Сергей Лавров: Афганистанга кошуна мамлекеттерде абал туруксуздашып кетишине жол берилбеши керек

271
0

Сергей Лавров: Афганистанга кошуна мамлекеттерде абал туруксуздашып кетишине жол берилбеши керек

 Кабар: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Россия 24” телеканалына берген интервьюсунда Афганистан менен чектеш мамлекеттерде саясий кырдаал туруксуздашып кетишине жол берилбеши керектигин айтты.

Анын айтымында, Россия үчүн Борбор Азия мамлекеттериндеги тынчтык өзгөчө мааниге ээ.

 Ал: “Ири алдыда кошуна өлкөлөрдөгү абалдын туруксуздашып кетишине — Афганистандан террордук жана баңги коопсуздугунун “агып келишине” жол бербеш керек. Бул коркунучтарды Афганистандын өзүнүн ичинде басып жок кылуу зарыл. Себеби борбор азиялык союздаштар менен биздин эч кандай чек арабыз жок, дээрлик бардыгы менен визасыз режим түзүлгөн”, – деди.

 Комментарий: Август айында Талибан кыймылы Афганистанда бийликке келгенден кийин орус жооптуулары Афганистан “коркунучун” мүмкүн болушунча көбүртүп көрсөтүүгө жана ушул аркылуу региондогу орустун таасирин ого бетер күчөтүүгө аракет кылып келишет.

 Алгач, август айынын аягында Россия Федерациялык кеңешиндеги мамлекеттин суверенитетин коргоо комиссиясынын төрагасы Андрей Климов Афганистандагы окуялар себептүү Россиянын чек араларына жакын аймактардагы кырдаал коопсуздук тармагындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылышы мүмкүн экендигин билдирип: “Биз анык билебиз, экстремисттер качкын көрүнүшүндө КМШ, ЖККУ аймактарына кирип барууну көздөп жатышат”, – деген эле.

Россия президенти Владимир Путин 15-октябрда болуп өткөн КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери  менен жолугушуу учурунда, “Ирактан, Сириядан ал жерге согуштук тажрыйбага ээ болгон согушкерлер чогулуп жатат. Ошол себептен террорчулар чектеш мамлекеттердеги, анын ичинде, КМШ мамлекеттериндеги кырдаалды да изден чыгарууга, түздөн-түз жайылууга аракет кыла башташы мүмкүн” деген. О.э. Афганистан чек арасындагы кырдаалды тынымсыз күзөтүү жана согушкерлерге каршылык көрсөтүүгө даяр туруу маанилүү экендигин айтып, ал үчүн күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо жана зарыл болгон учурда биргелешкен операцияларды өткөрүү керектигин баса белгилеген.

 Ошондо Путин Борбор Азия, Кавказ жана башка региондор үчүн пайда болуп жаткан коркунучтар сентябрдагы ЖККУ жана ШКУ саммиттеринде кеңири талкууланганын айтып, бул тема алдыдагы КМШ саммитинде да талкууланышын билдирген.

 Мындан тышкары, региондогу мамлекеттер ЖККУнун алкагында Россия менен биргеликте аскерий машыгууларды өткөрүүгө мажбурланууда. Россиянын “Афганистан коркунучун” мүмкүн болушунча көбүртүп көрсөтүүдөн – региондогу аскерий аралашуусун күчөтүүдөн тышкары – көздөгөн дагы бир максаты бар. Эгер Афганистанда тынчтык жана туруктуулук орной турган болсо регион үчүн пайдалуу болгон Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар темир жолу, ТАПИ жана башка долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Эгер аталган долбоорлор ишке ашса, Россия региондогу мамлекеттерге басым өткөрүү рычагдарынан айрылып, региондогу көзөмөлүн жоготот. Россия мунун алдын алуу үчүн сыноодон өткөн ыкма болуп эсептелген “терроризм коркунучун” шылтоолоп, региондогу мамлекеттерди чек араларын бекемдөөгө үндөп жатат. Учурда Россиянын региондо таасирин сактап калуу үчүн аскерий кубатка таянуудан башка чарасы калбады.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here