Зулум таяктары эмес, жер жүзүнүн жакшы кошууну болгула

227
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Зулум таяктары эмес, жер жүзүнүн жакшы кошууну болгула

 Устаз Абдулхалик Абдун Али

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Элдин колдоосуна таянбаган рувайбиза акимдер калктарды бастырууда адатта армия жана полициядан пайдаланат. Акыйкатта болсо, бул адамдар өздөрүнүн жөнөкөй укуктарын талап кылышат жана иштерин башкарбай, бүтүндөй таштап коюшкандыктан тогут акимдерге каршы козголушат. Түпкүлүгүндө, бул иш адамдардын жөнөкөй укуктары эле эмес, Ислам милдеттендирген важиб мухасаба (тергеп-тескөө) болуп эсептелет. Рувайбиза акимдер адамдарды турмуштун бардык тармактарында түрдүү азап-кыйынчылыктарга салып, залим капиталисттик түзүмдү колдонуу менен алардын жашоосун түйшүккө айлантып келишүүдө.

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ

«Адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар»                                                                     [3:110]

Тирмизий Хузайфадан кылган риваятта Расулуллах ﷺ айтты:

«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنْ الْمُنْكَرِ، أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللَّهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَاباً مِنْهُ ثُمَّ تَدْعُونَهُ فَلَا يُسْتَجَابُ لَكُمْ»

«Жаным колунда болгон Затка ант, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар же Аллах силердин үстүңөрдө Өз алдынан бир жаза жиберет. Кийин дуа кыла бересиңер, (бирок) дуаңар кабыл болбойт».

Абу Хурайрадан Байхакий, Табароний жана Ибн Хиббан Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылышат:

«إِنَّهُ سَيَكُونُ عَلَيْكُمْ أُمَرَاءُ يَعْمَلُونَ بِمَا يَعْلَمُونَ، وَيَفْعَلُونَ بِمَا يُؤْمَرُونَ، وَسَيَكُونُ مِنْ بَعْدِهِمْ أُمَرَاءُ يَعْمَلُونَ بِمَا لَا يَعْلَمُونَ، وَيَفْعَلُونَ مَا لَا يُؤْمَرُونَ، مَنْ أَنْكَرَ فَقَدْ سَلِمَ، وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ»

«Башыңарга ушундай өкүмдарлар келет, билген нерселерине амал кылышат жана өздөрүнө буйрулган иштерди аткарышат. Алардан кийин дагы ушундай бир акимдер чыгат, билбеген нерселерине амал кылышат жана өздөрүнө буйрулбаган иштерди аткарышат. Кимде-ким аларды кайтарса, күнөөдөн саламат калат. Бирок, ыраазы болуп, ээрчисе…».

Тирмизий Каъба ибн Ажурадан сахих санад менен риваят кылат: Расулуллах ﷺ биздин алдыбызга келди, биз тогуз киши элек. Ал мындай деди:

«اسْمَعُوا! هَلْ سَمِعْتُمْ أَنَّهُ سَيَكُونُ بَعْدِي أُمَرَاءُ، فَمَنْ دَخَلَ عَلَيْهِمْ فَصَدَّقَهُمْ بِكَذِبِهِمْ وَأَعَانَهُمْ عَلَى ظُلْمِهِمْ فَلَيْسَ مِنِّي وَلَسْتُ مِنْهُ وَلَيْسَ بِوَارِدٍ عَلَيَّ الْحَوْضَ، وَمَنْ لَمْ يَدْخُلْ عَلَيْهِمْ وَلَمْ يُعِنْهُمْ عَلَى ظُلْمِهِمْ وَلَمْ يُصَدِّقْهُمْ بِكَذِبِهِمْ فَهُوَ مِنِّي وَأَنَا مِنْهُ، وَهُوَ وَارِدٌ عَلَيَّ الْحَوْضَ»

«Сөзүмдү уккула! Уккан белеңер, менден кийин келечекте ушундай акимдер болот, кимде-ким алардын алдына кирип, жалганын тастыктаса, зулумдарына жардам берсе, демек, ал менден эмес, мен андан эмесмин жана Хавзыма жолотулбайт. Кимде-ким алардын алдына кирбесе, зулумдарына жардам бербесе, жалгандарын тастыктабаса ал менден, мен анданмын жана Ал Хавзымдан суу ичет».

