ПАЛЕСТИНА: ЭНТОНИ БЛИНКЕН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА САПАР ЖАСАДЫ

272
0

Палестина: Энтони Блинкен жакынкы чыгышка сапар жасады

Кабарларда айтылышынча, АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Палестинада болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу Жакынкы Чыгышка сапар жасады. Бул сапарда Блинкен (израиль) премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен жолугушту, ошондой эле АКШ мамлекеттик катчысынын сапары 27-майга чейин созулуп, Палестина, Иордания, Мисир лидерлери менен жогорку деңгээлде жолугушууларды өткөрөрү тууралуу маалымдалды. Энтони Блинкен (израилдин) коопсуздугун коргоп, ал өзүн коргоого укуктуу экенин баса белгиледи жана президент Байдендин көшөгө артындагы дипломатиясынын жардамы менен Палестинада ок атышууну токтотууга мүмкүн болгондугун айтып: «Эки тараптан тең жоготуулар көп болду», – деди.

Бул кабарлардан жана билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, биз илгертен бери айтып келе жаткан чындык ырасталууда. Бул чындык – АКШ жетектеген эл аралык коомчулук (израилдин) гана кызыкчылыгын коргоо үчүн Палестина маселесине аралашат! Мына, АКШ мамкатчысы Палестинага барып яхудийлердин коопсуздугу үчүн кам көрүүдө, (израиль) өзүн коргоого укуктуу деп яхудийлердин жырткыч кылмыштарын актап жатат, «Эки тараптан тең жоготуулар көп болду» деп (израилдин) кыргынын жашырууда. А негизи, 11 күнгө созулган бул кыргында Палестинада 250дөн ашуун мусулман өлтүрүлдү жана көптөгөнү жаракат алып, алардын үй-жайлары, ар кандай объектилери урандыга айланды. Бул, эки тараптын эмес, жалаң гана бир тараптын жоготууларга кабылганын көрсөтүп турат. Эгер, 1948-жылдан берки өлтүрүлгөн мусулмандардын санын жана урандыга айланган үйлөрүн эсептей турган болсок, Палестинада тарыхтагы үрөй учурган эң аёосуз геноцид болуп жатканын байкайбыз.

Блинкендин бул иш-аракеттери жана билдирүүлөрү башка мамлекеттерге Палестина маселесине аралашууда кандай жолду кармануу керектиги жөнүндө сигнал болуп эсептелет. Ошондой эле, Блинкен Палестина маселесинин түпкү чечиминен чалгытып, мусулмандарды Палестинага гуманитардык жардам берүү иштерине бурууга урунуп жатат. Бул сапардын алкагында АКШ мамкатчысы Иордания жана Мисирге да барары кабарланды. Демек, АКШ (израилдин) коопсуздугун коргоп жаткан бул эки мамлекетке өзгөчө көңүл бурууда. Себеби, мусулман өлкөлөрүндөгү бул эки режимдин өзгөчөлүгү бар. Палестинада мусулман аймактары саналган эки аймак гана калды, алар: Батыш Жээк жана Газа. Дал ушул эки режим Батыш Жээк жана Газа менен чектешет: Мисир Газа менен чектешсе, Иордания Батыш Жээк менен чектешет. Яхудийлер мусулмандарды кандай гана аёосуз кыргын кылышпасын, кандай гана азап-кыйынчылыктарга салышпасын Иордания менен Мисир режимдери мусулмандарга жардам көрсөтүү үчүн чек араларын ачкан жок, тескерисинче, (израилдин) коопсуздугун сактоо үчүн бул чек араларды бекем кайтарууда. Иордания жана Мисирдеги мусулмандар Палестинадагы боордошторуна жардам бере албайт, Палестинадагы мусулмандар яхудийлердин кыргынынан качып Иордания жана Мисирдеги боордоштору тарапка өтө албайт. Бул чындыкты акыркы окуялар дагы да ачык-айкын ачыктады. Мисалы, яхудийлер Палестинадагы мусулмандарды бомбалоону күчөткөндө Иордания-Батыш Жээк чек арасына миңдеген мусулмандар чогулушуп, чек араларды ачууну талап кылышты, миңдегенибиз шейит болсок да Куддусту азат кылабыз деп ураан көтөрүштү. Бирок, Иордания режими чек араны ачмак түгүл, тескерисинче чогулган мусулмандардын жолун тороп, аларды таратууга аракет кылды.

Ал эми, Мисирге келсек, бул режим Мисир-Газа чек арасы жайгашкан Синай жарым аралын «полиганго» айланткан. Качан карабагын, Мисир режими бул аймакта байма-бай машыгууларды өткөрүп, тынымсыз «террористтерди» өлтүрүп же кармап жатканын көрөсүң. Бул аймак өзүнчө эле аскерий зонага айланган. Андыктан бул аймакта мусулмандар Палестинага жардам бермек турсун, а түгүл, Палестина деп ураан көтөрө албайт, антсең заматта эле «террористке» чыгарылып өлтүрүлөсүң же кармаласың. Арийне, Иордания режими (израилди) чыгыш тарабынан коргоп жатса, Мисир түштүк тарабынан коргоодо. Бул эки режим өзгөчө акыркы окуяларда элдин каршылыгына карабастан чек араларды бекем сакташты. Мына ошон үчүн да АКШ мамкатчысы Блинкен бул эки режимдин башчылары менен жогорку деңгээлде жолугары айтылууда. Блинкен аларды жасаган «эрдиктери» үчүн мактап, «ушул ишиңерден жазбагыла» демекчи.

Мына ушулардан улам, (израиль) талкаланып, Палестинанын азат болушу мусулман режимдеринин кулашы менен башталат. Ошондой эле, Палестина маселеси гуманитардык маселе эмес, ал – мусулман армиялары азат кылышы важиб болгон мусулмандардын тагдырий маселеси. Палестина мусулмандары гуманитардык жардамдарды эмес, аларды яхудийлердин зулумунан куткара турган улуу кошуундарды күтүүдө.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here