Светтик режимди сактоо динди сактайбы

267
0

Светтик режимди сактоо динди сактайбы

Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2021-2026-жылдарга концепциясын иштеп чыгуучу жумушчу топтун мүчөсү, дин иштери боюнча эксперт Нурлан Исмаилов дин менен мамлекетти аралаштырбоо керектигин билдирди.

“Светтик режимди сактап калуу менен биз диндин тазалыгын, аруулугун сактап калабыз, качан дин саясаттан алыс болгондо гана туура болот. Дин саясий кызыкчылыктар үчүн пайдаланып, аралашып кеткенде Кудай ыраазычылыгы экинчи орунга өтүп калат”, -дейт Исмаилов.

Буга чейин биринчи жолу Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы 2014-жылы алты жылга кабыл алынган. Анын алкагында диний мекемелер баары каттоодон өтүп, диний билим берген мекемелердин программалары жана жүргүзгөн ишмердиги тартипке келтирилген. 37 миң иш-чара уюштурулган. Натыйжада, Кыргызстанда Таблиг жамаатына тыюу салуу маселеси көтөрүлдү. А бирок, Кыргызстан мусулмандары бул маселеге олуттуу каршылык көрсөтүшү себептүү өкмөт ал ишти токтотууга мажбур болду.

2016-жылдын жай мезгилинде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койгон. Натыйжада акыйкатсыздык менен камалган мусулмандарды башка туткундардан ажыратуу, мусулмандар үчүн жабык түрдөгү абак куруу аракети башталды. Ал тургай, өздөрү кабыл алган мыйзамга ылайык абактагы адамдын жаза түрүн өзгөртүү соттун өкүмү менен болушу керек болсо да, мусулмандарды мыйзамсыз түрдө жабык түрдөгү абактарга өткөрүү башталды жана ал күрөш бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат.

Учурдагы концепция дагы жогорудагы иштерди улантууга багытталаары талашсыз. Башкача айтканда, бул аркылуу өлкөдөгү айрым жамааттарга тыюу салуу аракеттери кайрадан баштап, мусулмандарга экстремизм, терроризм шылтоосу менен кайрадан зулумдукту күчөтүшмөкчү.

Түпкүлүгүндө, динди мамлекетке аралаштырбоо саясаты бүгүнкү Батыш дүйнөгө таңуулап жаткан куфр түшүнүк болуп эсептелет. Алардын мындай акыйдасы Аллах бар болсо да адамдардын жашоосуна аралашпашы керек, адамдар өздөрүнүн жашоосун тартиптөөгө, мыйзам чыгарууга кудуреттүү дегенди түшүндүрөт. Негизи, Ислам биздин жеке ибадаттарыбыздан тартып, мамлекетти башкарууну, саясат кылууну, экономиканы кантип өнүктүрүүнү, бюджетти кандай бөлүштүрүүнү, жаза-чараны кандай белгилөөнү, саламаттыкты сактоону, таалимди туура берүүнү жана аял-эркек алакасынан келип чыга турган социалдык маселенин баарын тартипке салып бере турган толук дин! Аны мамлекетке аралаштырбоо бүгүнкү күндө мусулмандар башынан өткөрүп жаткан кордукка дуушар кылат. Ал эми мамлекеттик деңгээлде колдонуу хулафаи рошидиндердин доорунан тарта Усманий халифалык кулаганга чейин уланып келген адилеттүү системаны, бакубат жашоону камсыз кылат. Мисалы, Умар ибн Хаттаб разиаллаху анху Египеттен түшкөн кирешелердин үчтөн бирин көпүрө, канал курууга жана суугаруу иштерин жолго коюуга сарптаган. Ушул эле халиф аялдар жөлөк пул алуу үчүн балдарын эрте эмчектен чыгарып жатышканын угуп: «Балдарыңарды эрте эмчектен чыгарбагыла, Исламда төрөлгөн ар бир балага жөлөк пул берилет», – деп жар салды. Ушул күндөн баштап бүткүл Халифалык аймагындагы ар бир төрөлгөн балага жүз дирхамдан, бала чоңойгондо эки жүз дирхамдан бериле баштады жана бала мектепке бара турган жашка жеткенде жөлөк пулдун көлөмү көбөйтүлдү. Ал эми, бешинчи рошид халифа деп атыккан Умар ибн Абдул-Азиз Ирактагы Абдулхамид ибн Абдуррахманга кат жөнөтүп, адамдарга акыларын берүүнү буйруду. Абдулхамид: «Адамдарга акыларын бердим, байтулмалда каражат артып калды», – деп кат жөнөттү. Умар ага: «Карап көр, ким ысырапкерчиликке жол бербестен карыз болгон болсо, анын карызын төлө», – деп кат жиберди. Абдулхамид: «Карыздарды төлөп койдум, байтулмалда дагы каражат артып калды», – деп жазды. Умар: «Кара, үйлөнмөкчү болгон, бирок, акчасы жок бойдоктор болсо, аларды үйлөндүрүп кой», – деп кат жазды. Абдулхамид: «Андай адамдардын баарын үйлөндүрдүм, байтулмалда дагы каражат артып калды», – деп кат жиберди. Умар: «Кара, эгер жизя төлөй албай жаткандар болсо, ишине жардам болушу үчүн аларга алдын ала карыз берип тур. Анткени, алар бизге бир же эки жыл үчүн гана керек эмес», – деди.

Андыктан биз, мусулмандар, өз Исламыбыздын өкүмдөрүн толук ишке ашыруу жолунда аракетибизди дагы да тездетип бара беришибиз шарт. Ал эми дин душмандарынын айла-амалдары Аллахтын айла-амалы астында кыпынга да арзыбай калаары анык.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here