Жапаров Глазгодо инвесторлорду Кыргызстанда ГЭСтерди курууга чакырды

86
0

Жапаров Глазгодо инвесторлорду Кыргызстанда ГЭСтерди курууга чакырды

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити өтүп жатат. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Улуу Британияга келди. Саммиттин жүрүшүндө президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, чет элдик инвесторлорду Кыргызстанда чакан жана ири ГЭСтерди курууга чакырды.

«Мен өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлорун гидроэнергетикалык тармакта, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу кызматташууга чакырам. Бардык кызыкдар тараптарды, биринчи кезекте эл аралык көп тараптуу банктарды, климаттык фонддорду жана корпорацияларды биз менен олуттуу диалогго чакырам», – деди Жапаров.

Президент Глазго сапарынын алкагында Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүп жаткан айрым донор уюмдардын жетекчилери менен да жолугушту. Анда тараптар ортодогу кызматташтык алкагында ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу сүйлөштү.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо “жашыл” экономика чөйрөсүндөгү, гидроэнергетикадагы жана башка энергетика долбоорлорун активдүү колдоого даяр экенин билдирди. Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масацугу Асакава менен да жолугуп, климаттык каржылоо портфелин 150 млн. долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады. Өлкө башчы мындан тышкары, бир катар өлкө жетекчилери менен кезигип, өлкөдө 200гө жакын кичи жана 30 ири ГЭС курууга болорун, республика суу энергетикалык потенциалынын 15%ын гана колдонуп жатканын  билдирди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан энергетикалык кризисти башынан кечирип жатат. Жапаров баш болгон аткаминерлер мындай абалды өлкөдөгү тарифтин арзандыгына байланыштырууда. Алар муну менен чет элдик инвесторлорду өлкөнүн энергетика тармагына тартууну, баа саясатын кайрадан түзүп чыгууну максат кылышууда. Негизи, капиталисттик системанын табиятына ылайык, мамлекеттик мүлктөр жеке менчик тараптарга өткөрүлүп берилиши керек. Ошондуктан, президент Жапаров бийликке келгенден кийин мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү багытында мыйзамдарды кабыл алды. Ал эми жеке секторлор бул тармакта иш алып баруу үчүн тарифтин кымбат болушун каалашат. Ошондуктан, эл аралык каржы уюмдар энергетика тармагына кредит жана гранттарды бөлүүгө кызыктар. Буга кошумча аталган уюмдар электр энергиясынын кымбатташы өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркы кымбат болушун жакшы билишет. Бул болсо өз кезегинде жергиликтүү компаниялардын чет элдик капиталисттерден агылып келип жаткан товарларга атаандаша албай банкрот болуусун шарттайт.

Мына ушул максатта Дүйнөлүк банк баштаган каржы уюмдар
1992-жылдан ушул кезге чейин энерго-тармакка 2 млрд долларга жакын кредит жана гранттарды беришкен. Алардын сунушу менен алгач 1997-жылы “Кыргызэнерго” ишканасы үчкө бөлүндү. Мунун арты менен энергетика тармагында жеке компаниялар аралашып, тарифтер кымбаттай баштаган. Жеке компаниялардын табигый жана техникалык жоготуулары аз өлчөмдө болуп, мамлекеттик ишканалардын чыгашасы ашыра көрсөтүлдү. Мында аткаминерлер коррупциялык жол менен калктын капчыгын калактап алышат. Натыйжасында болсо мамлекеттик ишканалар жөндөмсүз көрсөтүлдү. Кийинчерек, энергетика тармагы дагы да майдаланып бөлүштүрүүчү, жеткирүүчү компаниялар козу карындай көбөйдү. Булардын баары жогорудагы эл аралык уюмдардын талап жана сунуштары натыйжасында «реформа» беткабы аркылуу ишке ашырылды.

Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүп келет. Натыйжада карапайым калк ичкеридеги жергиликтүү капиталисттер менен бирге капиталисттик уюмдардын зулумдугун чегишүүдө.

Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш. Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет. Демек, биз энергетика тармагын «реформалоо» жараяндарын кылдат күзөтүп, калкка пайдалуу жагын алып, кыянаттыктарды ашкере кылууга, өлкөнү капитализм зулматынан алып чыгып, Ислам нуруна жеткирүүгө аракет кылышыбыз шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here