Шойгу: Россиянын Тажикстан жана Кыргызстандагы аскерий базалары ЖККУ чек араларын коргойт

175
0

Шойгу: Россиянын Тажикстан жана Кыргызстандагы аскерий базалары ЖККУ чек араларын коргойт

 “Тажикстандагы базабыз бир топ күчтүү. Эгер зарылдык болсо, түздөн-түз агрессия болгон учурда ал ЖККУ чек араларын коргоого тартылат. Кыргызстандагы базабыз да кудум ушундай. Ал жерде да ошондой муктаждык пайда болушу мүмкүн”, – деди Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Шойгу: “Кеп Россиянын аскерий коопсуздугу тууралуу болуп жатканда, ЖККУга мүчө бул мамлекеттердин коргонуу потенциалы Россияга теңеле албайт жана Афганистан багытында Россиянын жардамына муктаж”, – деп баса белгиледи.

 “Талибан менен түзүлгөн келишимдер аткарылат деп ишенебиз. А бирок, буга чейинки жана андан мурунку тажрыйбаларга таянганда, буга дароо эле ишенүү кыйын. Булардын баары биздин мамлекетке келбеши үчүн анын үстүндө иштөө керек. Мында ЖККУ мүчөлөрүн колдоп-кубаттап, аларга жардам беришибиз керек”, -деди РФ коргоо министри.

Каржылык чыгым жөнүндө сөз болгондо, ага кетчү акчалар жаатында сөзсүз ойлонуу керектигин айтты.

О.э. Москва менен Душанбе Тажикстан армиясын кайрадан куралдандыруу боюнча биргелешкен программаны ишке ашырып жатканын, бирок учурда Тажикстан чек ара кошуундарынын согуштук потенциалын бекемдөө зарыл экендигин кошумчалады.

 Ал: “Бул дээрлик 204о-жылга чейин болжолдонгон ири программа. А бирок, азыр армия менен эле эмес чек ара менен да алектене турган негиздүү зарылдык пайда болду”, -деди.

 Комментарий: Россия бир тараптан Талибан кыймылын Москвада расмий өкмөттүк деңгээлде тосуп алып, сүйлөшүүлөр натыйжасында Талибан Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудурбайт деген билдирүү берип жатса, башка тараптан Талибан коркунучун көбүртүп көрсөтүү аркылуу региондогу аскерий аралашуусун бекемдеп алууга аракет кылып жатат. Себеби, Россиянын региондо таасирин сактап калууда аскерий кубатка таянуудан башка жолу калбады. Анткени, саясий жана экономикалык жактан мүмкүнчүлүктү АКШнын пайдасына колдон чыгарып барууда. АКШ регионду Россия чеңгелинен сууруп алуу үчүн ар түрдүү долбоорлор аркылуу иш алып барып жаткан бир учурда, Россия региондогу мамлекеттер менен биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүү жана аларга аскерий жардамдарды  берүү менен “тынчтыктын кепилдиги” болуп көрүнүүгө аракет кылууда. Россия куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчысы Валерий Герасимов Ташкентте өзбекстандык кесиптеши Шухрат Холмухамедов менен жолугушууда: “Россия Афганистанда курчуган кырдаалдан келип чыккан террордук коркунучтарга тийиштүү деңгээлде жооп берүү үчүн Борбор Азия мамлекеттерине аскерий -техникалык жардамдын көлөмүн көбөйтөт”, – деди.

 Сергей Шойгунун ЖККУ каржылык чыгымдар жөнүндө айтканына келсек, Россия бул каражаттарды да региондогу мамлекеттердин мойнуна жүктөгөнү турат. Демек, региондогу мамлекеттер Россияга аскерий базасы үчүн жер бергенден тышкары, “коргогону” үчүн да акы төлөшү керек болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here