Күч-кубат ээлеринен нусрат талаб кылуу

285
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Күч-кубат ээлеринен нусрат талаб кылуу

  1. суроо:

Ассаламу алайкум рохматуллоохи уа баракаатуху. Урматтуу Шейх Ата, менин суроом нусрат талаб кылууга байланыштуу. Хизб көптөгөн орундарда Пайгамбар A Мекке коому катып калган учурда башка уруулардан нусрат талаб кылууга баргандыгын белгилейт…

Ушул жерде менде жана хизбден окуп жаткан, ошондой эле, хизб эмес көптөгөн адамдарда Пайгамбар A Исламды мушриктерге кандай көрүнүштө сунуштап жеткиргендигинде бүдөмүктөр бар. Пайгамбар A биринчи аларды нусрат кылууга чакырды беле? Же Исламга чакырды беле? Же биринчи Исламга чакырып, андан кийин нусрат кылууга чакырды беле? Эгер, уруу башчыларын ыйман келтирди деп ала турган болсок, башкача айтканда, алар ыйман келтириши менен эле курбанчылык кылууга даяр болушканбы? Мисалы, алардын Исламга кирүүсүн Пайгамбар A четке каккан дегенге болобу?

Зияд Уалвила.

  1. суроо:

Эгер, уруксат берсеңер мендеги суроо: Пайгамбар A кафирлерден алар кафирликте турушканда эле алардан нусрат талаб кылды беле? Же алардан биринчи ыйман келтирүүнү талап кылды беле? Кафирден нусрат талаб кылуу мүмкүнбү?

Суроом күңүрт болуп калгандай, башкача айтканда: Набий A мушриктерден алар ширкте турушканда нусрат талап кылдыбы? Же алардан нусрат талап кылуудан мурда, алардын Исламга кирүүсүн шарт кылдыбы? Же Набий Aдын максаты алар исламга киреби же кафир бойдон калабы, айырмасыз, нусрат талап кылуу болду беле?

Кемел Салах.

  1. суроо:

Аллах Набий Aды араб урууларына Таифке нусрат талаб кылып баруусуна буйруду беле? Же нусрат талап кылуу ишинде Пайгамбар A күчтүү урууларды тандадыбы? Пайгамбар A нусрат талап кылгандар – артынан күч кубат ээлерин ээрчите ала турган саясий жетекчилер беле же аскерий жетекчилер беле?

Башкача айтканда, Набий A мадиналыктардан нусрат талап кылганда, алар саясий жетекчилер болгонбу же аскерий жетекчилер беле?

Фази Иброхим.

Жооб:

Алайкума ассалам рохматуллоохи уа баракаатуху.

Сурооңор окшош болгондуктан, Аллахтын жардамы менен баарыңарга бирдей жооп беремин.

  1. Набий A ар бир ишти Аллахтан вахийсиз кылган эмес. Бул тууралуу үчүнчү «Шахсия» китебинде Пайгамбар Aдын иштери бабында баяндалган, ал төмөнкүдөй:

Пайгамбар Aдын  иштери үч бөлүктөн турат:

«Үчүнчү бөлүк: Пайгамбар Aдын табиятына жана ага гана таандык иштерден тышкаркы иштердин баардыгында талаш жок Набий Aды ээрчүүгө баардык мусулмандар буйрулган. Анын сөзү жана сүкүтү шарий далил болгону сыяктуу эле, иштери да талаш жок шарий далил болуп саналат. Ага амал кылуу ваажиб. Анткени, Аллах айтат:

﴿لَّقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ﴾

«Чындыгында, Аллахтын элчисинде силер үчүн эң жакшы үлгү бар»                              [33:21]

﴿إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰ إِلَيَّ﴾

«Мен мага вахий кылынган нерсеге гана ээрчийм»                                                          [46:9]

﴿قُلْ إِنَّمَا أَتَّبِعُ مَا يُوحَىٰ إِلَيَّ مِن رَّبِّي﴾

«Айткын мен бир гана Роббимден вахий кылынган нерсеге ээрчийм»                              [7:203]

