Газанын бекем турушу жана саясий эксплуатациянын коркунучу

188
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Газанын бекем турушу жана саясий эксплуатациянын коркунучу

 Устаз Ахмад Хутваний

Газанын эр жүрөк калкы яхудий вужудунун жырткыч чабуулдарына каршы бекем турушту. Бул болсо, мусулмандар келечекте Умматтын жүрүштөрүндө куфр күчтөрүнө жана кол салууларына каршы эң ири согуштарга да кирүүгө кудуреттүү экенин көрсөттү. Бул эрдик бир тараптан башынан аяк куралданган жана жаңы түрдөгү куралдарга ээ яхудий вужудунун армиясы тарабынан курчоого алынган, Синай тараптан болсо, Сисий режими тарабынан курчоого алынган бир бөлүк жерде болду.

Газанын бул өзгөчө бекемдиги-эрдиги төмөндөгү эки акыйкатты ырастады:

  • Баскынчы яхудий вужудунун күчсүздүгү жана алсыздыгы о.э. аны анык катуу жеңилүүгө учуратуу мүмкүн экендиги.
  • Мусулмандарда аз мүмкүнчүлүк менен да эң ири мамлекеттерди жеңүүгө кудуреттүү чоң жашыруун күчтүн бар экендиги.

Газа секторундагы аскерий жетекчилик баскынчы мамлекеттин аскерий күчтөрүнүн зулум-зомбулугуна каршы турууда ийгиликке жетишти. Өз кезегинде, бул ийгилик ушул жетекчиликти ошол жетишкен ийгиликтерине ылайык бирер таасирдүү саясий иштерди жасоого жоопкер кылды.

Саясий иштердеги эксплуатациянын эки түрү бар:

  • Мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн эксплуатациясы;
  • Калктардын жана уюмдардын эксплуатациясы.

Бул эки эксплуатациянын ортосунда чоң ажырым бар. Ушул себептен улам, алардын бириктирүү кыйын, ал тургай, мүмкүн эмес десе болот. Себеби, алардын ортосунда чоң келишпестик бар.

Бүгүнкү күндөгү бардык мамлекеттер жана өкмөттөр – Исламга жана мусулман калктарга душман. Бардык акимдер колонизаторлорго жалданган болуп, малайлык жана саткындык кылышууда. Алардын бирин экинчисинен жакшы деп болбойт, баары бирдей, эч бирине ишенүүгө болбойт.

Мисир Фарс Булуңу мамлекеттеринен, Түркия болсо, Иран жана Пакистандан айырмаланбайт, мусулмандар маселесинде баарынын тили бир. Өздөрүн дос деп жаткан мамлекеттер өздөрүн каршылык көрсөтүүчү деп атап жаткан мамлекеттерден айырмаланбайт. Кыянат жана малайлыкта бул мамлекеттердин жетекчилиги башка мамлекеттердин жетекчилигинен айырмасы жок, аталышы жана ураандары гана айырмалуу.

Ошондуктан, өз аскерий каармандыгын эксплуатация кылып ишке ашырган Хамас жетекчилигинин эң жаман иши – Иран жана Сирия сыяктуу «каршылык огу» деп аталып жаткан мамлекеттердин акимдерине мактоолор айтканы болду. Бул мамлекеттер өз армиялары менен Сирия калкын союп, канын ичкенине, миллиондогонун азап-кыйынчылыктарга салып, качкынга айлантканына, үй-жайларын жашоочулары менен бирге жер менен жексен кылганына карабастан, Хамас жетекчилиги аларга мактоолор айтты.

Хамас жетекчилеринин каталары арасында эң үрөй учурганы – алар Фалестин администрациясына жакындашууга байланыштуу саясий эксплуатациясы болду. Акыйкатта болсо, баскынчы яхудийлер Газа агрессия кылганда бул администрация яхудийлер менен бирге туруп, баскынчылыкка каршы өткөрүлгөн бардык демонстрацияларды бастыруу менен алектенди.

Жакында Фатх кыймылынан бөлүнүп чыккан Насир Кудва өз билдирүүсү менен администрациянын кимдигин ачыктады. Ал Фалестин администрациясынын вазыйпасы баскынчы мамлекет менен коопсуздук жаатында кызматташууга чектелбестен, ал кызматташуудан кыйла чоң вазыйпалар менен алектенет, мисалы, Фалестин администрациясына караштуу коопсуздук кызматкерлери аскерий амалий билимди түздөн-түз баскынчы армиядан алат деди.

