بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Эрдаган менен Роханий Фалестин кыянатына толуп ташкан өздөрүнүн кылмыштарынын тизмесине кезектеги шерменде кылмышты кошууда
Түркия президенти Эрдаган эл аралык уюмдардан яхудийлердин фалестиндиктерге каршы чабуулду токтотушу үчүн тезинен аракетке келүүнү талап кылды. Ал Ислам Кызматташтык Уюмун мындай чабуулдарды токтотуу үчүн тезинен аракет кылууга чакырды. О.э. Эрдаган яхудийлердин Газа секторуна, Акса мечитине жана фалестиндиктерге каршы ачык ашкере чабуулдарына карата Түркия өз позициясын кескин түрдө билдиришин айтып, «Эл аралык коомчулук (израилге) күчтүү жана кескин сабак бериши керектигин» баса белгиледи. Ал фалестиндиктерди коргоо үчүн регионго эл аралык тынчтыкты сактоочу күчтөрдү киргизүүгө чакырып, бул, Түркия 1918-жылдан бери талап кылып келе жаткан сунуш экендигин айтты. Эрдаган бул маселелерде Түркия менен Россия БУУда тыгыз кызматташтык кылуусуна толук ишенерин маалымдады.
Иран президенти Хасан Роханий да «Фалестин калкына каршы жасалып жаткан сионисттик чабуулдарды» кескин каралады. Ал: «Бардык мазлумдарды, айрыкча, Фалестин калкын коргоо – биздин исламий жана инсаний милдетибиз», – деди. Жана Роханий: «Бул калк алдында бекемдик жана жихаддан башка жол жок», – деп баса белгиледи.
Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин жериндеги маалымат бөлүмү өзүнүн сайтында билдирүү жарыялады: «Эрдаган менен Роханийдин оозунан чыгып жаткан бул билдирүүлөр курулай жалган болуу менен бирге, бул сөздөрдө Фалестинге жана анын калкына каршы тил бириктирүү көрүнүп турат. Бул тил бириктирүүлөр Фалестин калкы туш болуп жаткан мына ушундай көрүнүштө т.а. Газа бомбаланып, калкы кыргын кылынып, көчүрүлүп жаткан, мубарак Куддус тебелеп-тепселип, басып алынган жерлерде жырткыч камакка алуу иштери алып барылып жаткан учурда болууда.
Күнү-түнү «Фалестин, Акса жана Газа» деп жар салып келген Эрдаган жана Роханий жардамсыз калтыруу жана жалгандар менен толуп ташкан өздөрүнүн кылмыштарынын тизмесине кезектеги шерменде кылмыштарын кошууда. «(израилге) өлүм» деп кыйкыргандан чарчабаган жана жөн гана каршылык билдирип коюудан башка нерсени билбеген Иран режими каралоо жана нааразылык билдирүүдөн ары өтпөдү. Ал өзүнүн ракеталарын, танктарын, «Куддус гвардиясын» аракетке келтирип, Фалестинге, Акса жана Газага нусрат берүүнүн ордуна, Фалестин калкынан кайраттуулук көрсөтүүнү жана жихад кылууну талап кылууда! Мындай жалган позиция бул дүйнөдө жана Ахыретте албетте шерменделикке туш кылат.
Эрдаганга келсек, Фалестин элине достук билдирүүдөн о.э. «Куддуска каршы чабуул – ар бир мусулмандын намысына каршы чабуул» дегенден чарчабай, жалындуу сөздөрү менен каралоо жана нааразылык билдирүү менен чектелүүдө. Эрдаган Жакынкы Чыгыштагы эң күчтүү саналган мусулман армиясын аракетке келтирүүнүн ордуна, эл аралык күчтөрдү аракетке келтирүүгө чакырып жатат, негизи, бул нерсе Фалестиндеги, Газа жана Аксадагы баскынчылыкка кезектеги баскынчылыкты кошуу болот. Эрдаган бул нерсени – Шам жана Ливияда кылгандай – кылмышкер Россия менен биргеликте кылат имиш… Деги, Фалестинге жана анын калкына каршы мындан өткөн кылмыш болушу мүмкүнбү!».
Билдирүүнүн соңунда мындай делет: «Бүгүн ар бир акыл жүргүзгөн адамга айдан ачык болуп калган акыйкат ушул: Умматтын жана Умматтын маселесинин душмандары – мусулман өлкөлөрүндөгү ушул акимдер. Бул жетекчилер арасында өздөрүн каршылык кыймылы деп жатышканы менен достук билдирип жатышканы, яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырып жатышканынын ортосунда эч кандай айырма жок, баары колонизаторлорго кызмат кылып жаткан малайлар. Фалестинге жана Аксага нусрат берүүнүн жападан-жалгыз жолу – ушул акимдерди тактыдан кулатуу жана азаттык үчүн армияларды аракетке келтирүү. Бул, баарыбыз үнүбүздү бийик көтөрүп, аракетибизди бириктиришибизди талап кылат».
Роя гезити, №339, 2021-жыл, 19-май.
Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…
Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…
Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…