بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Аббас, анын жугундукорлору жана Иордания королу Фалестин маселесин жок кылуу тил бириктирүүсүн акырына чыгармакчы!
«Гад» веб-сайты хижрий 1443-жылы 7-мухаррам, миладий 2021-жылы 15-август күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Жекшемби күнү Иордания королу Абдуллах II менен Фалестин президенти Махмуд Аббас Хусайния сарайында өткөн жолугушууда Фалестин маселесине байланыштуу окуяларды жана тынчтык жараяны тууралуу сүйлөшүү өткөрүштү.
Король жолугушууда Иордания фалестиндик боордоштордун адилеттүү жана мыйзамдуу акы-укуктарын колдоп-кубатташын билдирди.
Ал баса белгилешинче, адилеттикти жана кеңири көлөмдүү тынчтыкты орнотуу үчүн эл аралык иш-аракеттерди тездетүү зарыл, бул нерсе фалестиндик боордошторго борбору Чыгыш Куддус болгон, 1967-жылдын төртүнчү июнундагы чек арага негизделген эгемендүү мамлекетин тикелөөсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Түшүндүрмө иретинде, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз баракчасында ушуларды маалымдады: «Бул жолугушуу король Абдуллах II АКШга жасаган сапарынан кайткандан кийин өтүүдө. Абдуллах II президент Жо Байден менен бир нече маанилүү маселелерди, алардын катарында, Фалестин маселесин талкуулады. Ал эми, Фалестин президенти Махмуд Аббас жакында АКШнын Борбордук Разведка Башкармалыгынын директору менен жолугушту. «Кудс нет» Ливандын «Ахбар» гезитине шилтеме кылып кабарлашынча, бул жолугушууда негизинен үч маселе: Фалестин режимин экономикалык жактан колдоо, ички абалын жөнгө салуу жана тынчтык процессин кайра баштоо каралган. Бул жолугушуулардан иш-аракетти Американын «эки мамлекет» долбоору алкагында жөнгө салуу көздөлгөн. Муну король Абдуллах II да, Махмуд Аббас да баса белгиледи. Аббас королдун АКШга болгон сапарын жогору баалады.
Иордания режими «коргоо кызматташтыгы келишими» деген нерсеге кол коюу менен мамлекетти АКШга аскерий жана коопсуздук жагынан кош колдоп тапшырган. Эми болсо, Фалестин маселесин жөнгө салууда жана жок кылууда Америкага жардам берүү үчүн ортомчулук кылууда.
Мындай кылмыш Иордания калкына король Абдуллахка каршы чыгып, аны тактыдан кулатуу жана армияны бир чакырым аралыкта турган Фалестинди азат кылуу үчүн аракетке келтирүүнү милдеттендирет.
Роя гезити, №353, 2021-жыл, 25-август.