Акса бороону жана Газа каармандыгы «эки мамлекет» чечими үчүн эмес, Уммат долбоору үчүн негиз болот

183
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Акса бороону жана Газа каармандыгы «эки мамлекет» чечими үчүн эмес, Уммат долбоору үчүн негиз болот

Устаз Юсуф Абу Зар

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Мубарек Акса окуялары бул окуялардын жүз бериши менен гана чектелип калбады. Окуялар чегаралардан өтүп, бул окуяларга Газадагы каармандыктар кошулду. Басып алынган жер, кала берсе бүткүл Уммат аракетке келди. Мына ушундай көрүнүштө көп маселелер ачыкталды. Т.а. Акса бүткүл мусулмандарды аракетке келтиргенде Фалестин маселеси акыйдавий маселе экендиги жөнүндөгү туура түшүнүк зээндерде кайра жанданды. Башчыларды кошпогондо бүткүл Уммат аракетке келип, Аксаны азат кылууну кааларын билдирип, Фалестин маселеси Уммат маселеси экендиги кайрадан айкындашты. Т.а. Фалестин маселеси жөнөкөй улуттук маселе эмес, ал азаттыкты күтүп жаткан басып алынган исламий жер маселеси.

О.э. бул окуялар баскынчы яхудий вужуду ушунча кылмыштарын жашырууга урунбасын, ал түпкүлүгүндө коркок жана күчсүз вужуд экенин ачыктады. Малай мусулман башчылары бул вужудду сактап, коргогонунан тышкары, бул акимдер Умматты адаштыруу үчүн яхудий вужудун күчтүү кылып көрсөтүүгө канчалык урунбасын, бул вужуддун ким экендиги ачылып калды. Ал тургай, яхудийлер өз вужудун «Фалестинде зулумга учураган акылуу калк» катары куруп алган болсо да, бүткүл дүйнөгө кылмыштары, ыплас жана карамүртөз жүзү ачыкка чыкты… Бул вужуд дүйнө калктарынан ырайым үмүт кылган эле, бирок, тескерисинче дүйнө калктарынын ачуусуна, маскаралоосуна кабылышты.

Мына ушундай көрүнүштө мусулмандарда Фалестинди азат кылуу мүмкүн деген көз караш кайрадан туулду. Умматта сонун туйгу, өз күчүнө ишенүү аң-сезими пайда болду. Уммат мабданы карманган кишилер Фалестинди азат кылуу үчүн ортого салып жаткан шаръий вазыйфанын акыйкат экендигине жана азаттык кушкабарлары туура экенине кайра ынанды. Уммат бул акыйкатты сезип, акыйда күчтүү экенин жана окуяларда акыйданын издери бар экендигине күбө болду. Мунун тушунда, ондогон жылдар бою Умматты адаштырууга урунган жана яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырып жаткан коркок режимдер жана алардын артында турган кылмышкер Батыш бул окуяларда үмүтсүздүккө түшүп, күчсүздүк сезимин туюшту.

Бирок, көңүл буруу шарт болгон бир нерсе бар. Ал – Ислам жана мусулмандардын кафир Батыштагы душмандары, айрыкча, Америка бул окуяларды жасалма түрдө пайда кылбаган болсо да, андан натыйжалуу, өз кызыкчылыктарына кызмат кыла турган жана долбоорлорун колдоп-кубаттай турган түрдө пайдаланып жатканы. Бул иште аларга эки фактор жардам берүүдө:

Биринчи фактор: Ислам мамлекетинде көөдөлөнгөн Умматтын табигый жетекчилигинин жоктугу. Ал эми, бар болгондору да Батыш менен алака кылган, же өз мабдасына ээ болбогон, Батыш долбоорлорун кабыл алган жана ушул долбоор үстүндө аны менен соодалашып жаткан жетекчилик болуп эсептелет.

Экинчи фактор: Умматтын ойгонуусуна жана азат болушуна тиешелүү чыныгы долбоордун жоктугу о.э. бул долбоорго каршы күрөш алып барылып, ал куру кыял деп көрсөтүлүп, ошол эле учурда, Батыш долбоорлорун, пландарын кабыл алдыруу фактору. Бул фактор жардамында Батыш Умматтын энергиясын өз долбоорлорунун пайдасына багыттап, эксплуатация кылууда. Батыш бул долбоорлорду күрөштүн жеңиши жана натыйжалары деп сүрөттөп адамдарды кызыктыруу аркылуу же долбоорлор кыйроодон сактачу жалгыз күч жана жол деп коркутуу аркылуу ишке ашырууда!

