Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестинден режимден азап тартып жаткандарга ачык кат

288
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестинден режимден азап тартып жаткандарга ачык кат

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин бул мубарек өлкөдөгү элибизге ачык кат жолдоп, ушуларды баса белгиледи: «Фалестин администрациясы кол койгон вакцина келишими себептүү миңдеген адам курман болушуна аз калгандыгы… жана бул келишимдин артынан Низар Банаттын өлтүрүлүшү өтө чоң кылмыш болду. Бул окуядагы өлтүргөндөрдү жана кылмышкерлерди сотко тартууну талап кылып чыккандарга карата Фалестин администрациясынын мамилеси андан да чоң кылмыш… Себеби, ал демонстранттарга чабуул кылып, кан төктү, көчөдө адамдарды сүйрөп жүрдү».

Катта Фалестиндеги фракцияларга, уюмдарга, судьяларга, укук коргоочуларга, активисттерге жана таасирдүү адамдарга мындай кайрылуу жасалды: «Бул карамүртөз залимдерди колунан кармап, акыйкатка ийип коюуга силер жооптуусуңар. Диниңер алдындагы жоопкерчилигиңер силерди режимдин кылмыштарына каршы туруп, аны тергеп-тескөөнү буюрат…

Биз коопсуздук кызматынын кызматкерлери режимдин бул кылмышкерлерин жана коррупционерлерин коргоп жатканына өкүнүчтөбүз. Ошондуктан, аларга чын жүрөктөн кайрылып, өз динине жана Умматы тарапка өтүүгө чакырабыз. Ал эми, динди да, боордоштукту да билбеген о.э. бийликтеги коррупционерлерди коргоп жаткан кылмышкерлерге келсек, силер алар Аллахтын азабынан жана өч алуусунан алыста деп ойлобогула».

Каттын аягында ушулар баса белгиленди: «Бул мубарек жерди баскынчы яхудийлерден азат кылуу рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Ислам Умматынан жана кошуундарынан нусрат талап кылууда өз тастыгын табат. Ошондой болгон соң, силер күчүңөрдү жана аракетиңерди бириктиришиңер керек. Мындан тышкары, душмандарыбыздан жана алардын куурчактарынын-малайларынын ролунан этият болгула. Алардын душмандарыбыздан алган кылмыштуу долбоорлорунан же «эки мамлекет» чечимдеринен сактангыла. Бул кылмышкерлерге таптакыр карабагыла жана бардык аракетиңерди Умматыңар менен байлап, Аллахтын бекем арканын бекем кармагыла».

 Роя гезити, №346, 2021-жыл, 7-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here