жүрөктөрүбүз кадыржам болушу үчүн тафаъул баскычында, анын катарында, нусрат талап кылууда Расулуллах с.а.в. жана сахабалар ишке ашырган айрым амалдарга бир токтолуп өтөлү. Арабдардын көпчүлүгү Исламга кирген соң жана Араб жарым аралы, Шам өлкөлөрү, Ирак жана Хабашистандагы кишилер да Ислам дини жөнүндө угушкан соң, бул абал Курайшка абдан жаман таасир кылды. Анын жетекчилик тизгинин колдон чыгаруу коркунучу дагы да күчөдү. Натыйжада, ал даъватка каршы күрөшүү аракетин эки эсе көбөйтүп, Расулуллах с.а.в. жана сахабаларга көрсөтүп жаткан азарларын дагы да күчөттү. Жада калса, айрым мусулмандар өз өлкөсүн таштап Хабашистанга хижрат кылууга мажбур болушту. Ошондо да Курайш алардын артынан Амр ибн Асс жана Абдуллах ибн Робийъани Хабашистан падышасы Нажашийге элчи кылып жиберди. Мухажир мусулмандарга каршы тескери үгүт жүргүзүп, аларды ал жерден да кууп чыгарышмакчы болушту. Бирок, жөнөтүлгөн эки элчи муну ишке ашыра алышпады.
Бирок, Расулуллах с.а.в. даъватты айланадагы урууларга жеткирүүдө болгон күчүн жумшап, сабат жана матанат менен турууну улантты. Курайш чектен чыгып, сабыр кесесин толтурган соң, Расулуллах с.а.в. абасы Абу Талиб жана аялы Хадижа энебиз көз жумгандан кийин Таифке барды. Таифтин Сакиф уруусун Исламга чакырды жана алардан нусрат талап кылды. Бирок, Сакиф башчылары Расулуллах с.а.в. ды абдан жаман көрүнүштө кайтарышты. Коомдун эң акмак жаштарын Расулуллах с.а.в.га тукурушту. Бул акмактар Расулуллах с.а.в. ды акаарат кылышып, аны ташбараң кылышты. Жада калса, мубарак буттары кып-кызыл канга бөлөндү. Натыйжада, Роббисине мындай дуба менен кайрылды:
اللهم إليك أشكو ضعف قوتي ، وقلة حيلتي ، وهواني على الناس ، يا أرحم الراحمين ، أنت رب المستضعفين ، وأنت ربي ، إلى من تكلني ، إلى بعيد يتجهمني ، أم إلى عدو ملكته أمري ، إن لم يكن بك علي غضب فلا أبالي ، ولكن عافيتك هي أوسع لي ، أعوذ بنور وجهك الذي أشرقت له الظلمات ، وصلح عليه أمر الدنيا والآخرة ، من أن تنزل بي غضبك ، أو يحل علي سخطك ، لك العتبى حتى ترضى ، ولا حول ولا قوة إلا بك
«Я Аллахым! Кубатымдын алсыздыгынан, бечаралыгымдан жана адамдарга кор болгонумдан Сага арызданып жатамын.
Эй ырайымдуулардын ырайымдуусу! Сен мустазъафиндер (алсыз саналгандардын) Роббисисиң. Сен менин Роббимсиң. Мени кимдерге таштап койдуң. Кайгы-капага батыра турган алыстарга мени таштадыңбы? Же менин ишимди душманыма тапшырып койдуңбу? Эгер, мага каарданбасаң, мен бул азаптарга маани бербейм. Бирок, аафиятың мен үчүн жеңилирээк. Караңгылыкты жарган, анын негизинде дүйнө жана акырет иштери оңдолгон жүзүңдүн нуру менен, мага каарың түшүшүнөн, мага каарданышыңдан баанек тилеймин. Жаным сага курман болсун. Сенин ыраазылыгың мен үчүн жетиштүү. Күч жана кубат Сенде гана. Ла хавла ва ла куввата илла бика». Ибн Исхак риваяты.
