Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору даяр

330
0

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору даяр

 Кабар: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык документтер даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Министрлер тик учак менен айланып учуп, тийиштүү кагаздарды даярдады. Биз президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарын күтүп жатабыз. Кытай коронавируска байланыштуу ачылбай жатат. Ачылса ошол сапарда бул маселенин тагдыры чечилет деп жатабыз”, -деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, ал сапарда каржылоо маселесин чечүү көздөлгөн. О.э. Кыргызстандын аймагынан өтүүчү 280 километрдик темир жолдун, 57 километри тоннель болот.

 Комментарий: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында көтөрүлгөн. А бирок, бул долбоор Россиянын региондогу кызыкчылыктарына тескери келгени себептүү ушул кезге чейин ишке ашпай келди. Кытайдын каражатына курула турган темир жол долбоору Кытайдын Орто Азиядагы таасирин ого бетер күчөтөт. Бул болсо региондо өзүн жеке кожоюн катары көрүүгө адаттанып калган Россияга жакпайт. Ошол себептен да Россия жол курулушуна каршылык көрсөтүп келди. Кытай-Россия сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Россия долбоорго өзү да катышуу жана темир жол анын көзөмөлү астында болушу шарты менен ыраазы болду. Кытай анын кээ бир талаптарын макулдаган соң, 2019-жылы Россия аталган долбоордун техникалык жана экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн 200 миллион рубль (3 136 364 доллар) каражат бөлдү. Ошондон кийин долбоорду ишке ашыруу жанданды.

Негизи темир жол Орто Азия мамлекеттери үчүн пайдалуу. Себеби, темир жол арзандыгы боюнча суу транспортунан кийинки орунда турган стратегиялык мааниге ээ багыт болуп эсептелет. А бирок, куфр түзүмү мусулман өлкөлөрдүн, анын ичинде, биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына колонизатордук көзү менен карайт.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here