Бул аяттарда Набий Aдын иштери жалпы түрдө ачык-айкын, даана айтылып, Пайгамбар Aдын баардык иштерин өз ичине алат. Ошондой эле, анын сөздөрүн жана сүкүт сактаганын да өз ичине камтыйт. Ошондуктан, Пайгамбар Aдын табиятына жана ага гана таандык иштерден сырткаркы баардык иштеринде ага ээрчүү ар бир мусулманга ваажиб. Анткени, Набий A бир гана вахий кылынган нерсеге ээрчиген. Бирок, Пайгамбар Aдын иштерине ээрчүү ваажиб дегенде ал зат кылган иштерди кылуу ваажиб дегенди билдирбейт, балким иштин түрүнө карата ээрчүү ваажибдигин билдирет. Эгер, иш ваажиб болсо, аны кылуу ваажиб болот. Эгер, иш мандуб болсо, аны кылуу мандуб болот. Эгер, иш мубах болсо, аны кылуу мубах болот. Ошондуктан, иштин түрүнө карата ага ээрчүү ваажиб болот. Бул Пайгамбар Aдын буйруктарына ээрчүүнүн ваажибтиги сыяктуу Аллах айтат:

 ﴿فَلْيَحْذَرِ الَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنْ أَمْرِهِ أَن تُصِيبَهُمْ فِتْنَةٌ أَوْ يُصِيبَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ﴾

«Анын буйругуна тескери иш тутуп жаткандар аларга фитна же катуу азап жетип калышынан сактанышсын»                                                                                            [24:63]

Бул аят Пайгамбар Aдын буйруган нерсесине моюн сунуу ваажиб экендигине далаалат кылып турат. Бирок, буйруган ишти кылуунун ваажибдигине далаалат кылган жок. Балким, аны кылуу буйрулган иштин түрүнө жараша болот. Эгер, аны кылуу ваажиб болсо, ал ишти кылуу ваажиб. Эгер, буйрулган иш мандуб болсо, ал ишти кылуу мандуб болот. Эгер, иш мубах болсо, аны кылуу мубах. Ошондой эле, Набий Aдын иштеринде да аны ээрчүү ваажиб болот. Бирок, иштин түрүнө жараша ээрчүү ваажиб болот».

  1. Мына ушундайча Пайгамбар A Аллахтын уруксаты менен нусрат талап кылган. Бул иш биъсаттын онунчу жылы Пайгамбар Aга карата кастык күчөп турган өз ара аракеттенүүнүн акыркы этабында орун алган.

Сироо китептеринде мындай келет:

«Кутаада айтат: Хадижа I Меккеде хижраттан үч жыл мурун дүйнөдөн кайты. Ал Набий Aга эң биринчи ыйман келтиргендерден эле. Айтты: Кийин Хадижа бинт Хувайлид жана Абу Талиб бир жыл ичинде дүйнө салышты. Пайгамбар Aга эки кайгы арты-артынан келди. Хадижа жана Абу Талибдин дүйнө салышы. Хадижа I Исламда Пайгамбар Aдын эң жакын жардамчысы болгон жана Пайгамбар A аны менен жашаган. Айтты: Зияд Букааи ибн Исхактан айтты: Хадижа жана Абу Талиб бир жылда дүйнө салышты. Бул Пайгамбар A Мадинага хижрат кыла электен үч жыл мурун, биъсаттын онунчу жылы болгон. Ибн  Кутайба айтат: Хадижа I Абу Талибден кийин үч күн өткөн соң дүйнөдөн кайткан. Байхакий да ушул мааниде айткан…».

Ваакидийден: «Хадижа I Абу Талибден отуз беш күн мурда каза болгон. Мындан башкача да айтылган орундар бар. Абу Талиб каза болгондон кийин Курайш Абу Талиб тирүү мезгилинде кыла албай жүргөн иштерин Пайгамбар Aга карата кыла баштады. Ал тургай, Курайш акылсыздарын Пайгамбар Aга каршы тукуруп башынын ылдый топурак чачтырды. Пайгамбар A үйүнө башы ылдый топурак болгон боюнча кирди. Кыздарынын бирөө туруп, ал заттын башын жууп ыйлады. Пайгамбар A: «Кызым, ыйлаба, Аллах атаңды Өз коргоосуна алуучу», – деди. Дагы мындай деди: «Курайш мага карата Абу Талиб өлгөнгө чейин кыла албай жүргөн иштерин  кылып жатат»».

