Пентагон Кытайдын коркутуулары күчөп жатканын эскертти

234
0

Пентагон Кытайдын коркутуулары күчөп жатканын эскертти

Расмий Вашингтон Кытай деңизи аймагындагы АКШ кызыкчылыктарына жана союздаштарына карата Пекиндин коркутуулары күчөп бара жатканын эскертти. АКШ Тынч океаны жана Индия океаны флотунун командачысы адмирал Жон Акуилино Кытайдын билдирүүлөрү анын региондогу аракеттерине туура келбестигин баса белгиледи.

“Биз Пекиндин кадамдарын тынчсыздануу менен күзөтүп жатабыз. Бизди тынчсыздандырган нерсе анын сөздөрү эмес, биз көрүп турган аракеттери. Буга окшогон аракеттери Индия чек арасында да байкалууда”. “Кытайлыктардын акыркы кездерде региондогу географиялык 80 багыттын атын өзгөртүп, жеңилдиктерди талап кылышы региондогу мамлекеттер үчүн зарыл болгон нерселерге бүтүндөй тескери келет”, – деди адмирал Акуилино Колорадодогу Аспен Институтунун коопсуздук форумунда.

АКШ разведка комитетинин жетекчилери жана башка расмийлер да интеллектуалдык менчикти уурдоо жана кибер чабуул сыяктуу маселелерде Кытайдын коркунучу күчөп жатканын эскертти. АКШнын жогорку даражалуу сенатору Кытайдын АКШ улуттук коопсуздугуна коркунучу күчөп бара жатканын “укмуштай шоу” деп сүрөттөдү. Расмийлердин айтымында, АКШ компанияларына каршы кибер чабуулдар да коркунучтар түркүмүнө кирет.

Комментарий: Кытай менен АКШ ортосундагы глобалдык атаандаштык күчөп бара жатканы айныгыс акыйкат. Ал тургай, айрым серепчилер эки өлкө ортосундагы атаандаштык себептүү пайда болгон кескиндикти “жаңы кансыз согуш” деп сыпаттай башташты.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы атаандаштыктын негизги көрүнүштөрүнүн бири разведка тармагында көрүнөт. Кытай акыркы жылдарда өзүнүн саясий жана экономикалык активдүүлүгүн күчөтүү менен бир катарда, разведка жаатында да олуттуу өзгөрүүлөрдү жасады.

АКШнын Кытайга карата душмандык мамиледе болушунун тарыхы Советтер союзу кулаган учурга барып такалат. Себеби, Америка Советтер союзу кулагандан кийин Кытай сыяктуу башка бирер мамлекет анын ордун ээлөөгө аракет кылышын каалабайт эле. Бирок, Американын назарында саясий Исламдын коркунучу Кытай  коркунучунан чоңураак эле. Себеби, мусулмандар арасында Халифалык мамлекети тикелениши жөнүндөгү пикирлердин жайылышы аны тынчсыздандыра баштаган. Эгер Халифалык мамлекети тикеленип калса, анын каршысында АКШ да, Кытай да, Европа да бутка тура албастыгын Америка жакшы билет болчу. Ошондуктан, АКШ админстрациясы Кытайга караганда Ислам коркунучтуураак деп эсептеп, аны биринчи даражалуу душман кылып белгиледи. А бирок, Кытай тараптан да өзү күтпөгөн коркунучка жолукту. Бир тараптан Ирак жана Афганистан баткагы, экинчи тараптан 2008-жылы жүз берген финансылык кризис Американын эл аралык позициясына зыян жеткирди жана Кытайдын эл аралык позициясы күчөшүнө тоскоолдук кылуудан анын көңүлүн буруп койду. Бул арада өзүнүн эл аралык позициясын күчөтүп алууга жетишкен Кытай Америка үчүн олуттуу атаандаштык жаратуучу позицияга жетип калды.

Ошентип, бүгүнкү күндө Американын негизги милдеттеринин бири – Кытай атаандаш мамлекет деңгээлине көтөрүлүшүнө жол бербестик жана анын эл аралык позициясына сокку берүү болуп калды.

Киямуддин Шариф.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here