Батыштын маскаралоо искусство анын жалган жана ыплас маданиятын ачыктоодо

90
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Батыштын маскаралоо искусство анын жалган жана ыплас маданиятын ачыктоодо

Массалык маалымат каражаттары Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺды акаараттагандардын эң жаманы Ларс Вилкстин эки жансакчы-полиция кызматкери менен автокырсыкта өлгөнү жөнүндө кабар таратканы баарына белгилүү. Мунун артынан бир нече швед саясатчылары жана партия жетекчилери Ларс Вилкске урмат билдиришти о.э. Ислам жана анын белгилерин маскаралоону улантууга чакыргандар пайда болду.

Бул туурасында, Хизб-ут-Тахрирдин Швециядагы маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Ахлакты да, урматты да билбеген мындай адамдар маскаралоону искусство деп эсептешет. Мунун сөз эркиндигине тиешеси жок, муну акаараттоо эркиндиги десе болот…».

«Батыш – мусулмандар сүйүктүү Пайгамбары ﷺ акааратталышына көнүшү керек, себеби, сөз эркиндигинин негизги табияты мына ушул деп эсептейт. Бирок, сөз эркиндиги мусулмандарды бастыруу, аларды маскаралоо о.э. исламий белгилерди жана ыйык нерселерди акаараттоодо колдоно турган саясий каражаттан башка нерсе эмес. Ал эркиндик эмес, маскаралоонун эң ыплас түрү, мындан башка нерсе эмес…».

Билдирүүнүн аягында мындай делет: «Саясатчылар Исламды бутага алуу максатында өздөрүнүн жеке баалуулуктарын тебелеп, муну менен бүткүл Батыш алсырап калгандыгын жана дээрлик кулоо алдында тургандыгын ачыктап коюшту. Мындан Батыш баалуулуктары жалган экендиги, андан кызыкчылык талап кылган убакта гана пайдалануу мүмкүн экендиги ачыкталууда. Учурда бүткүл дүйнө альтернативага муктаж. Т.а. калктарга урмат-этибар бере турган о.э. аларды мекенге бөлүнүүгө же өз баалуулуктарынан баш тартууга үндөбөстөн, фитна кылбастан өмүрлөрүн коопсуздук менен камсыздай турган түзүмгө муктаж. Дүйнө буга Исламий Халифалык менен гана жетишиши мүмкүн.

 

Роя гезити, №361, 2021-жыл, 20-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here