  1. Ушундай оор кырдаалда Аллах Набий Aды эки улуу иш менен кубандырып сыйлады. Ал эки улуу иш: Исро Мираж жана дааватты коргоо үчүн мамлекет тикелөө максатында уруулардын күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылуу болду. Бул жерде Исро Миражга токтолбойбуз. Нусрат талап кылуу биринчи Таифтен башталды. Алар ага оң жооп беришкен жок. Тескерисинче, акылсыздарын Набий Aга каршы тукуруп, ташбараңга алышты. Кийин нусрат талаб кылуу амалы токтолбостон уланды…

Пайгамбар A нусрат талап кылганда уруу башчыларынын майда баратынан эмес, балким эң таасирдүүлөрүнөн талап кылган. Алардан нусрат талап кылуудан мурда аларды Исламга чакырган. Эгер, алар аны кабыл алышса, алардан Аллахтын өкүмүн ишке ашырып Аллах жолунда жихад алып бара турган мамлекетти тикелөө нусратын ачыктан-ачык талап кылган. Ошондуктан, алардын кээ бирлери Пайгамбар Aдан кийин бийлик аларга калышын шарт кылышты. Кээ бирлери арабдар менен жихад кылууга макул болуп, бирок, Фарстар менен согушпоо шартын койушту. Алардын мисалы:

Пайгамбар Aдын сиросу, Ибн Касир, 155/2.

Хафиз Абу Наъиим Абдуллах бин Ажлах Яхя бин Саъид Умавийден, экөө тең Мухаммад бин Сааиб Калбийден, ал Ибн Аббастан айтты: Пайгамбар A мага: «Сенден да агаңдан мени коргой ала турган күчтү көрө алган жокмун. Эртең мени менен базарга бирге чыгып, уруулардын жыйындарына чогуу бара аласыңбы?», – деди. Араб урууларынын жыйындары болчу.

Айтты: Айттым, бул Кинда жана анын айланасындагылар. Булар Ямандан ажылык кылып келгендердин эң көрүнүктүүлөрү. Бул Бакр бин Ваилдин жыйыны. Бул бани Аамир бин Саъсаъа, каалаганыңды танда. Киндадан баштады. Аларга келип: «Кайсы коомдонсуңар деди?». Айтышты: Яманданбыз. Айтты: «Ямандын кайсынысынан?». Айтышты: «Киндадан». Айтты: «Киндаданын кайсынысынан?». Аытышты: «Бани Амр бин Муьавиядан». Айтты: «Силерди жакшылыка чакырайынбы?». Айтышты: «Ал эмне?». Айтты: «Бир Аллахтан башка кудай жок деп күбөлүк берүүңөр, намаз окуп Аллахтан келген нерсеге ыйман келтирүүңөр». Абдул бин Ажлах айтты: «Менин атам мага өзүнүн коомундагы аксакалдардан Кинда Пайгамбар Aга эмне деп айтканын айтты». Алар айтышты: «Эгер, сен жеңишке жетишсең, сенден кийин мүлк (бийлик) бизге калабы?». Набий A айтты: «Мүлк Аллахтыкы, аны Өзү каалгандай кылат». Айтышты: «Анда, сен алып келген нерсеге биздин муктаждыгыбыз жок».

Абу Бакр G айтты: «Кийин биз тынчтык өкүм сүрүп турган жана аксакалдары оор басырыктуу болгон межлиске келдик». Абу Бакр G алдыга чыгып аларга салам берди. Али G айтты: «Абу Бакр ар дайым жакшылык иштерде алдыда жүрчү». Абу Бакр аларга айтты: «Кайсы коомдонсуңар?». Айтышты: «Бани Шайбан бин Саьлабданбыз». Абу Бакр G Пайгамбар Aга карап: «Сен үчүн ата-энем садага, булардын коомунда булардан бөлөк барктуулары жок». Дагы бир риваятта «булар коомунун кашкасы (таасирдүүлөрү)» деди. Бул межлисте Мафрук бин Амр, Хааниъ бин Кубайс, Мусана бин Хаариса, Нуьман бин Шариик бар эле. Бул межлисте Абу Бакрга жакын саналган адам Мафрук бин Амр болчу. Мафруктун өз межлисиндегилерге тили өтөт эле. Анын өрүлгөн эки чачы көкүрөгүнө түшүп турчу жана межлистеги Абу Бакр G эң жакындардан болгон. Мафрук айтты: «Курайштын тууганы да сени мененби?». Абу Бакр G айтты: «Ал Аллахтын элчиси экендиги силерге да жетсе керек, мына ал». Мафрук айтты: «Анын ошондой экендиги тууралуу бизге да жеткен». Кийин Набий Aга карап: «Эй Курайштын тууганы эмнеге чакырасың?», – деди. Пайгамбар A алдыга чыгып отурду, Абу Бакр G аны кийими менен көлөкөлөдү. Пайгамбар A айтты: «Бир Аллахтан башка Кудай жок экендигине, Анын шериги жок экендигине күбөлүк берүүгө жана мен Анын  элчиси экендигиме күбөлүк берүүңөргө чакырам. Аллах мени буйруган нерсени толук жеткирүү үчүн мага жардам берип, мени коргоого алууңарды чакырамын. Курайш Аллахтын ишине каршы чыкты, элчисин жалганчыга чыгарды. Акыйкаттан көрө, батылга ээрчүүгө канааттанды. Аллах эч муктажсыз зат…». Мафрук ага айтты: «Дагы эмнеге чакырасың, эй Курайштын тууганы?. Аллахка ант болсун, бул, жер ээлеринин сөзү эмес. Эгер, алардын сөзү болгондо биз билет элек». Пайгамбар A бул аятты окуду:

