Курбан Айт куттуктоосу

335
0

Курбан Айт куттуктоосу

Аллахка мактоолор болсун. Аллахтын Расулуна, ал кишинин үй-бүлөсү жана сахабаларына о.э. ал кишини дос туткандарга саламдар жаалсын. Амма баъд…

Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллох, Аллаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд…

Аллахка ыйман келтирген, жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтара турган о.э. адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болгон Ислам Умматына

Бир бүтүн Ислам Умматынын ажыралгыс бир бөлүгү болгон – Кыргызстан мусулмандарына

Алардын арасынан, даъватты Аллах Таала айткан жана Расул Акрам с.а.в. көрсөткөн тарыйкатта алып барып жаткан даъватчыларга

Калыстык менен акыйкатты колдоп, даъватчыларыбызды колдоп-кубаттап жаткан бир туугандарга…

Бардык-бардыгыңарга ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух…

Урматтуу мусулман бир туугандар, сиздерди мубарек Курбан Айты менен куттуктайбыз. Кудурети улуу Аллахтан ушул айтты бүткүл мусулмандарга жакшылык-береке ачкычы кылышын сурайбыз.

Былтыртан бери таажылуу вирус толкундарынын улам жаңы кесепеттери менен сыналуудабыз. Кудуреттүү Аллах баарыбызды бул илдеттен арылтышын жана баарыбызды туура жолго башташын сурайбыз.

Өткөн Мубарек Рамазан айында, мусулмандарды майда мамлекетчелерге бөлүп ташташкан колонизатор кафирлер менен алардын малайлары Кыргызстан менен Тажикстан чегарасында фитна чыгарууга жетишишти. Кыблабыз бир, Кураныбыз бир, Пайгамбарыбыз бир, Орозобуз бир болушуна карабастан, биз, мусулмандар, бул фитнанын алдында алсыздык кылдык. Жана бул фитна азыр да бүткөн жок, тескерисинче, жаңы баскычтарга өтүүдө. Мындай фитналар аймагы кеңейип, Орто Азия фитналары Афганистан фитнасына аралашып барууда. Булардын баары кафир колонизаторлордун кызыкчылыктар талашы жолунда болууда.

Урматтуу мусулмандар, силердин Курбан айтыңар да бир. Силер бир бүтүн Умматсыңар. Биздин бир бүтүн экенибизди унутуп, бизди бөлүп жарган колонизатор кафирлер менен алардын малайларына, алардын “улутчулдук” же “мекенчилдик” жалган ураандарына ээрчигениңер үчүн ушундай фитналарга кириптер болуп жатасыңар. Жетишер! Бир бүтүн Уммат катары, бир бүтүн Халифалык мамлекетинде биригүүнүн убагы келбедиби?! Албетте келди. Андыктан, Исламыңарга жүздөнгүлө, силерди ыйманыңар, Исламыңар бириктирсин! Силердин Курбан Айтыңар бир, андагы Калимаңар, Такбириңер, Айт намазыңар… бардыгы бир. Силер мусулмандарсыңар, силер Мухаммад Умматысыңар… Айт күндөрү алакан жайып дуада болгон чагыбызда, бири-бирибиздин акыбызга дуада болойлу. Курбандык чалууда Иброхим а.с. амал кылганындай, бул фитналардан шариятка ылайык амалдар аркылуу арылалы.

Аллах Таала чалган курбандыктарыңыздарды кабыл алган болсун, Ийдуль-Адханын сооптору менен сыйласын!

Хизб – Кыргызстандын маалымат бөлүмү

  1. 07. 21.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here