Эрдаган Түркиясы Кипр проблемасында АКШнын чечимин алга сүрүүдө, Европа болсо аны четке кагууга урунууда

196
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган Түркиясы Кипр проблемасында АКШнын чечимин алга сүрүүдө, Европа болсо аны четке кагууга урунууда

«Turkpress» веб-сайтында хижрий 1442-жылы 13-зулкаъда, миладий 2021-жылы 24-июнь күнү жарыяланган кабарда мындай делет: «Германия канцлери Ангела Меркель Европа Союзу менен Түркия ортосунда диалог жараянын тездетүү зарылдыгын жана бул жалпы кызыкчылыктар негизинде биргеликте кызматташып өнүгүү үчүн зарыл экендигин баса белгиледи. Меркель бул сөздөрдү Германия парламентинде ушул жылы 24-25-июнь күндөрү болуп өткөн Европа саммити алдында айтты. Ал Түркияда 3,7 миллион сириялык бар экенин эске салып, миграция боюнча Түркия менен түзүлгөн келишимди каржылоону улантуу үчүн БУУнун качкындар боюнча комиссариятынан сунуштарды берүүнү талап кылды. Меркель: «Белгилүү болгондой, миграция проблемаларын Түркия менен, жана диалог аркылуу гана чечүү мүмкүн», – деди».

Роя:

Германия жана Франция Түркия менен бир пикирде болуу зарыл деп билүүдө. Анткени, Түркия Америка саясаты боюнча кадам шилтейт жана бул Европанын Жакынкы Чыгыштагы жана Жер Ортолук деңиздеги кызыкчылыктарына зыян келтирүүдө, кудум жакында Ливияда болгондой. Европалыктар Кипрдеги «эки мамлекет» чечимине ачык нааразылык билдиришти. Себеби, бул алардын Кипрди толук көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Белгилүү болгондой, Түркия тарабынан жакында алга сүрүлгөн «эки мамлекет» долбоору Америкага таандык. Долбоордо Кипрдин болжол менен 70 пайызын Греция көзөмөлдөшү жана Кипр-Түрк мамлекети үчүн 1974-жылдагы чегаралар боюнча өлкөнүн 30 пайызы жетиштүү экени айтылган.

Шек-күмөнсүз, мындай долбоорду алга сүрүү – бул Эрдаган Түркиясы режиминин кыянаты. Себеби, Кипр бүтүндөй Ислам жери болуп эсептелет. Бул жер үчүнчү рошид халифа Усман ибн Аффан розияллаху анху заманында мусулмандардын колу менен фатх кылынган. Кийин кресттүүлөр аны Фалестин менен бирге басып алышкан… Кийин Кипр кайра азат кылынган. 1914-жылы экинчи дүйнөлүк согуш башталганда Британия Кипрди өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. Кийин Британия ага 1960-жылы жасалма эгемендүүлүк берип, гректерге ал жердеги мусулмандарга өкүмдарлык кылуу укугун берди жана көпчүлүгүн кууп чыгарды. Британия Кипрде эки аскерий база курган жана алар дагы эле бар. Америкага келсек, ал Кипрде таасирин Эрдаган Түркиясы жардамында орнотууга, арийне, бул эки базаны өз көзөмөлүнө алууга урунууда.

Роя гезити, №345, 2021-жыл, 30-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here