Ушул дубада Расулуллах с.а.в. Роббисине, даъватты жеткирүүдө жолунда кабылып жаткан азарларды көтөрүүгө жардам берүүнү сурап жалбарды. Бул машакат жана азар жолдогу жападан-жалгыз жубатуучу нерсе: “Эгер, менден каарданбаган болсоң, мен бул азарларга маани бербейм” – деген үмүтү болчу. Ошондон кийин Расулуллах с.а.в. Меккенин кафир жетекчилеринин бири Мутъам ибн Адийдин коргоосунда Меккеге кирди. Бирок, Таифте дуушар болгон абал аны даъватты жеткирүүдөн токтотуп коё албады. Мекке айланасындагы урууларды, базарларда кишилерди жана ажылык мавсумунда зыяратчыларды Исламга даъват кылууну улантты. Алардан өзүн тастыктоону т.а. ал пайгамбар экенин тастыктоону, ага ыйман келтирүүнү, Аллахтын рисалатын жеткирүү үчүн нусрат берүүнү талап кылууну токтотподу. Чынында, ошол уруулар Расулуллах с.а.в. алардан талап кылып жаткан нусраттын маанисин абдан жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан, Бани Амир ибн Асстан бир киши Расулуллах с.а.в. дан:
أرأيت إن نحن بايعناك على أمرك ، ثم أظهرك الله على من خالفك ، أيكون لنا الأمر من بعدك ؟ قال : الأمر إلى الله يضعه حيث يشاء ، قال : فقال له : أفتهدف نحورنا للعرب دونك ، فإذا أظهرك الله كان الأمر لغيرنا لا حاجة لنا بأمرك
“Айтыңчы, эгер биз сиздин ишиңиз үстүндө сизге байъат берсек, кийин Аллах сизге каршылаштарыңыз үстүнөн жеңиш берсе, сизден кийин иш (амирлик, акимдик) бизге берилеби?” – деп сурады. Ошондо Расулуллах с.а.в. ага: “Амирлик Аллахка таандык, аны каалаган жайына коёт”, – деп жооп берди. Бул жоопту уккан соң, баягы киши: Биз сиз үчүн арабдарга башыбызды сайып беребизби? Эгер, Аллах сизди үстөм кылса, бирок амирлик башкаларга таандык болсо, анда сиздин ишиңиздин бизге кереги жок – деди.” Ибн Исхак риваяты.
Сийрат китептеринде риваят кылынышынча, Расулуллах с.а.в. Фазара, Гассан, Ханифа, Мурра, Канда, Сулайм, Абас сыяктуу бир канча урууларга өзүн сунуштаган. Аллах Таала Ясрибден (Мединадан) бир нече кишилерди даярдаганга чейин бул уруулардын эч бири Расулуллах с.а.в. га оң жооп беришпеген. Ясрибдиктер Расулуллах с.а.в. га ыйман келтиришти. Аны тастыкташты. Андан соң бир жылдан кийин Расулуллах с.а.в. га келишти. Алар алгач 12 киши болушкан. Жогоруда айтканыбыздай, Расулуллах с.а.в. аларга Куръан үйрөтүп, Исламдан таълим бериши үчүн алар менен бирге Мусъаб ибн Умайрды жөнөттү. Кийинки жылы т.а. пайгамбарлыктын 12-жылы алар 75 киши болуп келишти. Болуп өткөн талкуулардан кийин Расулуллах с.а.в. алар менен күрөш жана согуш байъаты болгон экинчи акаба байъатына байъатташты. Бул байъатта төмөнкү сөздөр айтылган:
فقلنا يا رسول الله علام نبايعك؟ قال تابعوني على السمع والطاعة في المنشط والمكره وعلى النفقة في العسر و اليسر و على الامر بالمعروف والنهي عن المنكر و على ان تقولوا في الله لا تأخذكم لومة لائم و على ان تنصروني اذا قدمت اليكم وتمنعوني مما تمنعون منه انفسكم وازاجكم و أبنائكم و لكم الجنة فقمنا بايعناه. رواه الاحمد واليهقي
