بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Баскынчы күчтөр Фалестин коопсуздук кызматына чабуул кылууда, ал эми, Фалестин режими буга каршы эч нерсе кылбай жатат!
Хизб-ут-Тахрирдин Фалестиндеги маалымат бөлүмү яхудийлердин бейшемби күнкү Жаниндеги чабуулдарына түшүндүрмө берип, өз сайтында мындай деди:
«Бейшемби күнү баскынчы күчтөрдүн Жанин шаарындагы чабуулунун акыбетинде төрт жигит шейит болду, алардын бири туткундуктан азат кылынган эле. Бул кылмыш ар бир фалестиндикке, алардын катарында, яхудийлер менен жарашууга аракет кылып жаткан коопсуздук кызматына яхудий вужуду жырткыч кылмышкер экенин дагы бир ирет далилдеди. Яхудийлердин бул кылмышы – АКШ администрациясынан чабуулдарын токтотуу үчүн яхудийлерге басым кылууну суранып жаткан Фалестин администрациясы өзүн баскынчынын коопсуздугун камсыздаган курал деп билишин да ырастады. Фалестин администрациясы өзүнүн вазыйпасы катары «баскынчыны коргоо, коопсуздук кызматкерлеринин жана өлкө перзенттеринин өлүмүнүн эсебинен болсо да, баскынчынын коопсуздук талаптарын аткаруу» деп билет. Мына, ал эки фалестиндик коопсуздук кызматкери менен бир фалестиндик жигиттин өлүмүнө, төртүнчүсүнүн жарадар болушуна унчукпай карап турат. Баскынчы яхудийлердин бул кылмышына татыктуу жооп берүүнүн ордуна, каралоо менен гана чектелип, эл аралык уюмдардын жана баскынчы вужуддун коргоочусу болгон Америкага кайрылууда. Ушул себептен улам, ар кандай эркин жана калыс адам Фалестин администрациясынан баш тартууга акылуу болсо, коопсуздук кызматынын ар бир кызматкери да андан бүтүндөй чыгууга акылуу.
Роя гезити, №343, 2021-жыл, 16-июнь.