﴿إن الله يأمر بالعدل والإحسان وإيتاء ذي القربى وينهى عن الفحشاء والمنكر والبغي، يعظكم لعلكم تذكرون﴾

«Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка буйруйт. Жакындарга күйүмдүү болууга о.э. күнөө, мункар, зулум иштерден тыйылууга буйруйт. Эстетме алышыңар үчүн (Аллах) силерге насаат кылат»                                                                                                                        [16:90]

Мафрук айтты: «Аллахка ант болсун, эй Курайштын тууганы чындыгында сен эң жакшы кулк мүнөзгө, жакшы амалдарга чакырдың. Сени жалганчыга чыгарып, сага каршы чыгып жаткандар жалгандан токума кылып жатышыптыр».

Ал сөзгө Хааниъ бин Кубайсты аралаштыргысы келип: «Бул Хааниъ бин Кубайс, биздин дин билги адамыбыз», – деди… «Биздин артыбызда коомубуз бар, аларсыз бир келишим кылууну туура көрбөйбүз. Бирок, сен да караштырып көр, биз да караштырып көрөбүз…». Ал сөзгө Мусаннаны да аралаштыргысы келип: «Бул Мусанна, биздин аскерий адамыбыз», – деди. Мусанна айтты: «Сенин сөзүңдү уктум. Сенин сөзүң эң жакшы, эй Курайштын тууганы. Сенин айткандарың мени таң калтырды. Жооб Хааниъ бин Кубайстын жообу. Биз динибизди таштап, сен биз менен отурган межлисте ага ээрчидик. Бирок, биз эки тоскоолдук ортосундабыз, бири – Ямама, экинчиси – Самават».

Пайгамбар A ага айтты: «Бул эки тоскоолдук эмне?». Ал айтты: «Анын бири – арабдын туфууф жери. Экинчиси – Фарс жери жана Кисро дарыясы. Биз Кисро менен эч бир окуяга катышпастыкка жана жаңыча бир нерсени колдобоого келишим кылганбыз. Сен чакырып жаткан нерсе падышалар жаман көрө турган нерсе. Ал эми, араб жери тарабынан келе турган нерсе болсо, анын жагдайы кабыл алына турган нерсе. Ал эми, Фарс жери тарабынан келе турган нерсенин жагдайы кабыл алынбай турган нерсе. Эгер, араб жери тарабынан келе турган нерседе сени коргоп, сага жардам берүүнүн калаасаң, анда сага жардам беребиз, эгер Фарс жагынан келе турган нерсе болсо, аны кыла албайбыз».

Пайгамбар A айтты: «Чындыкты айтууңар менен жаман жооп бербедиңер. Аллахтын дини бир гана аны ким баардык тарабы менен камтып алса гана тикелеленет».

Сиро, Ибн Хишам, 424 /1.

«Пайгамбар A өзүн Бани Аамирге сунуштоосу».