“Биз “Я Расулуллах, сизге эмненин негизинде байъат беребиз” дедик. Расулуллах с.а.в.: “Мага кубанычта да, кайгыда да кулак салып, итаат кылууга, кыйынчылыкта да, жеңил учурда да нафака кылууга, жаманатты кылуучулардын жаманаттысынан коркпостон Аллахтын жолунда акыйкатты айтууга, эгер силерге келсем мага жардам беришиңерге, мени өзүңөрдү, аялдарыңарды жана териңерди коргогон нерседен коргошуңарга жана мунун акысына силерге жаннат эшиктери ачылышына байъат бересиңер”, – деди. Ошондо биз Расулуллах с.а.в. менен байъатташканы турдук”. Ахмад жана Байхакий риваяты. “Ибн Хишам сийратында” келет; “Расулуллах с.а.в.га согуш байъатын бердик,… кулак салуу жана итаат кылууга,… ишти өз ээлеринен талашпоого байъат бердик”. Мына мунусу да алардын ошол байъаттагы сөздөрү; “Албетте биз малыбызга мусибат жетиши жана улууларыбыз өлтүрүлүшү үстүндө Расулуллах с.а.в. ды өзүбүзгө (коргообузга) алабыз”. Мына бул согуш байъаты ушуну түшүндүрөт, бул аркылуу Авс жана Хазраждан болгон ансорийлер, эгер Расулуллах с.а.в. Мединага келсе, мамлекет курушу үчүн ага чындап эле нусрат берип болушкан эле. Асхабдарынан кийин Расулуллах с.а.в.дын өзү да Мединага хижрат кылды. Мединадагы мусулмандар өз өлкөсүндө Аллахтын өкүмүн тикелөө жолунда Расулуллах с.а.в. га каршы турушу мүмкүн болгон ар кандай тоскоолдуктарды жоготууга даяр турушкан. Бирок, ал жердеги яхудий жана мушриктерден болгон даъватка каршы чыгуучу тараптардын – Мединада Ислам мамлекети курулушуна – каршылык көрсөтүүгө күчү жетпеди. Алар чачыранды жана алсыз, ал эми мусулмандар күчтүү жана кудуреттүү болгону үчүн көз алдында Ислам мамлекети тикеленишине жөн гана карап турушту. Ошондуктан, каршы тарап нусрат ээлери, согуш байъатын берген байъатчылар мамлекет курулуп жаткан убакта маддий күч колдонуудан өздөрүн тыйышты. Бирок, ал жердеги яхудий жана мушриктер мамлекет тикеленгенден кийин ар түрдүү айла-амалдар аркылуу мушрик арабдарды бул мамлекетке каршы колдоп-кубаттоо менен тил бириктирүүлөрдү жана фитналарды уюштуруудан тыйылышпады.
Демек, нусрат талап кылуу Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты өкүмдөрүнүн бири болуп эсептелет. Нусрат талап кылуу – бул даъватчылар Үммөттөн же Үммөт арасындагы күчтүү топтон талап кылышы важиб болгон фарз. Расулуллах с.а.в. ар түрдүү азап-кыйынчылыктарга карабастан нусрат талап кылууда туруктуу тургандыгы нусрат талап кылуу фарз экендигине карина болот. Чындыгында, Расулуллах с.а.в. нусрат талап кылууну пайгамбарлыктын 8-жылы баштаган жана арадан 4 жыл өтүп, 12-жылы нусрат келгенге чейин, Таифте жолуккан азарларга жана айрым уруулардын тоскоолдуктарына карабастан бул жолду уланткан.
