Адамзат инсан ойлоп тапкан шарият негизинде жашоосу кооптуу!

288
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Адамзат инсан ойлоп тапкан шарият негизинде жашоосу кооптуу!

Өткөн кылым Аллахтын шариятынан алысташып, төмөн-бактысыз жашадык, динди турмуштан бөлгөн капиталисттик система менен башкарылдык, акыбетте бул система бүткүл адамзатка, айрыкча, мусулмандарга мусибаттарды алып келди: адамзатка капиталисттик кафир мамлекеттер өкүмдарлык кылды, алар өз түзүмүн мажбурий колдонду, жетекчиликке өзүлөрүнүн малай акимдерин отургузуп коюшту, алар ошол кожоюндарынын кызыкчылыктарын ишке ашырышты жана аларга каршы чыккандарга каршы күрөштү.

Бул малай режимдердин доорунда кыргындар жана бузгунчу иштер кеңири жайылды, мусулмандардын байлыктары талап-тонолду, намыстары тебеленди… Акыркы жүз жылдагы бул кылмыштарды санап аягына жетпейсиң.

Чындыгында, Роббибиз Табарака ва Таала бекем шарияттан жүз үйрүгөн жана ыплас жолдорго жүргөн кимселерге бул дүйнөдө бактысыз жашоону, Ахыретте болсо азапты убада кылган. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى + قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرْتَنِي أَعْمَى وَقَدْ كُنتُ بَصِيراً + قَالَ كَذَلِكَ أَتَتْكَ آيَاتُنَا فَنَسِيتَهَا وَكَذَلِكَ الْيَوْمَ تُنسَى + وَكَذَلِكَ نَجْزِي مَنْ أَسْرَفَ وَلَمْ يُؤْمِن بِآيَاتِ رَبِّهِ وَلَعَذَابُ الآخِرَةِ أَشَدُّ وَأَبْقَى﴾

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз». Ал: «Роббим, эмнеге мени көр кылып тирилттиң, мурун мен көрчү элем го», – деди, (Аллах) айтты: «Ошондой. Сага Биздин аят-муъжизаларыбыз келгенде аларды унуттуң. Бүгүн сен да ошондой «унутуласың». Чектен чыккан жана Роббисинин аяттарына ыйман келтирбеген кишилерди мына ушундай жазалайбыз, Ахырет азабы болсо шек-күмөнсүз катуураак жана туруктуураак»                                                                                                  [20:124-127]

Алдыбызда жоопкерчиликтүү болуудан о.э. өзүбүздү эле эмес, бүткүл адамзатты капиталисттик түзүмдүн астындагы мындай коркунучтан куткаруу милдетин мойнубузга алуудан башка тандоо жок. Бул жоопкерчиликти аткаруу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого аракет кылуу керек.

 Роя гезити, №338, 2021-жыл, 12-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here