Өлкөбүздө колонизаторлук кадамдарынын ылдамдап бара жатканынан сак болууга чакыруунун убагы келбедиби?!

129
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Өлкөбүздө колонизаторлук кадамдарынын ылдамдап бара жатканынан сак болууга чакыруунун убагы келбедиби?!

Россия тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө мындай делет: «Тажикстан борбору Душанбеде Шанхай Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров пакистандык кесиптеши Шахмахмуд Курайший менен жолугушту. Эки министрдин жолугушуусунда тараптар регионалдык жана эл аралык проблемалар менен бирге Афганистандагы абалды талкуулашты».

Пакистан тышкы иштер министрлиги маалымдашынча, бейшемби күнү Пакистан премьер-министри Имран Хан жогору даражалуу делегацияны жетектеп, Өзбекстанга сапар кылган.

Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу Өзбекстанга сапар кылды. Ал сапарда Фергана өрөөнүндө болуп, Өзбекстанды «ата-бабаларыбыздын топурагы» деп белгиледи. Бул, АКШ жана Россия өкүлдөрү конференцияга катышуу үчүн Өзбекстанга сапар кылышканы туурасында көптөгөн кабарлар тараганда болду. «Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык байланыш. Коркунучтар жана мүмкүнчүлүктөр» деп аталган бул конференция Өзбекстан президенти Шавкат Мирзияевдин демилгеси менен 15-16-июль күндөрү Ташкентте уюштурулду.

Өз кезегинде, бул туурасында дүйшөмбү күнү Хизб-ут-Тахрир–Өзбекстан маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Малай жетекчилерибиз бул кимселерди жакшы маанайда күтүп алуу үчүн көрүп жаткан даярдыктарын кандай түшүнүүгө болот? Орто Азия жетекчилери алар менен кызматташууну сыймык деп билишүүдө. Алар азиздикти ушул баскынчылардан үмүт кылып жатышат. Аллах Субханаху айтат:

﴿وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ﴾

«Күч-кудурет Аллахтыкы, Расулунуку жана момундардыкы»                                 [63:8]»

Билдирүү минтип аяктаган: «Өлкөлөрүбүзгө көз салып жаткан бардык колонизатор мамлекеттерди иштерибизге аралаштырууну токтотушубуз, аларды, элчиликтерин өлкөдөн чыгарып салуубуз важиб. Бул Исламий жашоону кайрадан баштоо жолундагы чоң кадамдардын бири болот. Бул колонизаторлор өтө алсыз. Сыртынан айбаттуу көрүнгөнү менен ичинен чирип бүтүшкөн».

 Роя гезити, №348, 2021-жыл, 21-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here