Батышка малай режимдер яхудий вужудуна мыйзамдуу түс берүү жана таянычтарын бекемдөө үчүн алар менен мамилелерди нормалдаштырууну улантууда

185
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Батышка малай режимдер яхудий вужудуна мыйзамдуу түс берүү жана таянычтарын бекемдөө үчүн алар менен мамилелерди нормалдаштырууну улантууда

Иброний тилде чыккан «Ynet» маалыматтык веб-сайты кабарлашынча, Хайфа университети август айында медайым кесибине ээ болуу үчүн Эмираттардан келген 30 жаштагы Сумайя Махрийди кабыл алууга даяр экендигин, бул аял Эмираттардан (израиль) университетине кирген биринчи студент болорун маалымдады.

Шаршемби күндөгү кабарларга ылайык, коронавирус пандемиясы себептүү саякаттоого тыюу салынып, кийин ачылышы артынан Синай жээгинде эс алуу үчүн акыркы эки ай ичинде (израилден) 70 миңден ашуун яхудий саякатчылар келген.

Яхудийлердин Мисирдеги элчилигинин сайтында кабарлангандай, акыркы эки ай ичинде бул пляждарга рекорддук даражада, 70 миңден ашуун киши келген. (израилден) келген саякатчылар бул пляждардын өтө кооздугунан жана меймандостугунан ырахат алышканы маалымдалган.

Бул абалга түшүндүрмө берип, Хизб-ут-Тахрирдин мубарек жердеги маалымат бөлүмү өз сайтында маалымат түшүндүрмөсүн жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Батышка малай режимдер колонизаторлор тарабынан тургузулганда вазыйпаларына жүктөлгөн милдеттерин дагы эле аткарып жатышат. Алардын милдети – колонизаторлордун өлкөбүздөгү кызыкчылыктарын коргоо жана яхудий вужудун сактоо. Малай режимдердин яхудий вужудуна көрсөтүп жаткан кызматтары күндөн-күнгө өсүүдө… Максат – бул вужуддун мубарек жерде турушун мыйзамдаштыруу, регионго кошуу жана таянычтарын бекемдөө. Муну алар менен мамилелерди нормалдаштыруу же «эки мамлекет» чечимине чакыруу аркылуу кылып жатышат. «Эки мамлекет» чечими бул баскынчыларга мубарек жерибиздин чоң бөлүгүн берет о.э. Фалестинде турушун мыйзамдуу укук менен камсыздайт.

Шек-күмөнсүз, Батышка жуундукор бул режимдер дагы эле өкүмдарлык кылып жаткан соң, ар бир кыянатты калтырбай аткарышат, ар кандай арамды мубах деп эсептешет. Себеби, алар колонизаторлорго кызмат кылуудан жана яхудий вужудун коргоодон башка милдетти билишпейт. Саткындык артынан саткындык кылууда, яхудийлердин таянычтарын бекемдөөдө колдорунда болгон мүмкүнчүлүктү жумшап аракет кыла беришет. Яхудийлердин кылмыштары менен толуп ташкан бул күндөр өткөн сайын бул малайлардын Умматка душмандыгы жана колонизаторлор менен яхудийлердин кучагына кирүүсү көбөйүүдө. Бул малай режимдердин Умматка бирер кызмат көрсөтүүсүн же яхудийлерди коркутуусун күтүп болбойт. Алардын бардык билдирүүлөрү жасалма, массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып жаткан «улуу» сөздөрү мааниси жана мазмуну жагынан жалган болуп, Ислам душмандарына гана кызмат кылат.

Демек, күч-кубат ээлери жана армия командачылары үчүн Уммат душмандарына кызмат кылып, яхудий вужудун коргоп жаткан мындай режимдерден кутулуунун о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө убагы келди. Халифалык бул жерди азат кылуу о.э. Уммат азиздигинин белгиси катары Ислам байрагын жогору көтөрүү аркылуу Умматтын аброюн, ыйык жайлардын аруулугун, мубарек жердин кадыр-кыйматын кайра тикелейт».

 

Роя гезити, №351, 2021-жыл, 11-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here