Үмүтсүздүк – илдет, түшкүндүк – балээ

256
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Үмүтсүздүк – илдет, түшкүндүк – балээ

 

Устаз Мунир Насир

Хизб-ут-Тахрирдин Сирия

вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Кече интеллигенттердин бири менен жолукканымда, ал мага мындай деди: «Адамдарда жакшылык калганына үмүтүм жок, азыркы адамдар нусрат-жардамга татыктуу эмес, бирок, Аллахтан үмүт кылам».

Көпчүлүк адамдар бул сөз үмүтсүздүктү түшүндүрбөйт, бул жашап жаткан реалдуулугубуз деп ойлошу мүмкүн. Бирок, мен бул адамдын сөзүн абдан пикирлеп, өзгөрүш жасоого карата үмүтсүздүк жана түшкүндүктү билдирип жатат деп билдим. Анын «Аллахтан үмүт кылам» деген сөзүнө келсек, бул ооздо айтылган жөн гана сөз. Жараткандан нусратты үмүт кылган адам Ислам Умматында өтө көп жакшылыктар бар экенин көрүшү зарыл.

Үмүтсүздүк өтө кооптуу илдет болуп, андан этият болуу жана ага түшүп калуудан сактануу зарыл. Үмүтсүздүктү аныктай турган болсок, ал – жок нерсени күтүү, жаман абалды качып кутулгус тагдыр деп кароо. Же болбосо, үмүтсүздүк «өзгөрүштү кыйын нерсе деп билүү» деп түшүндүрүшүбүз да мүмкүн. Шексиз, мындай туйгу адамдын жашоо таризине терс таасир кылып, анын аракетин токтотуп коёт, пикирин кишендеп, аны эч нерсени көрбөй турган кылып коёт, «алмашуу мыйзамы жүз бериши керек» деп ойлогон кимсеге айлантат.

Үмүтсүздүк адамга кооптуу, Умматка андан да кооптуу. Эгер, үмүтсүздүк кеңири жайылса, бул нерсе Умматты душманына моюн сунган Умматка айлантат, негизи, душмандын эң чоң үмүтү жана максаты да мына ушул. Себеби, бул – сынуу жана жеңилүүнүн башталышы болуп, моюн сунууга алып келет. Үмүтсүздүк туйгусу ар кандай өзгөрүш аракети алдында турган тоскоолдук болуп эсептелет. Себеби, бул туйгу бардык адамды ар нерседен мурда биринчи кезекте ийгиликсиздикти ойлой турган кылат.

Кимдир бирөө бул интеллигенттин сөзү тууралуу «адамдардан үмүтсүз болуп жатат», дагы кимдир бирөөсү «нусраттан үмүтсүз болуп жатат» деп айтышы мүмкүн. Бирок, экөөсүнүн тең айырмасы жок. Себеби, кимде-ким Умматтан жана Умматтын өзгөрүш жасай алышынан үмүтүн үзсө, бул, душмандарды жеңишинен үмүтү үзүлгөнүн түшүндүрөт. Бул абалга түшкөн киши жолун жоготуп койгон болот же бара жаткан жолунан көздөлгөн максатты элестете албаган болот. Себеби, бара жаткан жолуңдун туура экенине толук ишенсең жана бул жолдо тоскоолдуктарга туш болууну анык билсең, анда, жолдогу ар кандай тоскоолдукка көңүл бурбайсың, токтобой аягына чейин барасың о.э. бул жолдон таптакыр адашпайсың. Жолдон адашуу – максаттан четтөө.

Бул сөздөрдү Ислам Умматынын абалына салсак, Умматтын ийгилик жолу – бул адамдардын тагдырына өкүмдарлык кылып жаткан, өлкө байлыктарын талап-тоноп жаткан режимдерге каршы козголоң көтөрүү. Бул жол курмандыктар жана тоскоолдуктарга толо о.э. тогуттардын тынчын буза турган жол. Ырас, тогуттардын тынчын бузган соң, тогуттар бул жолдо бара жаткандарга каршы көбүрөөк жана кыйын тоскоолдуктарды коюуга урунушат… Кээде өлтүрүү жана камоо менен зулум кылса, кээде козголоңчуларды адаштыруу үчүн жолдоруна гүлдөрдү-акчаларды чачышат, ушул аркылуу аларды максаттарынан чалгытышат.

