Индия улуттук тергөө агенттиги миллиондогон мусулмандар ыйман келтирген Халифалык жөнүндө талкуу кылууну жазага ылайык кылмыш деп эсептөөдө!

183
0

Басма сөз баянаты

Индия улуттук тергөө агенттиги миллиондогон мусулмандар ыйман келтирген Халифалык жөнүндө талкуу кылууну жазага ылайык кылмыш деп эсептөөдө!

2021-жылы 29-май күнү Индия улуттук тергөө агенттиги (NIA) Хизб-ут-Тахрир исламий өлкөлөрдө тикелөөгө аракет кылып жаткан Халифалык түзүмү туурасында «Фейсбукта кабыл алынгыс кабарларды таратуу жана талкуу жыйындарын уюштуруу» боюнча 31 жаштагы Мухаммад Икбалга айып коюлганын билдирди. Тергов агенттиги бул айып кылмыш мыйзамдары жөнүндөгү Индиянын мыйзамдарына ылайык келишин баса белгиледи. (The Economic Times).

Мурда баса белгилегенибиздей, «NIA» расмийлери Хизб-ут-Тахрирге жана анын мүчөлөрүнө терроризм айыбын коюу менен эч нерсеге жетише албаган. Алар бул ийгиликсиздиктеринен сабак алып, каталарын оңдоп, аракеттерин адамдарга пайда алып келе турган нерселерге жумшоонун ордуна, мына, кайра эле айып коюшууда. Алардын бул айыптоосун бетпактык деп гана сыпаттоо мүмкүн. Өзүн дүйнөнүн эң демократиялык мамлекети деп эсептеп жаткан мамлекетте адамдар менен талкуулашуу жана Фейсбукта пикир билдирүү жазага ылайык айыптоо болуп калды!

Моди өкмөтү текчилдик саясатын ишке ашырууда коопсуздук кызматынан кеңири пайдаланууда. Коопсуздук кызматтары режимдин колундагы «Maslow’s Hammer» (алтын балкага) айланып калды десе болот. Жаралган ар кандай проблеманы чечүүнүн ордуна, сокку менен мыкты каккандай кагып салууда… Айланасында эч нерсени калтырбай жок кылууда. Модинин жана анын улутчулдук саясатынан таасирленген коопсуздук расмийлеринин абалы мына ушундай. Алар өзүлөрү жана тактысы үчүн динин жана Умматын сүйгөн ар бир мусулманды коркунуч катары карайт. Мындай көз караш коопсуздук кызматынын системасына таасир кылган. Коопсуздук кызматы адамдардын кызыкчылыгын коргоп, коопсуздугун сактоочу система болуунун ордуна, денени дарылоонун ордуна кемирүүчү мутацияланган иммундук системага окшоп калган!

Ушул орунда суроо туулат: мына ушул Индия өкмөтү «Конституциябыз алты эркиндиктердин бири болгон сөз эркиндигин кепилдейт» деген эмес беле?! Эмнеге анын жергиликтүү полициясы адамдар менен талкуу өткөргөн жана Фейсбукта пикир билдирген адамды камакка алды?! Анан, Мухаммад Икбалдын иши сөз эркиндигине байланыштуу экендиги ачыкталгандан кийин эмнеге «NIA» терроризмге каршы күрөшүү борборуна өткөрүлдү?! Бул кандай адилеттик, өкмөт өз сөзүнө тескери иш кылабы?! Нью-Дели өкмөтү «мыйзамсыз аракетти алдын алуу жөнүндөгү» мыйзамдан качанга чейин ырайымсыз, чектен чыгуу жана зомбулук менен пайдаланат?! Качан эс-акылына келет?! Же диндер ортосундагы тынчтыктын калганын да талкалап жок кылмакчыбы?! Моди өкмөтү Индия калкына ушунча кыйроо жана балээлерди алып келгени жетпейби?! Эми, эмне үчүн бул өкмөт өзү менен дүйнөнүн миллиарддаган мусулмандары ортосунда көбүрөөк проблемаларды жаратып, абалды дагы да курчутуп жатат?! Ал Халифалык бүткүл дүйнө мусулмандарынын ар бир үйүнө кирип барган коомдук пикир экенин түшүнбөй жатабы?! Моди Ганди Индиядагы мусулмандардын колдоосун алууну көздөп Халифалыктын тынчтык долбоорун кабыл алганын унуткан көрүнөт?! Демек, Моди өкмөтү бүгүн Гандинин иши да жазага ылайык деп билип жатабы?!

