Душанбеде ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңеши катчыларынын жыйыны өтөт

289
0

Душанбеде ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңеши катчыларынын жыйыны өтөт

Тажикстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңеши катчыларынын салттуу 16-жолугушуусу өтөт.

Жолугушууга Россия коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев катышары күтүлүүдө.

 “ШКУ коопсуздук кеңештери катчыларынын жыйыны  22-23-июнга пландаштырылган”, – деп кабарлады Россиянын коопсуздук кеңеши.

Жолугушууда кандай темалар талкууланары жана сапардын алкагындагы башка иштер жөнүндө кошумча маалыматтар жок.

ШКУ – бул Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын жетекчилери тарабынан уюштурулган эл аралык уюм.

Быйыл аталган уюмдун 20 жылдык юбилейи белгиленет. Учурда ШКУга Тажикстан төрагалык кылууда.

О.э. Афганистан, Беларус, Иран жана Монголия ШКУда байкоочу макамына ээ. Ал эми, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка мамлекеттери болсо өнөктөш мамлекеттер макамына ээ.

 Комментарий: АКШ Афганистандан аскерлерин чыгарып кетишинин алдында Талибан кыймылы ал жердеги аймактарды бир четинен көзөмөлүнө ала баштады. Талибан кыймылы Орто Азия мамлекеттери менен чектеш аймактарга улам жакындап, Өзбекстан жана Түркмөнстан үчүн “буфердик аймак” болгон этникалык өзбек жана түркмөндөр жашаган аймактар үстүнөн да көзөмөл орнотту. Айрым кабарларга ылайык, этникалык өзбектердин лидери Абдурашид Достум талибандар менен согушта жарадар болуп, Афганистандан чыгып кеткен. Эгер бул кабар чын болсо, региондогу мамлекеттер үчүн качкындар проблемасы пайда болот. Афганистандагы этникалык өзбек, түркмөн жана тажиктер жанын сактоо үчүн тарыхий мекенине качууга мажбур болушат. Бул болсо, ансыз деле жакырчылыкта жашап жаткан мамлекеттерге кошумча проблема болот. ШКУ коопсуздук кеңеши катчыларынын жолугушуусундагы негизги тема – Афганистан, күтүлүп жаткан качкындар агымы жана АКШнын аскер базасы маселеси болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here