Вакцинация: тоталдык контроль

391
0

Вакцинация: тоталдык контроль

Ачкөз капиталист-империалисттер пандемиядан да өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып калууга жан үрөшүүдө. Бул кызыкчылыктардын бири – дүйнө эли үстүнөн тоталдык көзөмөл орнотуу б.а. ар бир адамдын ар бир кадамынан кабардар болуп туруу. Бул капиталисттер дүйнө байлыгына ээ болгон соң, дүйнөлүк бийликти да басып алышкан. Эми алардын бул системасына каршы чыккан ар бир кадамды көзөмөлдөп турушу үчүн, алар ар кандай ыкмаларды ишке салышып келишүүдө. Биометрикалык паспорт, “коопсуз шаар” сыяктуу долбоорлор мына ушул ыкмалар түркүмүнө кирет (мында алардын экинчи даражалуу турмуш ыңгайлуулуктарына эмес, башкы максадына этибар каратылууда).

Ковидге каршы вакцинация башталганда, антиглобалисттер “вакцинага чип кошуп сайылат”  деген кепти чыгарышты. Бирок, ал кеп акыйкаттан алысыраак болгону үчүн, глобалисттер аларды жалганчыга чыгарып коюшту. Лекин, ушул эле учурда, глобалисттер чиптин эле кызматын кыла турган бир иш-чара кылып жатышат. Ал эми көпчүлүк адамдар болсо андан кабарсыз калууда. Ал иш-чара азыркы вакцинацияга байланыштуу киргизилип жаткан “QR код” иши.

Азыр Францияда бул ыкма мыйзамдар менен тастыкталып, ишке киргизилди. Ал “жашыл пропуск” деп аталат. Ага ылайык, дүкөндөрдөн тартып тамактануучу жайларга, кинотеатрларга, транспортко жана башка коомдук жайларга мындай паспорту жоктор кире албайт. Андыктан, жарандардын андроид телефондорунда эмделгени тууралуу QR код приложениеси болууга тийиш. Францияда жүз миңдеген адамдардын каршылык акцияларына карабастан, бул мыйзам кабыл алынып олтурат. Белгилүү болгондой, бул өлкө калкында пандемияга чейин эле капитализмге карата иренжигендик күч болчу. Апта сайын миңдеген “сары кемселчендердин” нааразылык митингдери болуп турар эле. Алар пандемиялык чектөөлөр аркылуу токтотулган. Эми бул нааразылыктар вакцина коду аркылуу көзөмөлдөнүп, алардын алдын алуу ишке ашмакчы.
Россияда болсо азыр QR код ыкмасы убактылуу токтотулду. Анткени, күздө парламенттик шайлоо. Калкты нааразы кылбай туруш керек. Маалым болгондой, Россияда да калк нааразылыгы оппозиционерлерди колдоп кетүүгө карай бара жатат. Шайлоону өткөрүп алган соң, бийлик бул ыкмага жан үрөп киришмекчи болуп турат.

Булар сыяктуу державалардын колониялардагы калктарды көзөмөлдөөсү да ушуну менен күчөтүлмөкчү. Мисалы, Россияда ковид кодунан мурун эле эмгек мигранттарына да миграциялык QR кодун ишке салуу боюнча мыйзам сунушталган. Эми вакцинацияныкы “какаганга муштаган” болот. О.э. дүйнөдө капиталисттик системаны Ислам системасы гана кулатары белгилүү болуп калды. Ошондуктан, кафир капиталисттер үчүн мусулмандар үстүнөн толук күзөтүү жүргүзүү зарыл болууда. Бул экстремизм жана терроризм шылтоосу менен ишке ашырылууда. Эми алар QR код аркылуу ар бир “экстремист” же “террористтин” бир да кадамы көз жаздымда калбашынан үмүттөнүп жатышат. Ким кайсы мечитке барды, канча жолу, даават кылып жатабы, кимдерге…

Ушулардан улам да, Россия өз өлкөсүнөн сырткары ЕАЭБ аймагында “ковидсиз саякат” тиркемесин киргизүүнү көздөп жатат.

Бул көзөмөл кандайча ишке ашат? Сиз телефонуңузга вакцина алгандык боюнча QR код приложениесин жүктөйсүз. Дүкөнгө барсаңыз да, мечитке кирсеңиз да, кафеге кайрылсаңыз да – бардыгында тең кодду аныктоочу аппарат болот. Ошентип, сиздин кай жакта жүргөнүңүз маалым болуп турат. Мисалы, метрого киргенде код менен киресиз, автобуска чыксаңыз да код менен чыгасыз ж.б.у.с. Көз жазгырмакчы болуп телефонуңузду алмаштырсаңыз да бул сизге пайда бербейт. Анткени, сиздин кодду кайсыл телефондон ачып текшерткениңиз бирдиктүү электрондук маалымат тутумунан билинип турат жана ушул жаңы телефонду да күзөтүү башталат. Белгилүү болгондой, эгер телефонуңуз аныкталган болсо, зарылдык туулганда тыңчылар телефонуңузду симкасыз тыңшап, камерасы аркылуу тасмалар тартып алышы да мүмкүн. Кыскасы, кыбыр эткениңиз купуя калбайт. Демек, бул чиптин эле кызматын кылып калат.

Бул империалист колонизаторлордун региондордогу малайлары да кожоюндарын изме-из ээрчишет. Алар да өз өлкөлөрүндөгү оппоненттерин көзөмөлдөөгө аракет кылышат жана Исламга каршы күрөш алкагында мусулмандардын кыймыл-аракеттерин толук көзөмөлдөөгө урунушат.

Азыр Кыргызстанда ишке киргизилген “Ден соолук” тиркемеси жогоруда айтылган көзөмөл орнотуу ыкмасынын алгачкы кадамы болуп саналат.

Албетте, QR код ыкмасынын максады империалисттер тарабынан камкор, адамгерчиликтүү, кооз сөздөр менен шөкөттөлүүдө. Алардын биздеги малайлары болсо билип-билбей бул кептерди тотукушча сайроодо же сайроого мажбурланууда. Мисалы, биздеги бийлик өкүлдөрү башында аконит менен дабалануу тууралуу айтып чыккан эле, эми вакцина оозунан түшпөй калды…

Акыры, бул ыкма да алсыз бир адамдардын токуган айла-амалы гана болуп калмакчы жана ал анын авторлорунун өз баштарына муш болуп тиет, иншАллах.

Бардык күч-кудурет Аллахка гана таандык жана Ага тең келчү эч кандай кубат жок

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here