Ибн Исхак айтты: Захрий мага айтты: Пайгамбар A Бани Аамир бин Саъсахга келди. Аларды Аллах Азза ва Жаллага чакырды жана өзүн аларга сунуштады. Алардын бирөөсү айтты: Анын аты Байхарата бин Фирос. Ибн Хишам айтты: Фирос бин Абдиллаах бин Салмат бин Кушайр бин Каьб бин Робииъат бин Аамир бин Саъсаъат айтты: «Эгер, бул баланы мен Курайштардан алганымда арабдардын баарын аны менен жок кыла алат элем». Кийин айтты: «Эгер, биз сенин ишиңе баят берсек, кийин сени Аллах сага каршы чыгып жаткандардын үстүнөн үстөм кылса, сенден кийин иш бизге калабы?». Пайгамбар A айты: «Иш Аллахка таандык, аны Өзү каалагандай кылат». Пайгамбар Aга  айтты: «Өзүңсүз бизди арабдарга жем кылууну каалап жатасыңбы, Аллах сени үстөм кылгандан кийин иш бизден башкага болобу? Андай болсо, сенин ишиңе биздин муктаждыгыбыз жок».

Акырында экинчи Акаба анташуусунда ачык көрүнүп тургандай, анташуу Мусаб менен бир жыл Исламды үйрөткөн мусулмандар менен болгону ачык көрүнүп турат… Кийин экинчи акаба анташуусу, кийин хижрат, кийин мамлекетти тикелөө ишке ашты. Анын баяны төмөнкүчө:

Ибн Хишамдын «Хадаику анваар сиро» китебинде жана башка сиро китептеринде келгендей, «Кийин Мусаб бин Умайр Меккеге кайтты. Аны менен биргеликте Ансарлардан болгон мусулмандардын бир тобу биъсаттын он экинчи жылы өз коомундагы мушриктердин ажылык кылуучулары менен бирге Меккеге сапар алышты. Алар Меккеге келишкенден кийин Пайгамбар A алар менен ташрик күндөрү Акабада жолугушууну убадалашты. Аллах алар менен Пайгамбарына жардам берүүнү, Исламды улуулоону жана ширкти кордоону каалаган учур…  Каъб айтты: «Кийин биз ажылыкка чыктык. Набий A менен ташрик күндөрү Акабада жолугушууну убадалаштык». Айтты: «Ажылыктан бошогондон кийин Пайгамбар A менен убадалашкан түн кирип келди. Биз ал түндө сапар улоолорубуздун жанында комубуз менен бирге уктадык. Түндүн үчтөн бири өткөндөн кийин Пайгамбар A менен убадалашкан жерге, эч кимге билгизбей жашыруун түрдө бардык. Акаба өрөөнүндө чогулганыбыздан кийин биз жетимиш үч эркек жана аялдарыбыздан эки аял бар болчу». Айтты: «Биз Акабада чогулгандан кийин Пайгамбар Aды күттүк». Айтты: «Бизге Пайгамбар A сүйлөп, Куран окуду. Аллахка чакырды. Исламга үндөдү. Кийин айтты:  «Мен силер менен аялдарыңарды жана балдарыңарды коргогондой, мени коргошуңарга антташам». Айтты: «Бароо бин Маъруур колунан кармап айтты: «Ооба.  Сени акыйкат менен жиберген Заттка касам, сени балдарыбызды жана аялдарыбызды коргогондой коргоого ант беребиз, я Расулуллох, сага баят беребиз. Аллахка ант болсун, биз жоокер элбиз, биз аны улуулардан  мурас кылып алганбыз». Бароо Набий A менен сүйлөшүп жатканда сөзгө Хасам бин Тайихаан аралашып айтты:  «Я Расулуллох, биз менен адамдардын (жөөттөрдүн) ортосунда келишим бар. Биз аны бузабыз. Биз сага жардам бергенден кийин Аллах сени үстөм кылган соң бизди таштап, коомуңа кетип калбайсыңбы?». Пайгамбар A жылмайып айтты: «Тескерисинче, канга кан, бузууга бузуу, мен силерденмин, силер менденсиңер. Силер согушкан менен согушам, силер согушпаган менен согушпаймын…». Ибн Исхак айтат: «Мага Убадата бин Валид бин Убаадата бин Соомит, ал атасы Валидден, ал чоң атасы Убаадата бин Соомиттен айтты: «Ал накибдердин бири болгон жана биринчи Акаба анташуусундагы он экинин бири болгон». Айтты: «Пайгамбар Aга согуш баятын бердик. Кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, жакса да, жакпаса да угууга жана моюн сунууга баят бердик. Өзүбүздөн жогору койууга жана иш ээлеринен ишти талашпоого, кайда болбосок да Аллах үчүн жаманатты кылуучунун жаманатты кылуусунан коркпостон акыйкатты  айтууга баят бердик».

