Жапаров менен Рахмон Тажикстанда чек ара маселесин талкуулашты

231
0

Жапаров менен Рахмон Тажикстанда чек ара маселесин талкуулашты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Дүйшөмбү шаарындагы жолугушуусунда чек ара маселеси негизги тема катары талкууланды.

Рахмон кеңири форматтагы жыйындан кийин сүйлөшүүнүн чордонунда мамлекеттик чек аралардын линиясын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси турганын ырастады. Анын айтымында, мамлекеттик чек аранын 520 чакырымдай тилкеси такталган. Жумушчу тартипте дагы 32 чакырым макулдашылды.

Ал эми Жапаров жыйындан соң, тараптар каалабаган жаңжалды баштан кечиришкенин айтты. “Биз бардык чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгиледик”, – деди Жапаров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар төрт документке кол коюшту. Төрт макулдашуунун биринчиси пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө, экинчиси мамлекеттик кызмат жөнүндө, үчүнчүсү жаштар саясаты жөнүндө, төртүнчүсү мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кызматташуусу жөнүндө болду. Ал документтерге эки тараптан тиешелүү министрлик, агенттик жана кызматтардын жетекчилери кол коюшту. Бирок биз көргөндөй, кол коюлган документтердин арасына чек ара маселеси кирген жок.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кол коюлган протокол боюнча 112 чакырым жер чийүүгө берилгенин билдирген.

          Белгилүү болгондой Кыргызстан бийлиги буга чейин Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек араны толук чечүү аракеттери башталгандан кийин кыргыз-тажик чек арасында кандуу окуя болуп өткөн. Кандуу каргашанын артында Орусиянын коопсуздук кызматы туруп уюштурганы эксперттер тарабынан айтылган. Анткени, Орусия Борбор Азиядагы таасирин сактап туруу үчүн чек ара, улутчулдук, мигранттар маселесинен жана экстремизм-терроризм жасалма коркунучун көзүр карта катары колдонот. Демек, Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасы толук чечилиши анын кызыкчылыгына каршы келет. Жапаров айткандай, тараптар каалабаган жаңжал мына ушул кызыкчылыкка каршы кадам болгондуктан келип чыкты. Чек ара маселеси Орусиянын кызыкчылыгына каршы келишин тараптар бул маселени келишимдердин арасына киргизе албаганы да ачыктап турат.

          Ал эми тараптардын жолугушуусуна жана чек араны тактоо аракетине келсек, ар бир адамда жашоо үчүн күрөшүү инстинкти болгондой эле бул өлкө жетекчилери да элин багууга мажбур. Бул үчүн чек аралар ачылып, соода байланыштар тез арада жолго коюлушу шарт. Муну Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов да ырастады. Анын айтымында, бардык чектөөлөр убактылуу. Ал «Азаттык» радиосуна берген маегинде: «Мындай абалдын Тажикстанга да, Кыргызстанга дагы кереги жок. Муну биз да, алар да түшүнүп турат», – деп билдирди.

Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азиядагы чек ара маселесине чекит коюлушу, тилекке каршы, Орусиянын маанайына байланыштуу. Ооганстан маселеси курч абалда тургандыктан, ал өзүн региондогу “тынчтыктын кепилдиги” катары көрсөтүүгө олуттуу аракет кылууда. Региондогу малай жетекчилер болсо анын айтканы менен болуп, анын кызыкчылыгына туура келгенде диндеш эки калк ортосунда душмандык пайда болушуна салым кошуп жатат. Анын кызыкчылыгы достошууну талап кылса, эл арасында аброю түшсө да бул кадамга барышууда. Демек, биз мусулмандар чек ара маселесин туура чечүү үчүн алгач мына ушул колонизаторлук саясаттан кутулушубуз шарт! Андан соң Аллах бизге жашообуздун ар бир бөлүгүнө чечим катары берген  Ислам динибизди талыкпай үйрөнүп, анын өкүмдөрүнө азуу тиштерибиз менен бекем жабышалы. Ислам дини мусулмандарды улутчулдук сыяктуу ыплас адаттардан кайтарат. Ошондой эле боордошунун канын жазыксыз төгүүнү оор кылмыш катары белгиледи. Муну менен катар боордош, диндеш элдер арасында чек ара тосууну арам кылып, тескерисинче ынтымактуу жана урмат-сый ичинде жашоону талап кылат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here