Түркмөнстан жарандардан VPN кызматын колдонбоону талап кылып Куранга ант ичирүүдө

194
0

Түркмөнстан жарандардан VPN кызматын колдонбоону талап кылып Куранга ант ичирүүдө

Түркмөнстанда бийлик үйүнө интернет туташтырууну каалаган жарандар VPN кызматын колдонбошу үчүн Куранга ант берүүсүн талап кылып жатышат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.

Маалыматта бийлик буга чейин интернетти чектөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуп келгени, интернеттин ылдамдыгы бул мамлекетте ансыз да өтө жай экени жазылган.

Интернет-технологиялар жаатына адистешкен Comparitech басылмасы жарыялашынча, Түркмөнстан интернеттеги цензура жагынан Беларус, Иран, Кытай, Түндүк Корея жана Сирия менен бир катарда турат. Түркмөнстанда Facebook, Twitter, YouTube сыяктуу социалдык тармактарга бөгөт коюлган.

Түркмөн президенттери “эгемендүүлүккө” жеткенден бери калкын диктатордук режим астында эзип келет. Башкача айтканда, өлкөдө бардык мыйзамдар бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурад Ниязовдун “Рухнаме” китеби жарык көргөндөн кийин маалымат каражаттары президентти пайгамбар деп атоого чейин барган. Буга каршы чыккан аалым Хожаахмад Оразклычевдин котормосунда түркмөн тилинде басылып чыккан 40 миң нуска Куръанды өрттөп жиберди. Муну менен эле чектелбей, Ашхабаддагы мечиттердин тең жарымын бузуп таштады жана ыйманына бекем турган мусулмандарды ар түрдүү айыптар менен камакка ала баштады.

Ниязовдон кийин бийликке келген Гурбангулы Бердимухаммедов да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү улантты. Улантмак тургай, ал күрөштү ого бетер күчөттү. Бердимухаммедов башчылыгындагы режим аалымдар менен мечиттерге эле эмес, коомдогу бардык исламий көрүнүштөргө каршы күрөшө баштады. 2015-2016-жылдары да өкмөттүн буйругу менен Дашогуз облусунда күч түзүмдөрү сакал койгон мусулмандарга “аңчылык” кылышты. Улуттук коопсуздук башкармалыгынын жана жол полициясынын кызматкерлери сакалы бар 50 жашка чейинки курактагы мусулмандарды кармап, “түшүндүрүү иштеринен”  кийин сакалдарын алууга мажбурлашты. О.э. аларга мажбурлап арак ичирип, чочконун этин жедиришкен. Күч түзүмдөрүнүн талабын аткарбаган ыймандуу мусулмандарды болсо эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга камап жиберишкен.

2017-жылы түркмөн бийлиги намаз окуган мусулмандарга каршы күрөштүн алкагында намаз окуган аскерий кызматкерлерди жана намаз окууну таштоо талабын аткаруудан баш тарткан мамлекеттик кызматкерлерди иштен бошотуп, аларга ар түрдүү басымдар өткөрүлгөн. Намазды таштоо талабын аткарбаган аскерий кызматкерлер куралдуу күчтөрдүн катарынан бошотулган, алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, Куръан китеби жана башка исламий китептер “конфискацияланган”…

Эми түркмөн бийлигинин эсине Куръан келип калыптыр. Бул нерсе бийликтин Куръанды да өз кызыкчылыгы жолунда пайдалангысы келгенин түшүндүрөт.          Түпкүлүгүндө, бул диктаторлор коркоктугу себептүү өз калкына зулумдуктарды ойлоп табат. Интернетти чектөө жана көзөмөлдөө дагы бийликке каршы маанайдын калыптануусунан корккондуктан жүргүзүлүп жатат. Айрыкча, Борбор Азиядагы Исламдын тездик менен жайылуусу түркмөн бийлигин дагы да коркунучка кептеп жатат. Анткени, Исламдын аймакта кең жайылуусу үммөттүн мүлкүн менчик кылып алган бир ууч аткаминерлердин жана ал жердеги колонизаторлордун табытын жакындатат. Себеби, Капитализм (демократия) системасы бир ууч байлардын ашынып байышына, калган калктын өтө жакырланышына шарт жараткан колониялдык система. Ошондуктан капитализм кулап, ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүп, адамга адам деген назарда кам көргөн система орнотулмайын адамзат дагы көпкө азап тартышы турган кеп. Андай система бир гана Исламда камтылган. Маселен, Ислам жетекчилеринин бири азирети Умар разияллоху анху халифа болуп турганда Мединада катуу кургакчылык болду. Асмандан бир тамчы жамгыр жаабастан, түшүм да аз болду. Натыйжада Мединада ачарчылык башталды. Адамдардын кыйналып жатканын көргөн азирети Умар (р.а.)нун жүрөгү эзилип, көбүнчө удаама-удаа орозо кармап, түнкүсүн аз гана зайтун майы жана каткан нан жейт эле. Умар (р.а.) ордунан турганда тону жыртык, курсагы болсо ачкалыктан “курулдап” турат эле. Ошондо ал курсагына карап: “Эй курсагым! Кааласаң курулда, кааласаң курулдаба, качан мусулман наристелердин курсагы тойгонго чейин сени тойгузбаймын!”- дейт эле… Мындай жетекчилерден Аллах дагы, үммөт дагы ыраазы болду. Ал эми өз калкына зулумдук кылган заалымдардын акыбети тарыхтан бизге маалым. Аллахтын динине каршы күрөшкөн канчалаган өкүмдарлар, ал тургай, өзүн “кудаймын” деген Фиравн сыяктуу залимдер кандай гана аянычтуу тагдырга дуушар болушкан. Аларды ээрчигендер кандай жаман акыбетти көздөй бара жатышканын эске албай жатышат.

 “Залим кимселер кандай акыбетке карай бара жатканын жакында билип алышат”. (26: 227).

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here