  1. Мына ушундай көрүнүштө нусрат баяты болгон жана Мадинада Исламдын орношуна өбөлгө болгон экинчи Акаба антташуусу ишке ашты. Кийин Хижрат болуп мамлекет тикеленди. Ушунун баарынан көрүнүп тургандай, Пайгамбар A биъсаттын онунчу жылынан кийин нусрат талап кылууга Аллах тарабынан буйрулган. Башкача айтканда, Акаба анташуусунан үч жыл мурда. Тактап айтканда, Набий Aга нусрат талап кылуу амалдары вахий кылынган. Набий A уруулардагы күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылып, аларды издей баштаган. Пайгамбар A Мадинаны Ислам мамлекетин тикелөөгө, Ислам жана мусулмандарды улуу кылууга жарактуу деп билген. Ошондой болсо да, Пайгамбар A Мадинага хижрат кылууну качан Аллах көргөзгөндөн кийин жана ага уруксат бергенден кийин гана кылды. Бухаари сахихинде келгендей: «Ибн Шихаб айтты: «Мага Урвата бин Зубайр айтты: Аиша I айтты: «Мен ата-энемдин бир гана динде жүрүшкөнүн гана билем. Бизге ар бир күнү Пайгамбар I келчү… Пайгамбар I мусулмандарга айтты: «Мен силердин хижрат кыла турган жериңерди көрдүм, ал эки кара таштуу аймактын ортосундагы курмалуу жер». Мадинга хижрат кылуучулар хижрат кылышты. Хабашияга хижрат кылгандардын да бардыгы Мадинага хижрат кылышты. Абу Бакр Мадина тарапты көздөй даярдана баштады. Пайгамбар I ага айтты: «Шашпа, мага уруксат берилишин үмүт кылып жатам». Абу Бакр G айтты: «Сен үчүн ата садага, ошону үмүт кылып жатасыңбы?». Набий A айтты: «Ооба». Ибн Шихаб айтты: Урвата айтты: Аиша I айтты: «Биз чак түштө атам Абу Бакрдын үйүндө отурганбыз, кимдир бирөө атам Абу Бакрга «Бул кийимин башына ороп келе жаткан – Пайгамбар A» деди. Бул убакта Пайгамбар A биздин үйгө келчү эмес». Абу Бакр G айтты: «Ата-энем садага болсун, бул убакытта ал бизге бир иш менен келе жатат». Аиша G айтты: «Пайгамбар A келип уруксат сурады. Ага уруксат берди жана ал үйгө кирди». Пайгамбар A Абу Бакр Gга айтты: «Сенин алдыңдагыларды чыгар». Абу Бакр G айтты: «Я Расулуллох, ата-энем сен үчүн садага, алар сенин ахлиң (жакындарың)». Набий A айтты: «Мага чыгууга уруксат берилди». Абу Бакр G айтты: «Ата-энем, сен үчүн садага, я Расулуллох, биргеби?». Пайгамбар A айтты: «Ооба».
  • Пайгамбар A нусрат талап кылууну Аллах ага вахий аркылуу уруксат бергенден кийин баштаган.
  • Пайгамбар A нусрат талап кылууда биринчи Исламга чакырган, эгер, Исламды кабыл алышса, нусрат берүүгө чакырган.
  • Пайгамбар A нусратты талап кылууда нусрат берүүгө кудуреттүү болгон уруу башчыларынан талап кылган, майда барат башчыларынан эмес. Ошондой эле, мааниге ээ шаарлардан талап кылган. Айыл, кичинекей аймактардан жана бедиундерден талап кылган эмес. Башкача айтканда, Аллахтын өкүмүн орнотуп, Аллах жолунда жихад кылып Пайгамбар Aга жардам бере ала турган кудуреттүүлөрдөн талап кылган. Бул нерсе алардын Пайгамбар Aга шарт койгондуктарында ачык көрүнүп турат. Бири Пайгамбар Aдан кийин бийликти өзүлөрүнө калуусун шарт кылса, бири арабдар менен согушууга макул болуп, фарстар менен согушууга макул болушпаганы сыяктуу шарттарда ачык көрүнүп турат.

Ушул жооп жогорудагы үч бир тууганыма жетиштүү болот деп үмүт кыламын, Аллах билүүчү жана өкүмдар.

Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рушта                                                22-мухаррам, 1441-х.

21-сентябрь, 2019-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here