Эй, Индиядагы акыл калчаган адамдар, бул насаатыбызды окуп, мындай кыйратуучу саясат жүргүзүп жаткан өкмөтүңөрдү тыйып койгула. Бийликке умтулуу жана шайлоодо добуш алуу Моди жана анын тарапкерлеринин көздөрүн сокур кылып койгонун, мындан улам, адамдарга коронавирус пандемиясы бүттү деп жатышканын билбей жатасыңарбы?! Деги, алар адамдардын саламаттыгын ойлоонун ордуна, аларды кыйроого жетелеп, оорунун жайылышын алдын албоого чакырып жатышат го?! О.э. добуш алуу максатында Моди жана анын тарапкерлери мамлекетте кеңири таратып жаткан кайрылуулары эл арасындагы түрдүү дин өкүлдөрүн бири-бирине каршы коюуда. Акыйкатта, бул сыяктуу кайрылуулар бир нече мамлекеттердин коомун бүтүндөй талкалаганы белгилүү. Бул сыяктуу кайрылуулар учурда Индиянын туруктуулугун коркунуч астына коюп, өлкө калкынын курамдык бөлүктөрү ортосундагы «тунук» мамилелерди булгап жатат. Түпкүлүгүндө, Индиядагы дин өкүлдөрү ортосундагы кызыкчылык – бул мусулмандар менен жакшы кошуналык мамилелерди сактап калуу. Себеби, бүгүн Ислам Умматы экинчи козголууга даярданууда жана – Аллах Субханахунун уруксаты менен жана Расулу ﷺдын башараты негизинде – бул албетте ишке ашат. Ошондо Уммат болгон бардык зулум жана душмандыкты эсеп-китеп кылып, жакшылык кылгандарга жакшылык менен, жамандык кылгандарга жамандык менен жооп кайтарат. Аллах Таала айтат:

﴿أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الأَرْضِ فَيَنظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ كَانُوا أَكْثَرَ مِنْهُمْ وَأَشَدَّ قُوَّةً وَآثَاراً فِي الأَرْضِ فَمَا أَغْنَى عَنْهُم مَّا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾

«Акыры алар жер жүзүндө кыдырып-саякат кылышып, алардан мурунку кимселердин акыбеттери кандай болгонун көрүшсө болбойбу?! Булардан көрө алар көбүрөөк болуп, күч-кубат жана жердеги эзелки эстеликтер жагынан да мыктыраак эле. (Бирок) аларга тапкан (мал дүйнөлөрү да, күч-кубаттары да) жардам берген жок»                         [40:82]

Ушуга ылайык, Хизб-ут-Тахрир–Борбордук маалымат бөлүмү дагы кайталап баса белгилейт, Хизб-ут-Тахрир – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты пикирий, саясий күрөш аркылуу тикелөө үчүн бүткүл дүйнөдө аракет кылып жаткан саясий хизб. Ал түзүлгөндөн бери ушуга анык ишенет – терең жана туура пикирлер жакшы үйрөнүлүп, турмушта ордун таап, жүрөктөргө орношкондон кийин гана көчүп өтөт. Пикирлер адамдын жана коомдун жашоо таризине таасир кылып, аны жогорку жашоо таризине айлантууга мүмкүнчүлүк бере турган эң туура жол мына ушул.

Муну менен бирге, бүткүл адамзатты, алардын катарында, Индия калкын адашуудан куткарууга жалгыз кепил түзүм бул Ислам жана анын Халифалык түзүмү экенине анык ишенебиз. Адамзат өз тактыларын сактап калу үчүн адамдарды кыйроого алып келген акимдер себептүү адашууга түшүп калган. Ошондуктан, өз элине жан күйдүргөн ар бир адам Хизб-ут-Тахрир сунуштап жаткан кеңири көлөмдүү назарияларга кулак салышы зарыл. Хизб-ут-Тахрирдин бул назариялары саййидибиз Мухаммад ﷺ жашаган жашоо минхажына негизделген. Эске салсак, Индия да бир убактарда Ислам адилети менен башкарылган, Исламий бийлик астында тынч, коопсуз, бейпил жашаган жана мындай жашоону башка эч качан көрбөгөн. Мусулмандар бүткүл жер жүзүн кайра адилеттикке бөлөшү – Аллахтын уруксаты менен – албетте жакын.

Аллах Таала айтат:

﴿الَّذِينَ إِنْ مَّكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنكَرِ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ﴾

«Эгер, аларды Биз жер жүзүнө үстөм кылсак, алар намазды толук аткарышат, зекетти беришет, жакшылыктарга буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Аллахтын (эркинде)»                                                                   [22:41]

 

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here