Россияда мигранттарга басым күчөдү

282
0

Россияда мигранттарга басым күчөдү

 Акыркы кездерде Россиялык ЖМКларда эмгек мигранттарына карата терс пикир калыптандыруучу маалыматтар көбөйүп барууда. Июль айынын башынан бери Россия ЖМКлары мигранттардын кылмыш жана укук бузуулары жөнүндө кеңири маалымат таратып жатышат. Айрыкча, мигранттар ортосунда массалык мушташ болгону, мушташта бычак жана ок атуучу куралдар колдонулганы жөнүндөгү кабарлардын арты үзүлбөй калды. Буга чейин да мигранттар ортосунда ушундай массалык мушташтар болуп турчу, а бирок маалымат каражаттары ага  азыркыдай көңүл буруп, мынчалык каралабайт эле. Мигранттарга каршы болуп жаткан бул иште Орто Азиядан барган мигранттарга, айрыкча, кыргызстандыктарга көңүл бурулуп, негизинен кыргызстандыктар бутага алынууда. 

 Москвадагы массалык муштташтардан кийин кармалгандардын жана депортация кылына тургандардын көпчүлүгү кыргызстандыктар болууда. Кабарларда келишинче, мигранттарга каршы башталган рейддин натыйжасында күн сайын миңдеген мигрант кармалса, алардын 80 пайызы кыргызстандыктар болууда.

 Орус өкмөтүнүн кыргызстандык мигранттарга каршы күрөшү, айрыкча, Ысык-Көлдө орус улутундагы баланын таякталып, Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн кызматкерден кыргызча тейлөөнү талап кылган кардардын ишинен кийин күчөп кетти. Бул окуялардан кийин орустун популист саясатчылары саясий упай топтоо үчүн билдирүүлөр менен чыгышты. Жириновский болсо Россиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алуу, кыргызстандыктарды “эң катаал тартип менен депортация” кылуу чакырыгы менен чыгып, Кыргызстандын Москвадагы элчиканасы алдында нааразылык акциясын уюштурду.

 Көпчүлүк эксперттер орус өкмөтүнүн бул аракетин 17-сентябрда өтүүчү парламенттик шайлоонун алдында элдин көңүлүн негизги проблемалардан чалгытуу катары баалап жатышат. А бирок, бул жападан-жалгыз себеп эмес.

 Акыркы кездерде АКШнын долбооруна ылайык, Борбор Азия республикалары Өзбекстан башчылыгында региондогу интеграция жараянын баштап жиберишти. Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулган Борбор Азия өлкө башчыларынын консультатициялык кеңеши Россиянын таасиринен чыгуу үчүн ташталган негизги кадамдардын бири болду. Белгилүү болгондой, АКШ “С5+1”, “ТАПИ”, “САSA-1000”, “Термез – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар” темир жолу долбооорлору жана Ташкентте болуп өткөн “Борбор жана Түштүк Азия: регионалдык байланыштуулук. Коркунучтар жана мүмкүнчүлүктөр” темасындагы эл аралык конференциялар аркылуу региондогу Россиянын саясий жана экономикалык таасирин алсыратууга олуттуу аракет кылууда. Бул долбоорлордо АКШнын негизги өнөктөшү жана жардамчысы Өзбекстан болууда.

Россия болсо региондогу мамлекеттердин мындай аракеттерин токтотуп, өзүнүн таасири алдында кармап калуу үчүн басым өткөрүүчү негизги рычаг болгон мигранттар маселесинин пайдаланып жатат. Себеби, мигранттар маселеси бул мамлекеттер үчүн “оорулуу чекит” болуп, Россия миллиондогон жарандар үчүн жумуш жана акча табуучу булакка айланып калган. Орус расмийлери мигранттарды депортация кылуу менен өздөрүндөгү жумушсуз жүргөн 4 миллион адамга жумуш ордун пайда кылуу керектигин айтып жатканы менен, Россиянын жарандары мигранттар иштеген айлык маянага эч качан иштешпейт.

Кыргызстан юолсо Россиянын уруксатысыз эле Өзбекстан менен саясий,экономикалык жана чек ара маселелеринде бир топ келишимдерди түзүп, региондогу мамлекеттердин интеграциясын колдогону үчүн Россиянын каарына калган эле. Россия азырынча ал “каарынан” кайта элек. Ошол себептен да орус өкмөтү негизинен кыргызстандык мигранттарга көңүл буруп жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here