Жараксыз вакцина келишиминин алдында Низар Банаттын өлтүрүлүшү үрөй учурган кылмыш болуп эсептелет

221
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Жараксыз вакцина келишиминин алдында Низар Банаттын өлтүрүлүшү үрөй учурган кылмыш болуп эсептелет

Жума күнү миңдеген фалестиндиктер саясий активист Низар Банаттын табытын көтөрүп барып, Халил шаарында жаназа намазын окушту жана «Шухада» мүрзөсүнө көмүштү. Жаназага катышкан эл Фалестин администрациясын жана анын коопсуздук кызматын каралап кыйкырышты. Белгилүү болгондой, бейшемби күнү коопсуздук кызматынын кызматкерлери Низар Банаттын үйүнө бастырып кирип, аны аёосуз сабап, коопсуздук кызматынын башкармалыгына алып кетишкен жана ал ошол жерде өлтүрүлгөн.

Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин жериндеги маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Бул үрөй учурган кылмыш Фалестин администрациясынын былыктарын жана коррупциясын сындаган жана ушулар туурасында аны тергеп-тескен саясий активистти жок кылуу кылмышы болуп эсептелет. Бул кылмыштын болуп көрбөгөндөй ыпластыгы ушул – Низар Банат Фалестин режимин баскынчы мамлекет менен вакцина келишимин түзгөнүн сындагандан кийин бул кылмыш жасалды».

Хизб билдирүүдө ушуларды кошумчалады: «Бул кылмышта жалгыз гана Низар Банат бутага алынбаган. Жаман башкаруу жана адамдардын жанын, малын жана намысын сатуу сыяктуу кылмыштар үчүн режимди тергеп-тескеген, бул кылмыштарды ачыкка чыгарган ар бир адам бутага алынган».

Билдирүүдө мубарек Фалестин калкына кайрылуу жасалды: «Эй мубарек Фалестин калкы! Бул режим жана анын коопсуздук кызматы силерге каршы кылмыш кылууну токтотушпайт, себеби, алар силердин душманыңардын тобунда турат. Деги, баскынчы яхудийлер үчүн ыйык жайларыбыздан жана жерибизден баш тарткан, алар менен коопсуздук жаатында кызматташуу негизинде иштеп жаткан кимселерден ар кандай карамүртөз иштерди күтүү мүмкүн го?!

Фалестин режими бул окуя боюнча тергөө комиссиясын түзүшү маскарапоздуктан башка нерсе эмес. Кантип эле, бул комиссия Мажид Фараж, Хусайн Шайх, Махмуд Аббас сыяктууларды тергөө кылсын?! Акыры, яхудийлер менен коопсуздук жаатында кызматташуу негизинде иштөө кылмышы Фалестин калкынын ондогонун шейит болушуна жана жүздөгөнүнүн камакка алынышына себеп болгонун тергөө комиссиясы ачыкка чыгарышы мүмкүнбү, муну андан күтүү күлкүлүү го?!».

Фалестин режими кудум Куръанда айтылган شجرة خبيثة ыплас даракка окшойт. Ал – баскынчы мамлекет менен малай режимдердин мусулман өлкөлөрүндөгү улантуучусу. Демек, анын кылмыштарына, силер, мубарак Фалестин калкы режимге каршы туруп, анын кылмыштарын ачыктоо менен коюлат. Залимдердин жана саткындардын жүзүнө акыйкатты ачык айткыла жана Аллах жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркпогула. Себеби, Аллах силер менен, Ал амалдарыңарды текке кетирбейт.

 

Роя гезити, №345, 2021-жыл, 30-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here