Сахаба (р.а.)лар ыйманий мухитте жашашкан
Сахаба (р.а.)лар биринчи күндөн баштап ыйманий мухитте жашашкан. Ыйманга туура келбей турган ишти кылуу – Мекке доорунда да – оор кылмыш, шерменде-уят иш болгон. Аммар ибн Ясир (р.а.) мажбурий абалда куфр сөзүн – Хубалды тилге алышын сахабалар кабыл алышпаган. Аммар (р.а.) бул ишинен улам кыжалатчылыктан, шерменделиктен катуу азап тарткан. Качан гана, Расулуллах (с.а.в.) “пенде өлүм коркунучуна дуушар болуп, мажбурий абалда кылган ишине күнөөкөр болбойт” деп, мажбур абалда Исламга тескери нерселер жаиз болушун айткандан кийин гана Аммар (р.а.)дагы кыжаалатчылык кетти. Бул мухит ар кандай түшүрүлгөн өкүм сөзсүз аткарылышына аябай зор түрткү болгон, мухит нукура исламий абалда уланган. Кийинчерээк Мадинада да ар кандай өкүм түшөрү менен амал кылууга шашылышкан.
Биз да ошондой мухитти кайрадан пайда кылышыбыз керек. Антпесек, шаръий өкүмдөрдү назарий (теориялык) жактан үйрөнгөнүбүз менен ал өкүмдөрдүн жашоодо таасири болбойт, куфр чеңгелинен кутула албайбыз. Учурда биз аябай көптөгөн өкүмдөрдү билебиз, бирок мухитибизди ыйманий кылып албагандыктан аларга амал кыла албай жатабыз. Мисалы: Исламды үйрөнүү эң зарыл жана тарыйкаттагы биринчи кадам деп билсек да, Исламды үйрөнбөстүктө өзүбүздү айыптуу сезбейбиз. Бул нерсе момундарда адаттагы көрүнүшкө айланып калган: “Ошондуктан да, Ислам даъваты адамдарга турмуш проблемаларын чечип бере турган түзүмдөрдү көтөрүп чыгышы керек. Себеби, исламий даъваттын ийгилик сыры – анын адамды адам катары толугу менен дабалай ала турган (муалажа) жана анда бүтүндөй жан дүйнө төңкөрүшүн пайда кыла ала турган жандуулугунда.
Бул даъватты жаюучулар эгер дилдерине бийиктикке умтулуу үрөнүн себишпесе, ар дайым акыйкатты издешпесе, илешип калган жат түшүнүктөрдөн тазалоо үчүн билген нерселеринин ар бирин дайыма текшерип турушпаса, көтөрүп чыгып жаткан пикирлери таза-тунук сакталып калуусу үчүн, жакындашса жабышып алышы мүмкүн болгон ар кандай пикирлерди андан алыстатышпаса, анда эч качан өз жоопкерчиктерин аткара алышпайт жана алдыга коюлган милдеттерин өтөй алышпайт. Себеби, пикирлердин таза жана тунуктугу – ийгиликтин жана бул ийгиликтин дайымий турушунун кепилдиги болуп саналат”. (“Ислам түзүмү” китебинен).
Азыркы бузук коомго ыраазы болуу арам экендигин ким билбейт? Бирок күндөр, айлар, ал тургай жылдар өтүп кетсе да, биз коомго карата эч нерсе кылбастыкта өзүбүздү күнөөкөр эсептебей жатабыз, ушундай эмеспи?!
Абу Масъуд (р.а.)дан риваят кылынган хадисте Расулуллах (с.а.в.) айтат: «Бани Израилге эң алгач кирген кемчилик ушул болчу, бир киши башка кишиге жолуккан учурда: «Эй баланча, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиңди таштагын, себеби бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес», деп айтат эле. Андан соң эртеси күнү аны менен жолугушкан учурда аны дагы кайрадан ошондой абалда көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбайт эле. Анан алар ушундай кылган соң, Аллах алардын айрымдарынын дилдерин айрымдары менен урду». Андан соң Расулуллах(с.а.в) төмөнкү аятты кыраат кылды:
لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
„Бани Израил арасынан кафир болгон кимселер Давуд менен Иса ибн Марям тили менен каргышка калышкан. Буга себеп алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары, алар бири-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кишилерди дос тутканын көрөсүң. Аларга напис-каалоолору кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгер Аллахка, пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде, аларды (кафирлерди) дос тутпаган болушар эле. Бирок, алардын көптөрү фасык-баш ийбес кишилер “. [5:78-81]
Андан соң: «Жок, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер албетте залимдин колунан кармап аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыңар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же албетте Аллах кээ бирлериңерди кээ бирлериңердин дили менен урат, андан соң аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт», – деди.
Абу Саид ал-Худрий(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Силерден ким мункарды көрсө, аны колу менен кайтарсын. Кудуреттүү болбосо тили менен, буга да жарабаса, дили менен өзгөртсүн. Бирок, бул ыймандын эң алсызы», – деген. Адий ибн Умайр(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Албетте Аллах жеке адамдардын амалы себептүү жалпыны азаптайт. Тээ алар өздөрүнүн арасында мункарды көрсө, аларды кайтарууга кудуреттүү болуп туруп кайтарышпаса, ошондо Аллах жеке адамды да, жалпыны да бирдей азаптайт», – деген. Хузайфа ибн Яман(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун, албетте силер маъруфка буюруп, мункардан кайтарасыңар, же Аллах силерге Өзү тараптан азап жиберет. Ошондон кийин силер Ага дуба кыласыңар, Ал болсо кабыл кылбайт», – деген.
Абу Усман Мухаммад