Кафир Батыш жана армяндар геноциди жөнүндөгү жалган

206
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кафир Батыш жана армяндар геноциди жөнүндөгү жалган

АКШ президенти Жо Байден 1915-жылы Усманий мамлекеттин доорунда болгон окуяны «геноцид» деп аташы жана Түркия мамлекетинин үн катпашы артынан Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү ушуларды баса белгиледи: «Кошмо Штаттар жана колонизатор мамлекеттер «геноцид» деген жалган аркылуу жылда 24-апрелде Усманий мамлекетти жана Исламды жамандап келишет. Исламдын улуу тарыхы туурасында күмөн жаратуу менен өздөрүнүн кандуу тарыхын жашырууга урунушат».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Ак үйдүн мындай текебер билдирүүсүн таптакыр кабыл алып болбойт. Бирок, Түркия президенти буга каршы позициясын билдириши керек. О.э. түпкүлүгүндө геноцид Ирак, Афганистан жана Сирияда жасалганын Америкага эстетип коюшу шарт. Аданадагы Инжирлик базасын жабышы жана АКШнын Анкарадагы элчисин тезинен чыгарып жибериши, Түркиянын Вашингтондогу элчисин Анкарага чакыртып алышы лазым. Бирок, Эрдаган буларды кылбады, тескерисинче, Байдендин билдирүүсүнөн мурун Армениянын Түркиядагы патриархы Саак Машалянга кат жөнөтүп, Биринчи Дүйнөлүк согушта курман болгон армяндарга урматтоосун билдирди. Ошентип, Кошмо Штаттарды минтип батынууга жол берген нерсе Түркия саясатындагы мына ушундай кордук, итааткөйлүк, акимдердин коркоктугу, жетекчилердин өз кызмат орундарын жакшы көрүшү жана келечегинен кооптонуусу болууда».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет: «Түрк өкмөтү жаңы мөөнөттө башкаруу креслолорун сактап калуу үчүн Байдендин администрациясынан жардам үмүт кылууда. Оппозиция да Байденге кошоматчылык кылып жатат. Ушул себептен улам, бул жетекчилердин бири да Американын текебердигине чекит коё албайт. Ага чекит коюуга кудуреттүү жападан-жалгыз күч – жакында Аллахтын уруксаты менен тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети».

 

Роя гезити, №338, 2021-жыл, 12-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here