КАПИТАЛИЗМ: ДҮЙНӨДӨ ЖАҢЫ ТОГУЗ МИЛЛИАРДЕР ПАЙДА БОЛДУ

223
0

Kапитализм: Дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду

Биз жашап жаткан учурдагы капиталисттик система бир ууч байлардын калган катардагы адамдардын эксплуатация кылуусуна негизделген. Ошондой эле, бул системада эң башкы бакыт – байлык болгондуктан, бул «бакытка» жетүү жолунда инсандардын проблемаларына каралбайт, а түгүл, алардын проблемасынан пайдаланып карамүртөздөр акча жасашат. Ушулардан улам, бул система бир ууч байлардын эбегейсиз байып, калган калың элдин өтө жакырлануусуна жол ачып жатат. Бул чындыкты азыркы пандемия маалында ачык-айкын байкоого болот. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору жана кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти. Ошондой эле, Оксфам уюму өткөргөн изилдөөдө көрсөтүлүшүнчө, коронавирус пандемиясынан эң көп киреше тапкандар технологиялык компаниялар болгон. 2020-жылдын март айынан тарта, тагырак айтканда пандемия күчүнө кирип баштаган бери дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын байлыгы 540 млрд долларга көбөйгөн. Оксфамдын маалыматына ылайык, пандемияга карабастан дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын жалпы байлыгы 1,12 трлн долларга жеткен.

Ошол эле маалда, катардагы адамдардын абалы өтө кейиштүү. Ушул эле Оксфамдын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, пандемия башталган учурда жакырчылыктын чегинде жашаган миллиарддаган адамдар кирешелеринен кур жалак калышкан, алардын кризистен чыгуусуна үмүт жок. Ошондой эле, жумушунда иштеп жаткан калктын кирешеси 40%га төмөндөгөн жана коронакризистен аялдар көбүрөөк зыян тартышууда. Калктын жакыр катмары пандемиянын акыбетин жеңип өтүшү үчүн ондогон жылдар талап кылынышы мүмкүн.

Капитализм адамзатка жалаң гана кырсыктарды, кризистерди, адилетсиздикти алып келди. Бул чындык жаш-кары, эркек-аял баарына белгилүү. Капитализмде эмнеге суроо-талап болсо, ошол нерсе дароо бизнеске айланат, бул учурда адамдардын шартына, азап тартышына маани берилбейт. Байлар адамдардын азаб-кыйынчылыгынан акча табышат. Бул проблемалар капитализмдин, капиталисттик экономиканын колдонулуп жатканына байланыштуу. Капитализмде башка эркиндиктер менен кошо мүлк эркиндиги камтылган, башкача айтканда каалаган адам каалагандай мүлккө ээ болууга укуктуу. Ушул себептүү байлар ресурстарды ээлеп алууда, бийликтер болсо аларга колдоо көрсөтүүдө. Ал эми, ресурстарын тарттырып койгон калың эл бардык нерседен кол жууп, байлардын ишканасына, компаниясына жалданып өлбөстүн күнүн көрүүгө мажбур. Ошондуктан капитализм жоюлмайын ресурстардын адилетсиз бөлүштүрүлүшү токтобойт, тескерисинче күчөйт. Оксфамдын изилдөөсүндө да ушул нерсе айтылган: «Кирешелердеги адилетсиздик көбөйөт, а түгүл, коронакризис учурунда дагы да күчөйт». Демек проблема колдонулуп жаткан капитализмде.

Ислам мунун тескериси. Исламда коомдун салматчылыгы биринчи орунда турган маселелердин бири. Ошондуктан Ислам мамлекетти элди дабалоо жолун өз мойнуна алып, вакцина жана дары-дармектерди өндүрүүнү милдеттендирет. Андаш тышкары, Исламдын экономикалык системасында мүлккө ээ болууга капитализмдегидей бүтүндөй эркиндик берилбеген. Исламда мүлк үч түрдө болот: жалпы, мамлекеттик жана жеке мүлк. Жер асты жана үстүндөгү кен байлыктар, электромагниттик толкундар жана башкалар жалпы мүлккө кирет. Бул мүлктүн түрүнө жеке адам да, мамлекет да ээлик кылбайт. Мамлекет бул ресурстарды адамдарга бөлүштүрүп берет, коомдун кызыкчылыгы үчүн иштетет. Ушул себептен улам, коомдо бир ууч байлар гана абдан байып, калктын чоң бөлүгү жакыр болгон абал болбойт.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here