Хизб жигити залимдер зулумунда калууда

711
0

Хизб жигити залимдер зулумунда калууда

«Сводка» (АКИpress) кабарлашынча, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кадамжай районунундагы ИИБнын тергөө изоляторунда болушкан. Анда 46 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Хизбут-Тахрир партиясынын мүчөсү залим бийлик желдеттери тарабынан айбандарча зулумга кабылганы аныкталган. Ал хизбий жигит катуу ооруп калганга чейин Кадамжай тергөө изоляторунда кармап турулган, кийин Ошко алып барышканда, Ош областтык ооруканасынан анын ракка чалдыкканы жана операция жасоо зарылдыгы тастыкталган. Ошондо аны Ош шаарындагы СИЗО-5ке өткөрмөкчү болушканда, аталган мекеме мыйзамга тескери түрдө, бул жигитти кабыл албай койгон. Эми болсо, дале Кадамжай камагында кармалып турат.

Эй мусулмандар, бул жигит эмне үчүн камакка алынды деп ойлойсуңар? Албетте, экстремизмде айыпталып кармалды дешиңер мүмкүн. Бирок, айткылачы, ал экстремисттик кылып кимиңерге эмне кылды? Же залим бийликтериңерди көр-сокурларча ээрчип эле “экстремист” дей бересиңерби? Аксыда адам аттырган экстремист Акаев тайраңдап келип, сайрандап кетти. Андан тышкары да, ал Кыргызстандагы коррупциянын атасы болчу. Анын башка кылмыштарын санап да бүтө албайбыз. Акаевге салыштырмалуу бул даъватчы жигитибиз эмне кылды эле? Бийликтин “кустурациясын” да көрүп жатасыңар. Калктын канын соргон чиновниктер ден-соолугу мыкты бойдон ичип-жеп эле иштеп жүрүшөт да, анан камалган күндөн тартып, алардан “оор илдет” аныкталат жана кымбат баалуу менчик ооруканаларга чыгарылышат. Айрымдары ал жайда ойноштору менен ойноп жүрүшөт. Анан биртке “түкүрүп” коюп, кайрадан азаттыкта капиталисттик турмушун улантып жатышат. Алардын каршысында бул даъватчы жигитибиздин айыбы эмне? Анын бар болгон “айыбы” – Аллахтан башка илах жок, Аллах айткандай жашагыла дегени, Пайгамбар алайхис-салам Аллахтын Расулу, ал көрсөтүп кеткендей өмүр сүргүлө дегениби. Капиталисттердин зулумунан кутулуп, Ислам менен жашагыла, мусулманманчылык акы-укуктарыңарды талап кылып алгыла дегениби.

Эй эл-журт, убагында Хизб жигиттери бийликтер тарабынан зулумга учурап жатканда, “экстремисттер жазасын алып жатат да” деп, капиталисттер зулумуна кайдыгер болгон элеңер. Азыр капитализм зулуму ар бириңердин үйүңөргө чейин кирип келген. Азыр ар бириңер зулум чегип жатасыңар. Эгер коомду акыйкатка чакырып жаткан азаматтарыңардын тагдырына мындан ары да кайдыгер боло берсеңер, өз башыңардагы зулумуңар да ошончолук үлкөндөй берет. Андыктан эсиңерге келгиле. Капитализм зулумуна каршщы тургула жана аны түп-тамырынан омкоруп таштай турган Исламыңарды үйрөнгүлө. Эч кандай акы талап кылбастан, жанын даъват жолунда курман чалып, Исламыңарды үйрөтө турган перзенттериңер – мына ушул Хизб жигиттери. Аларга кучагыңарды ачып, аларды залимдердин зулумунан коргоп калгыла, муну менен өзүңөрдү да куткарасыңар.

Аллахым, бул бурадарыбыздын дарттарына шыфаа бергин, сыноолор каршысында сабыр-такаат бергин. Аллахым, бул боорубузду азиздикке жетиштиргин, анткени, азиздик Өзүңдүн гана алдыңда!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here