Ирак-АКШ стратегиялык диалогу чынында эле диалогбу же Американын токтомубу?!

207
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ирак-АКШ стратегиялык диалогу чынында эле диалогбу же Американын токтомубу?!

 Устаз Мазин Даббаг-Ирак

АКШ-Ирак стратегиялык диалогунун корутунду билдирүүсүн дыкат үйрөнүп чыккан киши ал жалган билдирүү экенин көрөт. Себеби, адатта диалог, канчалык жөнөкөй болбосун, эки тараптын теңдиги негизинде алып барылат. Бирок, бул диалогдо эч кандай теңдик жок! Америка – баскынчы күч, Ирак өкмөтү – бардык улам алмашып жаткан форма-көрүнүштөрү менен – баскынчылыктын мөмөсү. Ушул себептен улам, бул жерде диалог жок, Ирак өкмөтүн буйруп турган Америка токтому бар жана ал мамлекеттин бардык тармактарын камтыган токтом. Муну Ирак премьер-министри Казимий жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы бул окуяларга түшүндүрмө берип, Ирак менен Кошмо Штаттар ортосундагы стратегиялык диалог саясий, экономикалык, саламаттыкты сактоо жана маданият тармактарынан тышкары, коопсуздук тармагындагы да кызматташууну өз ичине аларын баса белгилешти.

Диалогдун корутунду билдирүүсүндө мындай делет: «Эки тарап стратегиялык келишимде белгиленген узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө каратылган бул сүйлөшүүлөр маанилүү экенин дагы бир ирет баса белгиледи. О.э. эки тарап тең кызыкдар болгон маселелер баса белгиленди: регионалдык кызыкчылык, саламаттыкты сактоо, климаттын өзгөрүүсү, энергия, көз карандысыздык, гуманитардык жардам, адам укуктары, экономикалык кызматташтык, маданият жана билим алмашуу ж.б. темалар. Ирак өкмөтү коопсуздук күчтөрүнө кеңеш берген жана машыгууларды өткөргөн эл аралык коалиция мүчөлөрүн коргоо милдеттемесин алганын о.э. бардык эл аралык коалиция күчтөрү Иракта анын сунушуна ылайык аракет кылганын баса белгиледи».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Эки делегация баса белгилешинче, Кошмо Штаттардын кызматкерлери жана эл аралык коалициянын мүчөлөрү пайдаланып жаткан базалар АКШ базалары да, эл аралык коалициянын базалары да эмес, Ирактын мыйзамдарына ылайык башкарылган Ирактын базалары болуп эсептелет. Ал жердеги эл аралык кызматкерлер ИШИМге каршы согушта Ирак өкмөтүн колдоп-кубаттоо үчүн гана турушат»; «Эки делегация жакында өткөрүлгөн техникалык топтордун сүйлөшүүсүн бүтүргөндөн кийин коопсуздук алакаларды толук кеңешүү, окутуу жана разведка жаатында кызматташуу алакасына өзгөртүүгө о.э. 2021-жылдын 31-декабрына чейин Иракта АКШнын аскерий күчтөрү болбошуна келишишти».

Жогоруда айтылган жана бул орунда айтып өтүүгө мүмкүн болбогон башка көптөгөн фактылардан көрүнүп тургандай, Американын аралашуусу аскерий тармакка эле чектелбейт, саясий, экономикалык жана маданий тармактарды да өзүнө камтыйт. Этибарды Американын аскерий араалашуусуна гана каратуу – бул баёолук. Куралдуу топтор ушундай ойлошу наадандык. Айрыкча, бүгүнкү күндө чет эл менен мамиле кылган топтор гана эмес, ал тургай, кымындай өзүнүн саясий чечимине ээ болбогон топтор да ушинтип ойлошот.