Акса окуяларында жана Газа согушунда окуялардан караниет максатта пайдалануу аракеттери ачык көрүндү. Окуялар курчуганда Америка регионду «эки мамлекет» чечимине, сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоого багыттай баштады. Адамдар Фалестин режимин жек көрүшкөнүнө карабастан, Байден администрациясы бул режим менен мамиле түзүп, анын кадыр-баркын көтөрүүгө урунду. Американын билдирүүлөрүнүн таасири астында анын малайлары жана тарапкерлери кыймылдап калышты. Мисалы, Түркия Куддуска эл аралык түс берип, аны үч динден түзүлгөн комиссия аркылуу башкарууну сунуштады. Мисир «ортомчулук» гана кылды, дагы эле кылууда, ал тургай, Газаны кайрадан калыптандырууга салым кошуу ниетин билдирди. Акыйкатта болсо, ушунча жылдан бери Газаны ар тараптан курчоого алып, бууп келе жаткан Мисир болот. Америка да тил сүйлөп, Газаны кайра тикелөө жөнүндө билдирүүлөрдү бере баштады. Булардын баары Газана сунулган колдордун ыпластыгын, «калыптандыруу» чүмбөтү астында ойрон кылуучу колдор экенин көрсөтүүдө. Ушундай таризде алар ал тургай кырсыктуу сунуштарды киргизип болсо да бул окуялардан пайдаланууга урунуп жатышат. Эгер, мунун тескериси болсо, анда маселе Американын столуна коюлганынан, өлүк режим кайрадан жандандырылып жатканынан же болбосо тамтыгы чыккан сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо сунушу киргизилгенинен кандай жакшылык көздөлгөн?!

Туура, Америка, Батыш жана алар менен тил бириктирген малайлар учурда таасир жана өкүмдарлыкка ээ, алар гана материалдык мүмкүнчүлүктөр жардамында ар түрдүү долбоорлорду киргизүүгө кудуреттүү. Бирок, бул жерде көзөмөлдөй албай турган башка нерсе да бар. Бул – Акса бороонунда Умматта пайда болгон чырайлуу абал. Чындыгында, бул бороон Умматта аң-сезимди пайда кылып, анда чоң энергия жашырынганын көрсөттү. Умматта көрүнгөн бул чырайлуу абал америкалык жана батыштык расмийлерди, алардын малайларын бул нерсени терең үйрөнүүгө мажбур кылды. Алар абал колдорунан чыгып кетип, бүткүл колонизаторлук системасы жакын арада мүмкүнчүлүксүз абалга түшүп калышынан катуу тынчсызданып калышты. Ошондуктан, алар Умматтагы бул абалды жок кылуу жана келечекте пайда болбошун камсыздоо үчүн бардык аракеттерин аябай жатышат. Алардан бул жаатта күтүлүп жаткан эң кооптуу нерсе – Фалестин маселесин жок кылуу. Алар бүткүл региондогу жалынга себепчи боло турган Фалестин маселесин айла-амалдары жана адаштыруулары аркылуу жок кылышмакчы.

Чынында, Акса бороону, ушул учурда келип чыккан Газа каармандыктары о.э. Фалестин бороону өтө ажайып таасир кылып, Умматтагы аң-сезимдин жана туйгунун жогорулашына жардам берди. Ошондуктан, бул нерсе ушундай бир маанилүү окуя болуп, аны артынан кезектеги маанилүү окуялар жүз бере турган түрдө тартиптештирүү керек. О.э. бул окуяны Умматтын долбоору үчүн негизге айлантуу лазым. Бул үчүн, Фалестиндеги ушул активдүү энергия жана ажайып таасирди Исламий Умматтын бүткүл күч-кубатына, негизинен Умматтын кошуундары тарапка багыттоо керек. Себеби, күч-кубат ээлери да, амалий жана жооптуу жак да мына ушул Уммат кошуундары болот. Ошондуктан, бул күчтөрдүн баары азаттык аракетине кошулушу, Фалестинди эле азат кылуу эмес, бүткүл колонизаторлук кишендерден азат болуу үчүн активдүү коомдук пикирди пайда кылуу зарыл. Андыктан, бул ишке салым кошкон ар бир кишиге Туба бейиши болсун.

Жогорудагы айтылган нерселер мусулмандардан бул окуядан майнаптуу пайдаланууну о.э. этибарды Умматтагы күч-кубат ээлерине жана аны аракеттендирүүгө каратуу аркылуу, айрыкча, Умматтын урмат-сыйына татыктуу болгон жана сөзүнө бекем турган эр жүрөк мужахиддерге көңүл буруу менен багытты Умматтын ойгонуу жана азаттык долбоору тарапка бурууну талап кылат. Муну менен бирге, бул сыяктуу окуяны уурдатып жиберүүдөн жана бул окуя Умматтын долбоорунан айырмаланган Американын «эки мамлекет» чечими долбооруна негиз болуп калышынан өтө-өтө этият болууну да талап кылат. Антпесе, баарыбыз өзү курган нерсесин бышык болгондон кийин бузуп салган аялга окшоп калабыз! Анткени, бул пакиза кандар, чоң каармандыктар жана эбегейсиз курмандыктар ыплас эгинди суугарышы же колонизаторлордун планына кызмат кылышы арам.

 

Роя гезити, №342, 2021-жыл, 9-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here