Режим адамдардан уурдаган мүлктөр кайда кетүүдө?!

104
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Режим адамдардан уурдаган мүлктөр кайда кетүүдө?!

(Рамаллах, «Шахид» веб-сайты, хижрий 1443-жылы 6-рабиулаввал, миладий 2021-жылы 13-октябрь). Ашкерелик жана Жоопкерчилик Конгресси «Аман» жарыялаган отчётко ылайык, Фалестин режими 2021-жылдын биринчи жарымында «коопсуздук секторун күчөтүү үчүн» болжол менен 1.67 миллиард шекель ((израиль) валютасы) сарптаган.

Отчётто айтылгандай, ушул жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул убагына чейин каражаттар көбөйгөн, бул каражаттар коопсуздук офицерлери үчүн алынган 184 унаага жана разведка кызматынын офицерлери үчүн алынган 85 унаага сарпталган болушу мүмкүн. Бирок, бул машиналарды сатып алууга негиздүү себептер көрсөтүлбөгөн.

Отчётто баса белгиленгендей, коопсуздук секторундагы мындай ысырапчылыктан айырмаланып, жакыр үй-бүлөлөргө жылына бир жолу эле каражат берилген. Негизи, тизмеде жылына төрт ирет каражат берилиши жазылган… Ошондуктан, жакыр үй-бүлөлөр бул акчалардан куру калышы мүмкүн.

«Аман» маалымдагандай, салыштырмалуу жогору болгон бажы жана салык кирешелери ички дүң продукциянын 25 пайызын түзүүдө. Бул болсо, мамлекеттин чыгашаларын жабууга көбүрөөк салым кошуп жаткан тарап Фалестин коому экенин түшүндүрөт. Өз кезегинде, бул, киреше жана керектөө көлөмүнө болгон оор финансылык жана салыктын жүгү коомдун желкесине түшүүдө дегени.

«Аман» жарыялаган отчётто айтылгандай, фалестиндик адам мамлекет бюджети үчүн эң маанилүү булак болуп, ал өкмөт саясатынын үстүнөн коомдук көзөмөлдү жана ачык-айкындуулукту күчөтүшү зарыл».

Роя:

Бул отчёттон көрүнүп тургандай, Фалестиндеги кылмышкер администрация себептүү өлкө калкынын башына түшүп жаткан мусибат-кыйынчылыктар өтө оор. Себеби, алардын каражаты бажы жана салык төлөмдөрү менен тартып алынууда, жөлөк пулдар болсо уурдалып, фалестиндик кылмышкер жемкор жетекчилердин жана коопсуздук кызматындагы адамдардын капчыгына түшүүдө. Негизи, Фалестин коопсуздук кызматынын негизги жана дээрлик жалгыз милдети яхудий вужуду менен режимдин жуундукорлорун коргоо жана коопсуздугун камсыздоо болсо, өз кезегинде, бул жуундукорлор да күнү-түнү мына ушул жийиркеничтүү вужудду коргоп жатышат.

Саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына жетиштүү каражат берилбегендиги о.э. режим айткандай, «финансылык ресурстардын жетишсиздиги» себептүү бул тармактар бүтүндөй бүлгүн болгонун бардык адамдар билип турганда мына ушул отчёт ортого чыгып, парданы көтөрүп, чоң кара тешикти көрсөтүп койду. Бул кара тешик мал-мүлктөрдү жутуп, Фалестин калкын сабатсыздык, оору, жаман абал жана оор турмуш таризи менен күрөшүп жашоого мажбурлап жатат.

Бул отчёт гуманитардык жактан бөлүнгөн каражаттар өтө аз экенин көрсөтүүдө. Ар үч айда жакыр жана муктаж үй-бүлөлөргө жеткирилиши айтылган бул каражат абдан аз болгондуктан, алардын негизги муктаждыктарын камсыздоого жетпейт. Бирок, режим аларга ушул арзыбаган күкүмдөрдү да жеткирип бербеди, төрт жолкусунун бирин гана берди. Т.а. таблица боюнча бир жылда төрт ирет берүүнүн ордуна, бир гана жолу берип койду.

Ооба, бул режимдин Фалестин калкына карата кылып жактан кылмыштарын эч бир сөз менен түшүндүрүп болбойт… Себеби, режим бир тараптан, алардын мүлкүн уурдап, бул каражатка яхудийлердин коопсуздугун коргоочу коопсуздук кызматына унааларды алып берип жаткан болсо, дагы бир тараптан, алардын жакырларына бөлүнгөн гуманитардык жардамдарды да уурдап, расмийлер жана аткаминерлердин капчыгын көбөйтүүчү долбоорлорго сапырышууда.

Фалестин режими – өлкө калкына балээ болгон уу дарак. Ошондуктан, Фалестин калкы бул режимди данек сыяктуу түкүрүп, аларга бул дүйнөдө күч-кубатка, Ахыретте бакытка жеткирүүчү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирдей аракет кылуулары зарыл.

 

Роя гезити, №361, 2021-жыл, 20-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here