Ушул орунда Америка бул сүйлөшүү жана токтомдор аркылуу эмнелерди ниет кылганын ачыктап өтүү зарыл. Америка Иракты ушунча жыл басып турган болсо, бул баскынчылыгы Ирак каршылык кыймылынын колу менен чоң зыяндарга учурады… Мына ошондо АКШнын Иракта турушун каралаган үндөр ар тараптан жаңырып, Вашингтондон мындай зыяндарга чекит коюу талап кылынды. Бирок, Америка үчүн Ирак стратегиялык мааниге ээ мамлекет болуп, ал – региондогу туруктуулук о.э. дүйнөлүк экономикага нефть жеткирип берүүнүн кепили. Бүгүн Америка бардык карталарды чогултуп, аларды дүйнөлүк деңгээлде өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарын кепилдей турган түрдө кайрадан иреттеп алмакчы. Амкерика айрымдарын азайтууга, каражаттарды кыскартуу үчүн кээ бир маанилүү базаларына гана чектелүүгө о.э. стратегиялык миссиясын кээ бир базаларга каратууга аракет кылууда. Муну менен бирге, Америка Афганистандан чыгууга жана ал жердеги кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу миссиясын Түркия, Пакистан сыяктуу мамлекеттерге милдет кылып жүктөөгө урунууда.

Бул Америка жөнүндө.

Ирак жөнүндө айтсак, ал 2003-жылдан азырга чейинки баскынчылык учурунда саясий жана социалдык башаламандыктан азап тартып келе жаткан мамлекет экенин баарына жакшы маалым. Ал эми, бүгүнкү бул диалогдун корутунду билдирүүсүнөн кийин Ирактын башаламандыгы жана бытырандылыгы дагы да ырбады. Ошондуктан, Ирактын Каршылык көрсөтүү кыймылынын координациялык уюму өз билдирүүсүндө «Иракта бир да америкалык аскер ар кандай шылтоо астында калышына таптакыр жол койбостугун» баса белгиледи.

Бул сыяктуу уюмдардын өз билдирүүлөрүндө «баскынчы» деп айтылып жаткан күчтөр өлкөдөн чыгып кетиши чындык айланышы керектиги жана бул үчүн алар Ирактын бардык жеринен, өзгөчө, Айнул Асад жана Харир аба базаларынан бүтүндөй чыгып кетиши шарт деп айтылды.

Ирактын Каршылык көрсөтүү кыймылынын координациялык уюму Иран тарабынан колдоп-кубатталган шиа куралдуу топторун, алардын катарында Ирак Хизбуллах отрядын, Ахли Хак согушкерлерин, Саййидуш Шухада отрядын жана Нужабо кыймылын өз ичине алат. Анын бул билдирүүсүндө чет элдик күчтөр деп ИШИМге каршы күрөшкөн эл аралык коалиция жана НАТО күчтөрү айтылганы баса белгиленген.

Билдирүүдө, эгер Америка өз күчтөрүн алып чыкпаса, бул уюмдардын баары Ирактагы бардык чет элдик күчтөргө баскынчы деген этибарда мамиледе болуп, мүмкүнчүлүгү жеткенче аларга каршы согушууну улантышы баса белгиленет.

Мунун тушунда, бул диалогду алкыштаган кимселер да бар. Алардын катарында «Садрий» агымынын жетекчиси Муктада ас-Садр бул диалогго түшүндүрмө берип, премьер-министр Мустафа Казимийге ыраазычылык билдирди. Ал Твиттердеги баракчасында: «АКШ Ирактан күчтөрүн алып чыгып кетүүнү пландаштырганын жарыя кылган соң, ага каршы согуштук аракеттерди токтотууга чакырамын», – деди.

Тыянактап айтсак, Америка бул диалог аркылуу өз таасирин бекемдөөдө о.э. Ирак мамлекетинин бардык тармактарындагы өкүмдарлыгын сактап калып, америкалык аскерлерди коргоону улантышы үчүн өкмөткө басым өткөрүүдө. Америка Казимийди Вашингтондо кабыл алуу менен аны Америка үчүн мааниге ээ адам катары көрсөттү, бирок, түпкүлүгүндө Америка үчүн ал сокур тыйынчалык да мааниге ээ эмес!

