Коопсуздук Кеңеши Афганистанда биргелешкен өкмөттү курууга чакырды
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Афганистандагы кырдаал боюнча 16-августта чукул жыйынга чогулду. Жыйында, Кеңешке мүчө мамлекеттер Афганистанда биргелешкен өкмөттү курууга чакырышты. Бул негизи светтик болгон, калган мыйзамдары светтик негизге каршы келбеген шарият өкүмдөрүнөн турган мыйзамдар болгон мамлекет курууга болгон чакырык болуп саналат. Ошондой эле, жыйында Aфганистандагы адам укуктары сакталышына байланыштуу кооптонуулар айтылып, аймактагы күчтөрдү эл аралык норма жана эрежелерге баш ийүүгө чакырышты. Бул болсо, жаңы өкмөттү дүйнөлүк империалисттик системага моюн сундурууга болгон аракетти түшүндүрөт. Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр билдирүү жасады. Маселен, Пакистандын Тышкы иштер министри Курайший «Биздин максатыбыз биргелешкен демократиялык Афганистан» деп билдирди. Кытайдын Коопсуздук Кеңештеги өкүлү Талибан башка террордук уюмдардан өзүн алыс кармайт деп ишенерин айтты. Ирандын Тышкы иштер министри Афганистандагы бардык партия жана уюмдарды тынчтык келишимине келүүгө чакырды. Индиянын Коопсуздук Кеңештеги өкүлү эл аралык коомчулук Афганистандагы күчтөрдү ынтымыкка келтирүүгө салым кошо турган учур экенин билдирди. Англиянын Коргоо министри Англия жана НАТО Талибан менен согушуу үчүн Афганистанга кайра кайтпай турганын айтты.
Коопсуздук Кеңешинин жыйынынын артынан АКШ Ооганстандын Борбордук банкындагы эсептерин убактылуу жапты. Муну менен талибдер миллиарддаган долларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бул АКШнын Афганистандагы жаңы өкмөттү түзүүдө басым жасоочу рычагдарынын бири болуп калмакчы.
Эл аралык Валюта фондунун маалыматы боюнча Ооганстандын Борбордук банкынын резервдери апрель айынын соңунда 9,4 миллиард долларды түзгөн. Бул каражаттын көпчүлүк бөлүгү Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкында жана АКШдагы башка финансы мекемелеринде сакталып турат. Анда актив катары доллар жана алтын бар.
Белгилүү болгондой, учурда Талибан, эски өкмөт атынан Абдулла Абдулла жана экс президент Хамид Карзай арасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан ары Талибанды империалисттик системага баш ийдирүү үчүн колонизаторлор жана алардын малайлары тарабынан түрдүү басымдар күчөтүлө бермекчи. Андыктан, Талибан майдандагы жеңишти столдо алдырып койбошу үчүн бул сүйлөшүүлөрдөн жана эл аралык уюмдардын чакырыктарынан баш тартышы шарт. Анткени, АКШ баштаган баскынчы мамлекеттер дал ушул «тынчтык сүйлөшүүлөр» аркылуу Талибанды тузакка түшүргөнгө аракет кылат. Бул тузактан кутулуу үчүн Талибан Афганистанды эле эмес бүткүл үммөттү колонизаторлордун зулумдугунан коргой турган Халифалык долбоорун ишке ашырууга кошулуулары шарт.
Туркистон