Мамлекет куруу үчүн нусрат берүү Үммөткө да, Үммөт арасындагы күчтүү топко да фарз. Мунун далили “Важиб эмне менен ишке ашса, ал да важиб” деген шаръий коида. Себеби, Ислам мамлекетин куруу важиб. бул важиб мамлекет курууга каршылык көрсөтүп жаткан маддий тоскоолдуктарды сындыруу үчүн Үммөттүн же Үммөт ичиндеги күчтүү топтун күч-кубаты менен гана ишке ашат. Ансорийлердин экинчи акаба байъатындагы төмөнкү сөздөрү да нусрат берүү фарз экендигине далил болот;
إنا نأخذه على مصيبة الأموال و قتل الاشراف
“Албетте, биз малыбызга мусибат жетиши жана улууларыбыз өлтүрүлүшү үстүндө Расулуллах с.а.в.ды өзүбүзгө (коргоого) алабыз”. Алардын бул сөзү Аллахтын амрин баян кылып бериши үчүн жана ошону менен бирге Аллахтын өкүмү менен өкүм жүргүзүшү үчүн Расулуллах с.а.в. га нусрат берүү важиб экендигине карина болуп эсептелет.
Демек, тафаъул жана андагы амалдар даъват басып өтө турган баскычтардын эң маанилүүлөрүнөн. Анткени, Үммөт менен иш алып баруу – анын жетекчилигин, кийин салтанатты колго алууга алып барат. Ошондуктан, бул баскычтагы ийгилик – даъваттын жеңиши о.э. кийинки баскычтын т.а. хукм-башкарууну колго алып, Исламий жашоону кайрадан баштоонун ийгилигинин кепилдиги болуп эсептелет. Хукм-башкарууну колго алууга, тафаъул баскычында анык ийгиликке жетишилгенине ишеним пайда болгондон кийин гана өтүлөт. Антпесе, хизб Үммөттү мабдаъ өкүмдөрү жана пикирлери менен эмес, балким мамлекеттин узакка созулуусуна, мамлекет туш боло турган кыйынчылыктар каршысында бекем тура албай турган убактылуу туйгулар менен башкарган болот. Ошондуктан, тафаъулду ушунчалык жетик даражада өтөө керек, хизб даъват кылып жаткан мабдаъ Үммөттүн мабдаъсына айланышы керек. Хизбдин Үммөттү башкаруусу туйгуларды козгоо негизинде, аскерий же шахсий эмес, пикирий башкаруу болушу керек. Бул болсо, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Үммөттүн жана хизбдин мабдаъсы болгон Ислам мабдаъсынын пикирлерине негизделген умумий аң-сезимден келип чыккан раъйи ъамманы жүзөгө келтирүүнү талап кылат. Ошондо жалпы калк мабдаъ жолунда көптөгөн жылдар бою күрөшүүгө даяр болот. Мабдаъга каршы болушкан болсо, каршылыктарын ашкере жарыялоого батына албай калышат. Анткени, эгер алар андай кылышса, жалпы калктан кеминде нааразылык угушат. Демек, тафаъул баскычындагы негизги маселе – Ислам пикирлерине жана өкүмдөрүнө, пайдалуу же зыяндуу деген этибар менен эмес, Үммөт ыйман келтирген исламий акыйдадан келип чыккан ишеним деген этибар менен кароодо.
Хизб кандайдыр бир мамлекет курууну каалабайт. Ал Халифалык мамлекетин курууну, Үммөттү ойготууну, исламий коомду тикелөөнү жана Ислам рисалатын бүткүл адамзатка жеткирүүнү көздөйт.
Албетте тафаъул баскычындагы ийгилик хукм-башкарууну Үммөт аркылуу, табигый жол менен колго алууга алып барат. Анткени, салтанат ээси Үммөт. Үммөт өз акыйдасына ыйман келтирген жана түзүмүнүн тууралыгына канааттанган мабдаъ менен өкүм жүргүзүшү үчүн салтанатты өзү каалаган кишиге берет.