Эй Ирак мусулмандары!

Америка – баскынчы мамлекет. Анын баскынчылыгы аскерий жакка гана чектелбейт, ал бул өлкөдөгү өзүнүн жийиркеничтүү өкмөтү жана малай топтору аркылуу саясий жараянга да өкүмдарлык кылууда. Инвестиция жаткыруу жана менчиктештирүү аркылуу Ирактын экономикасына жана байлыктарына өкүмдарлык кылып жаткан болсо, ыплас демократиясы жана таалим программалары аркылуу өлкөнүн сакафатына өкүмдарлык кылууда. Бул диалог тышынан жакшылык болуп көрүнүп, түпкүлүгүндө ал азап-кыйынчылыкты дагы да күчөтөт. Америка ирактык элге кымындай көңүл бурбайт, бул калк кайсыл жерде курман болушу ал үчүн маанилүү ээ эмес. Аны Иракта өз кызыкчылыгын бекемдөө, өз таасирин сактап калуудан башка эч кандай нерсе кызыктырбайт, ал тургай, бул нерсе башаламандыкка жана адамдар бири-бири менен согушуусуна алып келсе да. Бул колонизатор мамлекет мусулман өлкөлөрүнөн оңойу менен чыгып кетпейт, жеңилип-мажбур абалда гана чыгып кетет. Силер, мусулмандар, Американын бечара кул менен залим кожоюн ортосунда болгон сүйлөшүүлөр аркылуу чыгып кетишине да, ирактыктарды Америкага чөгөлөп, моюн сунуу же туруксуздук, экономикалык ойрондулук жана санкцияларынан турган эки оттун ортосунда калтырып чыгып кетишине да жол бербегиле. Бул эки от тоскоолдуктарга тушуктуруу тандоосуна кабылтат. Муну менен бирге, Америка куралдуу топторду жарадар өлкөбүздөгү чет элдик мамлекеттердин кызыкчылыктарына жана ач көздүгүнө жардам берген жамааттарга айлантуу аркылууу чыгып кетишине жол бербегиле.

Эй Ирак мусулмандары!

Иракта жүз берген окуялар залим чет элдик күчтөрдүн колу менен жүз берди… Алар өлкөнүн инфраструктурасын ойрон кылып, коомдун структурасын талкалашты. Бул өтө кооптуу абалды саясий жараян аркылуу оңдоп болбойт, шайлоолор аркылуу адамдарды өзгөртүү менен да чечилбейт. Муну түп-тамырынан өзгөртүү менен гана оңдоого болот. Ирактагы эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн эң туура жана эң натыйжалуу туура чечим – улуу Исламга кайтуу, исламий шариятка кайрылып, аны аракетке негиз кылуу о.э. бардык проблемалардан кутулуу үчүн шаръий тарыйкатты билүү. Аллах Таала бизге Ислам жана өкүмдөрү колдонулган турмуштан башка жашоодо жашоону арам кылды о.э. муну өмүр же өлүм маселеси деп каралган тагдырий маселеге айлантты. Мусулмандар жашоонун бардык тармагында Аллахтын шариятын өкүмдар кылуудан баш тартышканга чейин бул проблемалар жок эле. Ушул себептен улам, Уммат алдында өзүнүн тартып алынган бийлигин кайтарып алуу жана жер жүзүндө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө Аллахтын башкаруусун тикелөө милдети турат. Бул милдет – бир жол менен т.а. саптарды бириктирип, чет элдик мамлекеттер менен болгон бардык байланыштарды токтотуу о.э. Умматты бириктире турган, өлкөлөрдү саясий, экономикалык, сакафий сыяктуу бардык тармактардагы колонизаторлуктан азат кыла турган калыс саясий жетекчиликтин айланасында биригүү менен ишке ашат.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»    [8:24]

 

Роя гезити, №350, 2021-жыл, 4-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here