Даъватты көтөрүп чыккан эки шейхибиздин каза болгону тууралуу кабар

264
0

Даъватты көтөрүп чыккан эки шейхибиздин каза болгону тууралуу кабар

﴿مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَنْ يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً﴾

«Момундар арасында Аллахка берген өз убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту (т.а. шейит болду), айрымдары болсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок»                                                                                [33:23]

Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаяты Хизбдин эң азиз мүчөлөрүнөн болгон жазуучу шейх Ахмад Раис Шишаний (Абу Ахмад Шишаний) жана устаз Мухаммад Хаттаб Мисад Умарийдин (Абу Иад Умарий) каза болгонун кабарлайт.

Бул устаздарыбыз 2021-жылы 5-июль күнү Аллахтын рахматына сапар алышты. Алар өмүрлөрүнүн аягына чейин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн тогут режимге каршы көп жыл олуттуу пикирий жана саясий күрөш алып барышты.

Шейх Абу Ахмад Шишаний менен устаз Абу Ияд Умарий рахимахуллахтар исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Хизб-ут-Тахрирдин сабында аракет кылышып, бул жолдо түрдүү кыйноолорду жана камак сыяктуу оор сыноолорду башынан өткөрүштү… казалары жетип, Роббисинин алдына сапар тартышканга чейин акыйкат үстүндө бекем турушту, нусрат жөнүндө кушкабар беришти о.э. маъруфка буйруп, мункардан кайтарууда бекем турушту.

Аллах Тааладан бул боордошторубузду Өзүнүн кең рахматына алышын, бейишине киргизип, бизден о.э. Ислам жана мусулмандардан аларды жакшы сыйлык менен сыйлашын сурайбыз.

Берүүчү да, алуучу да Аллах… Биз болсо, Роббибиз ыраазы болгон сөздү гана айта алабыз:

﴿إِنَّا للهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾

«Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз»                                                                                                        [2:156]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here