Түндүк-түштүк жолу: Долбоордун баасы 937 миллион долларга чыкты

204
0

Түндүк-түштүк жолу: Долбоордун баасы 937 миллион долларга чыкты

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна тартылган каражат тууралуу маалымат берди.

Анын сөзүнө караганда, бул долбоордун баасы баш-аягы 937 миллион 500 миң доллар деп эсептелген. Анын ичинен 857 миллион 400 миң доллары насыя, 46 миллион 200 миң доллары грант. Бул каражат Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктарынан алынган. Кыргыз өкмөтү ага 33 миллион 700 миң доллар кошкон.

Комментарий: 2014-жылы Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлиги түндүк-түштүк альтернативдүү жолу долбоорун ишке ашыра баштаган. Долбоор боюнча жаңы курулуучу жолдун узундугу 433 километр. Жол курулушу башталган алгачкы учурда долбоордун жалпы баасы 850 миллион долларга бааланган. Алгачкы эсептөөлөр боюнча бир километр жол үчүн 2 миллион доллар жумшала турган болгон. Долбоорду адаттагыдай эле негизинен Кытайдын Эксимбанкы каржылай турган болуп, долбоор үчүн 700 миллион доллар каражат бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу болсо Кытайдын “China Road & Bridge Corporation” компаниясына тапшырылган. Долбоор үч баскычтан туруп, план боюнча 2022-жылы пайдаланууга берилиши керек…

 Расмийлер Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери ишке ашырылып жаткан эң ири долбоор катары сүрөттөп жаткан өлкөнүн түндүк менен түштүгүн бириктирүүчү автомобил жолу негизи мамлекетти төлөп бүткүс карызга батыруу үчүн кызмат кылат. Себеби, бүгүнкү күндө Кыргызстандын негизги кредитору болгон Кытай өкмөтү бирер мамлекетте ишке ашырыла турган долбоорго карыз бере турган болсо, карыз берүүчү банк да, ал долбоорду ишке ашыруучу омпания да кытайдыкы болот. Компания долбоорду жумушчу күчү жана керектүү жабдыктар менен камсыздайт. Ушундай көрүнүштө, алынган карыздарды башкаруу толугу менен Кытайдын көзөмөлүндө болот жана акчалар Кытайда калат. Бишкек ЖЭБи жана “Датка-Кемин” линиясы үчүн Кытайдын Эксимбанкы карыз берди, аны ишке ашыруучу тарап кайра эле Кытайдын TBEA компаниясы болду. Мындан тышкары, долбоор үчүн карыз алып жаткан мамлекет тиги компаниянын иштерине аралаша албайт, компания курулушта пайдаланып жаткан техника жана жабдыктарды канчага сатып алып жатканын, Кытайдан келген жумушчуларга канча айлык төлөнүп жатканын о.э. аткарылган иштин сапатын көзөмөлдөй албайт. Кытайдын компаниясы болсо долбоордун баасын өз кызыкчылыгы жана каалоосуна карай көбөйтө берет. Мисалы, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо алгач 250 миллион долларга бааланган. Бирок, Кытайдын ТВЕА компаниясы бааларды жасалма жол менен көтөрүшү натыйжасында акыркы баасы 386 миллион долларга жетти. Эксимбанктан алынган 386 миллион доллар кредит 2033-жылга чейин 480 миллион кылып төлөнүшү керек. Түндүк-түштүк жолу долбоору да башталгандан бери 87,5 миллион долларга кымбаттады.

 Мындан тышкары Кыргызстандын “ автомобил жолдору жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, жаңы курулган жолдордун кепилдик мөөнөтү 5 жыл, оңдолгон жолдор үчүн кеминде үч жыл болору белгиленген. Жаңы курулуп жаткан жолдун сапаты да ушуга ылайык болот. Демек, келишим боюнча, жаңы курулган жол толук пайдаланууга тапшырылбай жатып, Кыргызстан жакынкы келечекте бир километри үчүн 700 миңден 1,5 миллион долларга чейин каражат жумшап жолдо капиталдык ремонтту башташы керек болот. Кыргыз өкмөтүндө мындай каражат жок экендиги белгилүү, демек, мамлекет жолду оңдоо үчүн кайрадан карыз алууга мажбур болот. Ошентип, карыз айлампасы тынымсыз айлана берет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here