Козголоңчуларды артка кадам таштоого же жолдун жарымында токтоп калууга үндөп жаткан жалгыз нерсе – алсыздык туйгусу т.а. тогуттар тарабынан болуп жаткан ар кандай кыйынчылыкты жеңип өтүүдө алсыздыкты сезүү. Бул болсо, үмүтсүздүктүн дал өзү. Ушул себептен улам, Уммат душмандары адамдарда мына ушул туйгуну күчөтүүгө о.э. козголоңду улантуудан токтотушу же ушунча курмандыктарды беришкенден кийин алардын натыйжасын албастан куру кайтышы үчүн мына ушул үмүтсүздүк туйгусун кеңири жаюуга жан үрөп аракет кылышууда.

Үмүтсүздүк Умматтагы бардык балээге себеп болгон илдеттин бөлүгү болгондуктан, үмүтсүздүк мусулмандарга арам кылынган. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّهُ لاَ يَيْأَسُ مِنْ رَوْحِ اللَّهِ إِلاَّ الْقَوْمُ الْكَافِرُونَ

«Анткени, Аллахтын рахматынан кафир коум гана үмүтсүз болот»                    [12:87]

Бул аят саййидибиз Юсуф алайхиссаламдын кыссасында келген болсо да, бирок, кийинчерээк Якуб алайхиссаламдын сөзүнө жооп катары, кийин жалпы көрүнүштө келген. Т.а. бул аят заман же мекенге таандык эмес, ар убакты өз ичине алат.

Аллах Таала айтат:

﴿قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَى أَنفُسِهِمْ لاَ تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللهِ

«Айткын: «Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула»                                        [39:53]

Бул аяттагы القنوط сөзү اليأس сөзү менен синоним, мааниси үмүтсүздүк болуп, андан ачык кайтаруу көрүнүп турат. Аллахтын рахматы бардык пенделерге тиешелүү. Негизи, Аллах аракет кылып жаткан момун пенделерине нусрат жана үстөмдүктү убада кылган, демек, алар бул нусраттын кечиккени үчүн эч качан үмүтсүздүккө түшпөшү керек, тескерисинче, Аллахтын убадасына бекем ишениши шарт. Себеби, Аллах Субханаху ва Таала убадага тескери иш кылбайт.

Эми, адамдардан үмүт үзүүгө т.а. «бул муундан үмүт жок, биз башка муундарды тарбиялап чыгарышыбыз шарт, азыркы адамдардан үмүт кылып, жакшылык күтүп болбойт» деген сөздөргө келсек, Набий ﷺ ушул сөздөрү менен дал ушундан кайтарган:

«إذَا قَالَ الرَّجُلُ: هَلَكَ النَّاسُ فَهُوَ أَهْلَكُهُمْ»

«Эгер, кимде-ким адамдар кыйрады деп айтса, демек, алардын эң көп кыйроого учураганы – ал өзү». (Абу Давуд риваяты).

Сөзүмдүн аягында Аллах Субханаху ва Таала Өз пенделерине белгилеген мыйзам-эрежелердин бирин т.а. нусрат мыйзамын эске саламын. Бул мыйзамга ылайык боюнча, нусрат кырсык, жалгыздык жана алсыздык чокусуна чыккан убакта келет. Буга пайгамбарлардын кыссалары жана мусулмандар башынан өткөргөн окуялар далалат кылууда. Пайгамбарыбыз ﷺ Курайштан куулуп, үңкүргө жашынды жана хижрат жолун өзгөрттү, кийин бир нече күн өтүп мусулмандар үчүн Мадинаи Мунавварада чеп курду… Муса алайхиссалам жана ага ыйман келтиргендерге келсек, алар деңиз жээгине келишкенде Фиръавн жана анын кошууну кууп келди… Аларда курал да, даярдык да жок эле… Мына ошондо Аллах Таала деңизди жарып, Фиръавн жана анын кошуунун кыйратты…

Тогуттарды түп-тамыры менен жок кылуу үчүн аракет кылып жаткан, козголоң кылып жаткан жана Пайгамбар ﷺдын минхажы негизинде, азиздик жолуна кадам шилтеген адамдар да ушуга ыйман келтириши керек, Аллах Субханаху ва Таала тогуттарды күзөтүп турат:

﴿إِنَّ رَبَّكَ لَبِالْمِرْصَادِ

«Роббиң албетте көз салып туруучу»                                                                    [89:14]

Аллах Субханаху ва Таала Өз убадасын албетте аткарат:

﴿وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ

«Момундарга нусрат берүү Биздин мойнубуздагы хак болгон»                                [30:47]

Душмандар катуу аракет кылып жаткан үмүтсүздүк баткагына батып калуудан сак болгула. Бул болсо, бардык нерсени ойрон кылат, зыян жана кыйроо алып келет.

﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً

«Албетте Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү, чындыгында Аллах бардык нерсе үчүн өлчөө кылып койгон»                                                                                                    [65:3]

 Роя гезити, №342, 2021-жыл, 9-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here