Бийлик-оппозиция жүрүштөрү: “Июнь окуялары”, “Дача-СУ” кырсыгы, “Аврора” пансионаты

56
0

Бийлик-оппозиция жүрүштөрү: “Июнь окуялары”, “Дача-СУ” кырсыгы, “Аврора” пансионаты

Президенттик аппарат “Дача-СУ” кырсыгы, “Аврора” пансионатындагы мүлктөр жана “Июнь окуялары” боюнча кылмыш иштери иликтенип бүтүп калганын маалымдады. Айрымдары боюнча шектүүлөр да кармалган.
“Бүгүнкү күндө “Аврора” пансионатынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү улутташтыруудагы коррупция фактысы боюнча, негизинен “Аврора+” пансионатында коттедждерди жана жер тилкелерин улутташтырылган мүлктөр тизмесинен чыгаруу жана үчүнчү тарапка сатуу боюнча эки фигурант кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. “Дача-СУ” иши боюнча тергөө аяктоо алдында, жакын арада анын жыйынтыктары коомчулукка ачыкталат. Июнь окуялары боюнча тергөө улантылууда жана анын жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болот”,- деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
2010-жылдын июнь айындагы окуяга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайрадан тергеле баштаганын быйыл апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарыялаган. Жогорудагы үч кылмыш иш сотко өтсө, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, тагыраагы, учурдагы оппозициядагылардын бир тобу жоопко тартылышы мүмкүн.
Белгилүү болгондой, парламенттик шайлоонун алдында «бийликти кулатууга аракет кылган» деген негизде 15 адам камакка алынган. Алар негизинен камактагы экс-президент Атамбаевдин тарапташтары экени белгилүү болду. Шайлоо өткөндөн кийин Ата-Мекен партиясынын лидери Текебаев баштаган саясатчылар БШК сервериндеги мүчүлүштүк себептүү шайлоого доо кеткенин негиз кылып, кайрадан шайлоо өткөрүү талабы менен чыгышты. Анын артынан болсо борбордогу мейманкалардын биринде топтошкон адамдар тарабынан Текебаевге кол салуу болуп, саясатчы муну шайлоодогу позициясына байланыштырды. Аталган окуядан кийин бир катар батышчыл кадрлар, анын ичинде Отунбаева, Исаков, Кулов, Суваналиев баштаган саясатчылар бийликти сындап чыкты. Мына ушул окуялардан кийин Жапаровдун админстрациясы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн эскертип коймокчу болууда. Ал эми бийликтин бул аракетин убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков өтө кооптуу маселе катары баалады. Анын айтымында, мунун артында эл аралык деңгээлде чыгып кете турган орчундуу маселелер бар.
Ал эми 2017-жылы “Манас” аба майданынын жанындагы “Дача-СУ” конушуна кулап түшкөн “Боинг-747” учагындагы жүктөр ошол учурдагы “президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жакындарына тиешеси болушу мүмкүн” деген сөздөр айтылган. Бул иш аягына чыкса, ал боюнча Атамбаевге же анын жанында жүргөндөргө айып коюлуу ыктымалдыгы бар. Белгилүү болгондой, учурда бийликке негизги коркунуч дал ушул Атамбаевдин колдоочулары тараптан болууда. Мындан улам, экс президенттин ишин Жогорку сот шашылыш карап, 11 жылга эркинен ажыраткан мурунку соттун чечимин күчүндө калтырган.
Чындыгында, 2010-жылы июнь айында дини, базары жана мазары бир болгон эки элдин ортосунда кайгылуу окуя жүз берген эле. А бирок, бул окуя табигый келип чыккан эмес. Ошол кездеги Убактылуу өкмөт бийлигин сактап калуу о.э. мамлекет түндүк-түштүккө бөлүнүп кетишинин алдын алуу үчүн ушул окуяларды жасалма түрдө пайда кылган. Бул кандуу окуяларды негизинен кыргыз өкмөтү о.э. күч түзүмдөрүндө таасирге ээ болгон орус өкмөтү менен атайын кызматтары уюштурган. Ошол кезде да кандуу окуялардан кийинки тергөө иштери адилетсиз жүргүзүлүп, Убактылуу өкмөт мындан өз бийлигин бекемдеп алууда пайдаланган.
