БУУ: Эмделген калктардын 82 пайызы бай өлкөлөргө туура келет

235
0

БУУ: Эмделген калктардын 82 пайызы бай өлкөлөргө туура келет

Бүгүнкү күндө коронавируска каршы вакцина алгандардын 82%ы  бай өлкөлөрдүн жарандары. Ал эми жакыр өлкөлөрдүн 0,3 пайызы гана эмделген. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш «Чоң жыйырмага» мүчө мамлекеттерге кайрылып жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай теңсиздик жакыр калктарды вирустун курмандыгына айлантууда. Вирус жок болбой эле мутацияланып жатат.

«Индияда, Түштүк Америкада COVID-19 жайылган аймактарда жакыр калктар биздин көз алдыбызда өлүп жатат», – деди Гутерриш.

Ал вируска каршы күрөшүү үчүн глобалдуу план түзүп, COVAX платформасынын алкагында жакыр өлкөлөргө вакцинаны арзан же бекер жеткирүү зарылдыгын кошумчалады.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү капиталисттик түзүм пайдага негизделген жана коомду өнүктүрүүдө капиталисттерге таянат. Ошондуктан, эл аралык уюмдар дүйнө байлыктарынын бир ууч капиталисттердин колуна топтолуусуна шарт жаратып берет. Алардын көз карашында мындай адамдар өзгөчө жөндөмгө ээ жана калган калктарды мындай «жөндөмдүү» адамдар жумуш менен камсыздап, мамлекетке үлкөн салыктарды төгөт.

Мына ушул дүйнө караштан келип чыгып, бүгүнкү күндө миллиардерлердин байлыктары пандемия шартына карабай кескин өсүп, жакыр калктардын саны күн санап көбөйүп жатат. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору жана кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти. Ошондой эле, Оксфам уюму өткөргөн изилдөөдө көрсөтүлүшүнчө, коронавирус пандемиясынан эң көп киреше тапкандар технологиялык компаниялар болгон. 2020-жылдын март айынан тарта, тагырак айтканда пандемия күчүнө кирип баштагандан бери дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын байлыгы 540 млрд долларга көбөйгөн. Оксфамдын маалыматына ылайык, пандемияга карабастан дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын жалпы байлыгы 1,12 трлн долларга жеткен.

Ал эми Гуттериштин аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун эл аралык түзүмгө карата нааразылыгын басаңдатуудан башка нерсе эмес. Башкача айтканда миллиаррддаган пайдага туйтунган капиталисттик компаниялар байларга саткан вакциналардын ашканын калган жакыр өлкөлөрдөгү кардарларына аларга ылайыктуу баада сатышат. Өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн болсо пайдасынын бир бөлүгүн «садака» кылмакчы. Капиталисттердин мындай шылуундуктары ар бир жаңы оорулар чыкканда кайталанып турат. Маселен, Америкалык Sovaldi фармкомпаниясы Гепатит С вирусу үчүн чыгарган алгачкы капсуласын 150 миң доллардан сатып бир жылда 10 млрд, кийинки жылы 19 млрд доллар пайда тапкан.

Жыйынтыктап айтканда, капитализм адамзатка жалаң гана кырсыктарды, кризистерди, адилетсиздикти алып келди. Бул чындык жаш-кары, эркек-аял баарына белгилүү. Капитализмде эмнеге суроо-талап болсо, ошол нерсе дароо бизнеске айланат, бул учурда адамдардын шартына, азап тартышына маани берилбейт. Ал эми Исламда коомдун саламатчылыгы алдыңкы орунда турат. Ошондуктан, Исламда мамлекет элди дабалоо жолун өз мойнуна алып, вакцина жана дары-дармектерди өндүрүүгө милдеттүү. Саламаттыкты сактоо пайда табууга эмес, коомдогу ооруну түп тамырынан жок кылууга негизделет. Байлыктын бир ууч адамдын колуна топтолбошу үчүн зекет түзүмү иштейт жана байлар жакырларга камкор болууга шыктандырылат. Анткени, мусулмандар ар бир амалын Аллахтын ыраазылыгын көздөп аткарат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here