Финансылык кризистер жана электрондук валюталар

205
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Финансылык кризистер жана электрондук валюталар

 Доктор Мухаммад Жиланий

2008-жылы белгилүү «ипотека кризиси» себептүү ири финансылык кризис жүзөгө келди. Муну менен бүткүл дүйнө базарлары, өзгөчө, АКШ базары триллиондогон долларын жоготту, көптөгөн банктар жабылып, дүйнөнүн ири компаниялары банкротко учурады. Чыныгы акчалардын ордун ээлеген виртуалдык валюталар инфляцияга учурагандыктан ушундай кулоо жүз бериши анык эле. Себеби, баалуу кагаздар базарлары жана сүткордук акчалар базарлары, айрыкча, ипотека кредиттерине байланышкан базарлар аркылуу элестүү акчалар өстү жана көбөйдү.

Бул финансылык кризистин пайда болуу себептеринин бири «өлчөмдүү жумшартуу» пикиринен келип чыгып, банктар триллиондогон долларды риба (пайыздуу) кредит катары берүүнү кеңири жолго коюшу болду. АКШнын Федералдык банкы мындай ири өлчөмдөгү долларларды базарга «Интернет көбүгү» деп таанылган мурунку кризистин натыйжасында салган эле. Бирок, бул финансылык кризистин негизги себеби башка. Бул кризис капитализмдин өкүмдарлыгы астындагы бүткүл дүйнөнү өз түбүнө тартып жатат. Анын бир нече негизги себептери бар, алардын негизгилерин айтып өтөбүз:

1972-жылы алгач доллар, кийин дүйнө валюталары алтын системасынан ажыратылды. Ал эми, 1984-жылы финансылык өсүү (т.а. АКШ доллары) экономикалык өсүүдөн ажыратылды. Акчанын экономикалык өсүүдөн өтө жогору көрсөткүчтө өсүп кетишине жол берген нерсе «deregulation-дерегуляция» (ажыратуу мыйзамы) деп аталды. Мына ушул эки себеп финансылык базарлардагы акциялардын баалары кескин кымбатташына, кеңири көлөмдө пайыздуу кредиттер берилишине, арийне, ири өлчөмдөгү акча каражатынын токтолуп калышына алып келди. Себеби, бул каражаттын камсыздоосу алтын да эмес же чыныгы продукция да эмес эле. Ушул себептен улам, элестүү акчалардын бууланып учуп жок болушуна жана ушул түрдөгү акча менен байланышкан көптөгөн ишканалар жана мекемелердин жабылышына алып келген кризистин жүзөгө келиши анык эле. Жана бул 2008-жылы жүз берди. Анын таасири дагы эле сакталып калууда.

Мындай курч финансылык кризис адамдарды чыгуу жолун издөөгө үндөдү. Алар бул сыяктуу кризистердин кесепетин азайтууга, адамдардын акчасын үнөмдөөгө урунушту. Сунушталган чечимдер капиталисттик түзүмдүн формасын өзгөртүү, боштуктарды толтуруу жана компаниялардын баалуу кагаздар базарларына кирүү процессин мыйзамдаштыруу болду. Чамасы, жүз бериши анык болгон бул финансылык кризистердин акыбеттерин жумшартуу үчүн ортого салынган чечимдер электрондук крипто-валютаны, айрыкча, биткоинди пайда кылган көрүнөт. Биткоин расмий 2008-жылдын сегизинчи айында пайда болду жана бул эң жаман илдеттерден эскерткен финансылык кризис доору эле. Ушул биткоин максаты расмий жүгүртүүдөгү акча каражаттарынан алыс болгон жана финансылык жүгүртүүдөгү альтернатива катары майданга чыкты. Бул альтернатива негизинен эч кандай кыйматы жок элестүү акча экендиги, аны виртуалдуу акча базарына киргизүү жана алтын валютага байлабоо менен кыска убакта абага учуп кетиши өз тастыгын тапты. 2008-жылы 18-августта Биткоин деген биринчи компания АКШда катталды. Бул электрондук крипто-валюта 2009-жылдан баштап биринчи ирет иш жүзүндө жүгүртүүгө кире баштады. Кийин, бул валюта аны колдонууга макул болгон мекемелерден товарларды сатып алуу үчүн акча катары сунушталды. Мисалы, алгачкы жолу биткоин боюнча соода келишими 2010-жылдын башында Америкадагы «Papa John’s» компаниясы 10 миң биткоинге пицца сатып алышы менен ишке ашты. Биткоин пайда болгон убакта, түпкүлүгүндө, эч ким аны акча катары каттабаган же тааныбаган, товар айырбаштоо каражаты катары таанылган. Биткоин көбүнчө чакан дүкөндөрдөн буюмдарды сатып алуу үчүн пайдаланылды. Бул абал 2013-жылга чейин уланды, ошондо бир биткоиндин орточо наркы 10 доллар болуп сакталып турду, бирок, финансы базарларында ал колдонулган жок… Биткоиндерге ээ болуу операциясына т.а. блокчейн деп аталган шифрленген программаланган камсыздоо системаларына чектелди. Төмөндөгү таблицада биткоиндин 2009-жылдан 2013-жылга чейинки баалары көрсөтүлгөн.

