Канада тажрыйбалуу качкындарды кабыл алууда

217
0

Канада тажрыйбалуу качкындарды кабыл алууда

АКШнын Афганистандан чыгып кетүү чечиминен кийин Талибан кыймылы бүтүндөй мамлекетти көзөмөлгө алды. Натыйжада, Талибандын бийлигин өздөрү үчүн коркунуч деп билген жарандар мамлекеттен чыгып кете башташты.

Кабарларда келишинче, Канада өкмөтү окумуштуулар, ишкерлер жана кол өнөрчүлөрдөн турган тажрыйбалуу афган качкындарын самолёт менен Кабулдан Торонтого алып кете баштаган. Бул кабарды Канаданын жарандык жана иммиграция министри Марко Мелдиcино да тастыктады.

“Канаданын Афганистандагы миссиясына жардам берген афганистандыктарды колдоого сөз бердик. Квалификациялуу кесип ээлери болгон качкындарды Канадага алып келүү менен убадабызды аткарып жатабыз. Качкындарды коопсуз алып чыгуу үчүн колубуздан келген ишти кылабыз. Алдыдагы күндөр жана апталарда көбүрөөк рейстер ишке ашырылат”, – деди Мелдиcино.

Комментарий: Канаданын бул аракети Батыш дүйнөсү бир топ жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан саясаттын бир бөлүгү. Башкача айтканда, бул “учурдан пайдаланып калуу саясаты” деп аталат. Себеби, капиталисттик мабдага негизделген мамлекеттер саясатын өздөрүнө пайда алып келе турган нерселер негизине курат.

Батыш коомдорундагы калктын демографиялык өсүшү төмөндөп кеткендиги себептүү ал жакта жумушчу күчүнө болгон муктаждык өсүп жатканы жашыруун сыр эмес. Мындан тышкары, Батыш өлкөлөрүндөгү калктын басымдуу бөлүгү кары-картаңдар жана пенсионерлер болуп калды.  Ошондуктан да аларда жаш ишкерлерге жана тажрыйбалуу жумушчуларга муктаждык бар. Канаданын афганистандык качкындардан жаш, билимдүү, адис жана колунан иш келе турган адамдарды тандап алып кетүүдөн көздөгөн максаты, өз мамлекетиндеги өнөржай ишканалары менен инфраструктуралардагы бош орундарды ар түрдүү кесиптеги тажрыйбалуу жумушчулар менен толтуруу гана.

Кыскасы, Батыш дүйнөсү качкындарга боору ооруп, тилектеш болуу үчүн өз өлкөсүнөн башбаанек берип жаткан жок. Эгер алар чындап эле качкындарга боору ооруганынан ушундай кылып жатышкан болсо, анда эң алгач ушул адамдарды качкынга айландырган баскынчы күчтөр катарында Афганистанга бастырып кирүү менен Афганистан калкын качкынга айландырышпайт болчу.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here