Ташриий булактарыбызда бул жана башка далилдер өтө көп. Алардын баары акимдерди иш-аракеттери үчүн мухасаба кылуу фарз экендигин түшүндүрөт. Эгер, акимдер жарандардын акы-укуктарын тебелесе, же алар алдындагы өз милдеттерин аткарууда кемчиликке жол берсе, же болбосо жарандын ишине кайдыгерлик кылса, өзгөчө, Ислам өкүмдөрүнө тескери иш кылып, Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм жүргүзбөсө, анда, мындай абалдарда алардын өзгөртүүгө үндөгөн буйрук катъий буйрук болуп калат. Акимдерди мункардан кайтаруу ыкмаларына күч колдонуу, күч менен тыйып коюу жана катуу сүйлөө, басым кылуу, тынч демонстрацияларды өткөрүү, макалаларды жазуу, шарият мубах кылган ушул сыяктуу жана башка ыкмалар кирет. Мындай акимдерди мункардан кайтарбаган кимсе күнөөдө аларга шерик деп каралат. Акимдерди мухасаба кылбаган мусулмандар күнөөдө аларга шерик деп эсептелет. Мунун далили – акимдерди мухасаба кылуунун фарз экендиги, аларга каршы туруу жана кайдыгерлик кылбоо туурасындагы карина.

Эй мусулман кошуундары!

Силерди өздөрү каалаган убакта жана каалаган тарапка аракеттендирип жаткан бул тогут акимдерге куурчак болуп кала бербегиле.

Эй Исламдын эң жакшы кошуундары!

Армия-кошуундар бул максатта түзүлбөйт. Силер эң жакшы кошуундарсыңарбы, демек, түпкү милдетиңер – Умматыңар тарапта туруу, Исламга жана алсыздарга нусрат берүү, Аллахтын калимасы бийик болуп, кафирлердин сөзү төмөн болушу үчүн Аллах жолунда жихад кылуу. Максатыңар эки ажайып нерсенин бири болушу керек т.а. эч артка кайтпай нусратка жетүү же Аллах жолунда шейит болуу. Демек, бул даңктуу нерсени түшүнүп, шайтандарды дос туткан, АКШ жана кафир Батышка малайлык кылып жаткан акимдериңерге итаат кылбагыла. Өз элиңердин душмандары болбогула о.э. колонизатор кафир Батыштын элиңерге зулум кылуудагы куралына айланып калбагыла.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلاَ تَوَلَّوْا عَنْهُ وَأَنْتُمْ تَسْمَعُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Расулуна моюн сунгула жана (Куръанды) угуп туруп, андан баш тартып кетпегиле!»                                                                                            [8:20]

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَلاَ تُبْطِلُوا أَعْمَالَكُمْ

«Эй момундар, Аллахка моюн сунгула! Расулуна моюн сунгула! Жана иштериңерди бейпайда кылып койбогула!»                                                                                      [47:33]

Силер:

﴿إِنَّ رَحْمَتَ اللَّهِ قَرِيبٌ مِنَ الْمُحْسِنِينَ

«Аллахтын мээрими жакшы амал кылуучуларга жакын»                                         [7:56]

деген Аллахтын убадасына ишенгиле, Мухаммад Умматына ишенгиле. Ал өтө ажайып жакшылыкка бай Уммат, Аллах аны дини үчүн тандап чыгарган жана адамдарга күбө кылган. Бүгүн Ислам Умматы өтө оор кыйынчылыктарга туш болууда, бирок, ага карабастан, ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен Расулуллах ﷺдын башаратын – Аллахтын уруксаты менен – албетте жүзөгө чыгарууга кудуреттүү. О.э. Уммат – Аллахтын уруксаты менен – жер жүзүн кафирлердин жана алардын малайларынан тазалоого, Римди фатх кылууга, Исламды жер жүзүнүн батышынан чыгышына чейин жаюу менен бул башаратты жүзөгө чыгарууга кудуреттүү.

Эй эң жакшы кошуун!

Муну жүзөгө чыгаруу үчүн Халифалыкты тикелөө, Аллахтын динин жер жүзүндө үстөм кылуу, Исламды даъват жана жихад аркылуу бүткүл дүйнөгө алып чыгуу идеясы үчүн аракет кылып жаткандарга нусрат-жардам берүүгө татыктуу кошуунга айланышыңар зарыл. Билип койгула, бул максат үчүн Хизб-ут-Тахрир күндү түнгө улап, мал-жанын жумшап о.э. улуу аалым Ата ибн Халил Абу Руштанын хафизахуллах жетекчилиги астында аракет кылууда. Хизб Пайгамбарыбыз алайхиссаламдын:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», деген башараты жүзөгө чыкмайынча өз аракетин токтоосуз улантат.

Аллахым, ушул жакшылыкты Мухаммаддын Умматына жеткир, Умматтын перзенттеринин жана кошуундарынын жүрөктөрүн ачып, акыйкатты угуучу кылгының.

Аллахым, мусулмандардын жүрөктөрүн бири-бирине жакын кыл, араларын оңдо, аларды нусратыңа жана ыраазылыгыңа жеткир.

 

Роя гезити, №342, 2021-жыл, 9-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here