Тафаъул баскычында ийгиликке жетишүү үчүн төмөнкү иштерди аткаруу керек:
1. Хизб жисмин сактап калуу үчүн адамдардын ар бирине фикрат жана тарыйкатты муракказ сакафат таризинде берүүдөгү туруктуулук. Мына ушул сакафаттагы ар кандай кемчилик хизбдин күчсүздөнүшүнө алып келет. Себеби, хизб өз мүчөлөрүндө калыптанган мабдаъ негизине курулат. Мабдаъны калыптандыруу тарыйкаты болсо, мына ушул мүчөлөргө мабдаъ пикирлерин терең аңдап жеткен аң-сезимдүү мумтаз мушрифтер тарабынан муракказ көрүнүштө берүү.
2. Чалгытылган ката пикирлерди жоюу үчүн пикирий күрөш аркылуу жана ошол ката пикирлердин ордун баса турган туура пикирлерди баяндап берүү аркылуу жамаий сакафатта жана Үммөт кызыкчылыктарын табанний кылууда туруктуу болуу. Бул үчүн мечиттерде, коомдук жайларда ачык диалог, жандуу талкуу жана лекциялар сыяктуу ыңгайлуу услуб жана каражаттарды ишке салуу лазым болот.
3. Үммөткө каршы түзүлүп жаткан пландарды жана Үммөткө каршы арамза ниеттерди ачыкка чыгарууда, жана өздөрүнө да, колдонуп жатышкан түзүмдөрүнө да болгон ишенимди сындыруу үчүн акимдерди мухасаба кылууда көрүнгөн саясий күрөш аркылуу куфр пландарын ачыктоодо туруктуу болуу.
4. Даъватчылар арасынан Үммөт үчүн амалда жетекчи болгон, аң-сезимдүү жана кайраттуу жетекчилерди көрсөтүү. Үммөт, алардын өзүнө да, Үммөттү ойгонуу жолуна алып чыгууга кудуреттүү экендигине да ишенет. Анткени, адамдар өз жетекчилигин жахил же коркок кишиге бербейт. Алар өздөрүнүн арасында жашап жаткан жигиттерге ишенишет. Алардын аң-сезимдүү жана кайраттуу экенин сезишет.
5. Хизбди Үммөт жетекчиси катары көрсөтө турган амалдарды аткаруу. Маселен, адамдарды чогултуу жана аларды өз акыларын талап кылууга жетектөө, же белгилүү бир жамаий иштерди ишке ашыруу. Риваят кылынышынча, Расулуллах с.а.в. Мусъаб ибн Умайрга ал Мединада жүргөндө кат жиберди. Катта;
أما بعد فانظر اليوم الذى تجْهَر فيه اليهود بالزَّبور لسَبْتِهِم، فاجمعوا نساءكم وأبناءكم، فإذا مال النهار عن شطره عند الزوال من يوم الجمعة فتقرَّبوا إلى الله بركعتين
“Амма баъд. Яхудийлер ишемби күнкү ибадаттары үчүн Забурду ачык зикир кыла турган күнгө кара. Демек, силер да аялдарыңарды жана балдарыңарды жамдагыла. Жума күнү күн төбөдөн оогондо эки рекет намаз менен Аллахка жакындык кылгыла”, – деп жазылган эле. Ошондо Асъад ибн Зурора адамдарды чогулта баштады жана аларга Мусъаб ибн Умайр имам болуп, эки рекет намаз окушту.
6. Хукм-башкарууну колго алууда жана Халифалык мамлекетин куруу жолунда жолтоо болуп жаткан маддий тоскоолдуктарды кыйратуу үчүн күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылууда туруктуу болуу.
7. Даъват мажалдарын аң-сезимдүү түрдө тыкыр күзөтүү жана Халифалык мамлекетин тикелөөдө иртикааз чекити болушу үчүн ар кандай ылайыктуу континенттеги ыңгайлуу учурлардан пайдалануу. (уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here