Демек, Фалестин режими коопсуздук тармагында баскынчы режимге айланды, аны менен мамиле кылуу баскынчы менен мамиле кылууну түшүндүрөт. Ошондуктан, Хамастын милдети мындай режим менен мамиле кылуунун ордуна, аны тактыдан кулатып, бүтүндөй жок кылуу болчу. Хамастын жакындагы согуштан жеңиш менен чыгышы – учурда эң алсыз абалда турган Фалестин режимин кулатуу үчүн алтын учур.

Хамастын Фалестин режими менен келишүү аркылуу эл аралык коомчулукка жана Америкага жакындашып жатканына келсек, бул нерсе ага эч кандай пайда алып келбейт. Тескерисинче, бул Хамасты өлтүрөт жана келечекте баскынчы мамлекет менен сүйлөшүү алып баруу баткагына тыгат.

Халид Машъал, эмне үчүн Америка биз менен Талибанга кылган мамилесин кылбай жатат, деген суроону көтөрдү. Биз бул суроого мындай жооп беребиз: Америка Талибанга күчсүз позицияда мамиле кылды, күчтүү үстөм позицияда тура албады. Талибан Американын малайы афган өкмөтүн моюнга алган жок, ал эми, Хамас Махмуд Аббас өкмөтүн моюнга алды. Эгер, Хамас Фалестин администрациясын бойкот кылып, моюнга албаганда жана аны жок кылууга аракет кылганда о.э. Фалестиндин сексен пайыз жерин эч кандай акы албай яхудийлерге берип салган Фалестин Азаттык (моюн сунуу жана жан берүү) Уюмун да бекер кылганда о.э. бир уюм эмес, бир саясий вужудга негиз салганда Америка жана эл аралык коомчулук да аны менен алака кылмак. Себеби, Хамастын бул позициясы күчтүү позиция болуп, Америка аны менен сүйлөшүү алып барууга мажбур болмок, күчтүү позицияда турган жана саясий вужуд эсептелген Талибан сыяктуу.

Туура, Талибан кыймылынын Америка менен сүйлөшүүгө отурганы өтө чоң саясий жаңылыштык болот, муну эч ким четке какпайт. Бирок, Талибандын бул катасы Хамастын катасына барабар эмес. Себеби, Хамас малай режим менен келишишти жана ушул келишим негизинде андан да күчсүздөндү, ушунча жетишкен жетишкендиктерин көккө сапырды.

Хамас кыймылынын жакында Газа согушу артынан өз саясий эксплуатациясы аркылуу жасаган үчүнчү үлкөн катасы – ал тогут Сисий режими менен кызматташканы болду… Деги, Сисий режимине эч качан ишенип болбойт жана муну Хамастын өзү башынан өткөргөн… канча деген кыянаттарын, кылмыштарын жана саткындыктарын көргөн. Өкүнүчтүүсү, ушул күндөрдө бул тогут Сисийдин сүрөтү Газанын көчөлөрүнө илинип турат. Акыйкатта болсо, Мисирдеги «Робиатул адавий» кыргынын жасаган жана Ихван бийлигин кулаткан, дагы эле мисирликтердин башына зулум зомбулук менен келип, алардан өч алып жаткан мына ушул Сисий режими болот!

Хамастын саясий эксплуатация аркылуу жол берген каталары бара-бара аны алсыратып, Фатх кыймылы менен режимди бекемдейт. Малай режимди аны менен теңтайлаша ала турган даражага көтөрөт. Негизи, дагы эле кеч эмес, Хамас алдында бул режимден бүтүндөй кутулуу мүмкүнчүлүгү өтө көп.

Мына ушундай каталардан улам Башар Асаддын ыплас жүзү кооз кылып көрсөтүлдү о.э. ирандык акимдердин Шам жериндеги таасири жана кылмыштары дагы да күчөдү.

Бул каталар себептүү Сисий режими Газадагы өзүнүн таасирин бекемдөөгө мыйзамдуу шылтоого ээ болду.

Туура жана чыныгы саясий эксплуатация калкка гана чектелет, андан ары өтпөйт. Бул – нусраттын ийгиликтерин ар дайым коргогон элдин колдоосу негизиндеги жалгыз эксплуатация.

 

Роя гезити, №342, 2021-жыл, 9-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here