Кийинчерээк, Атамбаев доорунда июнь окуяларын кайрадан тергөө маселеси козголуп, Атамбаев да 2016-жылы Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишин иликтөөнү тапшырган. Буга Атамбаевдин конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү сунушуна Убактылуу өкмөт мүчөлөрү каршы чыккандыгы себеп болгон. Ошол кезде убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевге ачык эле каршы чыгышып, конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режим орнотууну токтотууга чакырышкан. Бирок, Атамбаевдин июнь окуяларын кайрадан тергөө аркылуу коркутуусу жемишин берип, алар конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ашыкча каршылык көрсөтүшпөдү. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумдан кийин июнь окуясын иликтөө кайрадан унутулуп “жабылуу аяк жабылуу бойдон калды”…
Былтыркы октябрь айындагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Садыр Жапаров Россияны ыраазы кылуу ниетинде конституцияга дагы бир жолу өзгөртүү киргизип, башкаруу системасын парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өткөрдү. Себеби, Россия кол алдындагы мамлекетте президенттик башкаруу болушуна кызыкдар. Ошондуктан да Жапаров Россиянын колдоосуна таянып, өлкөдөгү батышчыл күчтөрдүн, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн олуттуу каршылыгына карабастан конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрдү. Мыйзам боюнча, 11-апрелде өткөрүлгөн референдумдун расмий жыйынтыгы 35 күндүн ичинде жарыяланышы керек. Жапаров референдумдун алдында, башкача айтканда 5-апрель күнү УКМКга июнь окуяларын кайрадан тергөө тапшырмасын берип, бул аркылуу Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн “эскерткен” болчу. Ошол тапшырманын натыйжасында референдум тынч өтүп, Жапаров көздөгөнүнө жетти. Учурда да бул натыйжалуу тактиканы улантып жатат. Эгер оппозиция каршылыгын токтотсо 2016-жылдагы сыяктуу эле бул иш “унутулат” же үстүртөн каралып жабылып кетет. Себеби, эгер иш калыстык менен текшериле турган болсо, бул иште Россиянын изи чыгып калат. Буга бийлик да кызыктар эмес. “Кыӊыр иш кырк жылда билинет” дегендей, бул жийиркеничтүү иштердин бардыгы албетте бир күнү ачыкталат. Бирок, биздин малай акимдер элге ушунча зыян жана кырсыктар жетип турган кезде, орустун ыпыластыгын айта алышкан жок. Бул нерсе Кыргызстан жарандарынан кызыкчылыктарын коргоо үчүн эмес, Кыргызстандагы бир ууч саясатчынын кызыкчылыгы үчүн болду.
Проблеманын негизи мына ушунда. Т.а. биз бийликти ишенип тапшырган жетекчи саясатчыларыбыз ачкөз жана саясий популист экендигинде. Бул бактысыз жасалма саясатчылар креслолорун ушунчалык жакшы көрүшкөндүктөн, кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн өзүнүн ага-инилери жана эже-карындаштары болгон мусулман саясатчыларды катуу кыйнап келишет. Ошондо да, колонизатор кафир жетекчилери аларга ар дайым эле ыраазы боло беришпейт. Кожоюндары кырдаалга карай аларды алмаштырып турушат.
Жыйынтыктап айтканда, 2005, 2010, 2020-жылдагы төңкөрүштөр бийликтин алмашуусунан башка эч бир натыйжага алып барбады. Мында Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу, Батыш айрым кадрларын бийликке аралаштыруу жана сакофий таасирин арттыруу менен ийгиликке жетти. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбоду. Тескерисинче, Акаевдин учурунда мусулмандарга карата болуп келген куугунтук бүгүн да уланууда. Абактар Аллахтын динин аалий кылууга аракет кылган даъватчылар менен толтурулуп жатат. Демек, биз мусулмандар эртең да ушул сыяктуу жасалма “революцияларга” алданып калбашыбыз керек. Тескерисинче, мусулмандардын акы укугун өзүнүн милдети катары билген, Аллахтын динин аалий кылуу үчүн бардык тосуктарды алып салуу максатында күрөш алып бара турган мамлекетти алып келүүгө, тагыраагы үммөттү чыныгы ойгонууга алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here