Бирок, 2013-жылдан кийин биткоин да баалуу кагаздар сыяктуу он миңдеген долларга жете турган элестүү наркка ээ болгон товар катары сатып алына баштады. 2014-2020-жылдардагы таблицада көрсөтүлгөндөй, биткоин эч кандай мамлекетке байланбады.

Бул түрдөгү товарлардын эң маанилүү касиеттеринин бири – ал эч кандай накталай акча же финансылык валютаны өзүндө камтыбайт. Себеби, акча мамлекетке же саясий вужудга бекем байланышкан о.э. кандай мамлекет болбосун, анын финансылык касиеттеринин бири – акча-валюта. Муну бир катар нерселерден көрүүгө болот. Биринчиден: валютанын баасын т.а. накталай акчаны сатып алуу кыйматына же дүйнөлүк айырбаштоо кыйматына ылайык белгилөөгө түздөн-түз жоопкер – бул мамлекет. Кийин, адамдардын колунда жүгүртүүдө накталай акчанын болушуна да мамлекет жоопкер. Ушул себептен улам, кандай болбосун акча мамлекетте жок болуп калбашы керек. Түзүм алмашып же баскынчылык болуп, мамлекет жок болуп калган абалда гана акча да жок болуп кетиши мүмкүн. Себеби, акча бар болушу же жок болушу мамлекетке таянат. Биткоин сыяктуу крипто-валюта деген нерсеге келсек, аны эстутумунда сактап турган электрондук системада кандайдыр бир бузулуу жүз берсе, ал бүтүндөй жок болуп кетиши мүмкүн. Бул абал биткоин системасында техникалык себептерге ылайык бир нече ирет – бир нече саат болсо да – болду. Мындай техникалык бузулуу учурунда биткоинин жүгүртүүсү бүтүндөй токтоп калат. Мындан тышкары, мамлекетке караштуу акча мамлекет жана мекемелер тарабынан кепилденген. Эгер, мамлекеттин лицензиясына ээ бирер банк хакердик чабуулга учураса жана көптөгөн адамдардын акчасы уурдалган болсо, мамлекет бул мыйзамдуу каражаттарды төлөп берет. Бирок, биткоиндин абалында болсо, кимдин эсеби бузулган болсо, анын ичиндеги бардык каражатты жоготот, анын мүлкүн төлөөгө эч кандай жоопкер тарап жок. Ошондуктан, крипто-валютаны, негизинен биткоинди акча деп болбойт. Себеби, накталай акча – бул бирер суверендүү мамлекет тарабынан чыгарылган жана атайын мыйзам менен белгиленген айырбаштоо кыйматына ээ товар жана кызматтарды алуу каражаты.

Дүйнөдөгү ири финансылык мекемелер биткоин сыяктуу крипто-валюта системасын акча катары эмес, товар катары колдонуп жатышат. Бул товар талап жана сунуш негизинде баасы көтөрүлүшү жана түшүшү мүмкүн. Нью-Йорк Фонддулук Биржасы (NYSE) 2019-жылы алты ай ичинде биткоинди Нью-Йорк базарларында айырбаштала турган товарлар тизмесине киргизүүгө аракет кылды. Ошол убактан бери биткоиндин баасы финансылык базарда болуп жаткан окуялар негизинде кескин көтөрүлүү-түшүү менен өзгөрө баштады. Мисалы, электромобилдерди өндүргөн «Tesla» компаниясы биткоинге 1.5 миллиард инвестиция жаткырганын жарыя кылган соң, биткоиндин баасы 70 миң доллардан ашып кетти. Кийин ошол инвестор чоң өлчөмдө биткоин саткан соң, анын баасы кайра түштү.

Ушуну унутпоо керек, бул биткоин системасы 2008-жылы элестүү акчанын инфляциясы себептүү жүзөгө келген финансылык кризисти алдын алуу максатында сунушталган. Бирок, бул система дал ошол финансылык кыйроо ириминде дагы кайтып келип, ишке түштү о.э. айырбаштала турган элестүү валюта системасына айланып калды. Натыйжада кризис жарылып, адамдар өз мүлкүбүз деп ойлогон бардык каражаттар көккө сапырылып жок болот.

Демек, адамдардын акчаларын коргоону чыныгы булакка таянган, чыныгы мыйзамга ылайык түзүлгөн финансылык түзүм гана кепилдейт. Бул болсо, өз мыйзамдарын бекем пайдубал негизиндеги адилеттүү түзүмгө ылайык иштеп чыккан мамлекетте гана болот. Бул – Халифалык мамлекети. Ал бардык мыйзамдарды адилеттикке жана изгиликке буйруган шариятка негизделип чыгарат. Халифалык мамлекетинде накталай акча алтын жана күмүш негизинде гана чыгарылат. Мамлекет ушул аркылуу элестүү акча пайда болушун алдын алып, адамдардын акчасын коргойт, өндүрүштү алтын байлыгын сактоого алып келе турган даражада көбөйтөт… Муну менен алтын байлыгы адатта ийгиликсиз капиталисттик түзүмдө учурап жаткандай, баанын көтөрүлүшү жана инфляция акыбетинде текке кетпейт.

 

Роя гезити, №342, 2021-жыл, 9-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here