ПАЛЕСТИНА МАСЕЛЕСИ: АДАШТЫРУУЧУ УРААНДАР

218
0

Палестина маселеси: адаштыруучу ураандар

Мына яхудийлер ыйык Рамадан айынан бери палестиналык мусулмандарды бомбалоону токтотпой келе жатат. Яхудийлер өтө так бутага тийген ракеталарды, эң заманбап учактарды колдонушууда. Бүгүнкү күндө алардын бомбалоосунан улам көз жумган мусулмандардын саны 200дөн ашты, жараат алгандары андан көп. Мусулмандар жашаган аймактарда үйлөр урап, күлү көккө сапырылууда, айланада жардам, нусрат сурап зар какшаган, жакындарын жоготкон мусулмандардын ый-муңу. Бул үрөй учурган кырсык мусулмандардын биринчи кибласы жана үч ыйык мечиттин бири жайгашкан Палестинада болууда.

Эл аралык коомчулук зомбулукту токтотууга чакырып, мусулман өлкөлөрүнүн акимдери болсо «кескин каралоолор» менен гана чектелүүдө. Ал эми, дүйнө мусулмандары Палестина мусулмандарын колдоп демонстрацияларды уюштуруп жатат. Албетте Аль-Акса, Куддус акыйдабыгызга тыгыз байланышкан маселелер, ошондой эле «мусулмандар бир дене сыяктуу» болгондуктан, Палестина мусулмандарынын дарты – биздин да дартыбыз. Бирок, ушул орунда мусулмандарды Палестинанын түпкү чечиминен башка тарапка бурган, мусулмандарды адаштырууга салган ураандар көтөрүлүп жатат. Ал ураандардын бири – эл аралык коомчулуктан жардам суроо. Негизи, айтып коюш керек, дал ушул эл аралык коомчулук Палестинада (израиль) мамлекетин куруу токтомун кабыл алган. Каргаша ошол токтомдун негизинде (израиль) өз аймагын кеңейтип, бүгүнкү күнгө чейин мусулмандарды тынымсыз кыргын кылып келет. Андыктан, эгер эл аралык коомчулук аралаша турган болсо, яхудийлердин кызыкчылыгын камсыздоо үчүн гана аралашат. Андан тышкары, Батыштын «эркеси» саналган (израиль) канчалаган резолюцияларды бузду, канчалаганын аткарбай койду, бирок эл аралык коомчулук ага каршы кескин чара көргөн жок. Ошондуктан, эл аралык коомчулуктан жардам күтүү койлорду карышкырга кайтартканга барабар.

Мусулмандарды адаштырууга салган дагы бир ураан – бул Палестина мамлекетин түптөөнү талап кылуу. Демонстрация чыккан мусулмандардын көпчүлүгү Палестина байрактарын көтөрүп чыгышты. А негизи, (израиль) менен жанаша Палестина мамлекетин куруу – бул илгертен келе жаткан Батыштын планы болуп эсептелет. Палестина мамлекетинин түптөлүшүнө келсек, яхудийлер жана Батыш ал жерде армиясы өтө чектелген, аскерий мүмкүнчүлүгү өтө күчсүз (бүгүнкү Палестина бийлигинен дээрлик айырмаланбаган) Палестина мамлекетинин курулушуна ыраазы болот. Андан тышкары, бул мамлекет мусулмандарды эмес, көбүн эсе (израилди) коргогон мамлекет болот. Эгер, Палестина мамлекети курулса, башка мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер муну жеңиш катары көрсөтүп, мактанып, мурун жашыруун болсо, эми ачык эле (израиль) менен кызматташууну башташат. Бирок, ошондо да яхудийлер каалаган учурда Палестина мамлекетине чабуул кылышат, кудум бүгүнкүдөй эле көрүнүш уланат. Бирок бул согуш (бир тараптын гана үстөмдүгү сакталган согуш) эми эки мамлекет ортосундагы согуш катары каралып калат. Башкача айтканда, дүйнө мусулмандарын Палестина маселесине аралаштырбоо аракети ишке ашырылат.

Ал эми, учурда мусулман акимдеринен Палестина үчүн жардам суралып жатканына келсек, (израилди) курчап турган жана курчап турбаган бардык мусулман өлкөлөрү Американын, же болбосо Британиянын, же Франциянын таасири астындагы режимдер болуп эсептелет. Ошондуктан, алар өзгөчө (израилге) каршы аракет кылууда кожоюндары уруксат берген чекте гана аракет кылышат. Ошондой эле, аларда Палестинаны азат кылуу ниети да жок. Мусулмандар аскерлерди Палестинаны азат кылууга чакырып жатса, дал ушул режимдер аскерлерди казармаларда кармап, кожоюндарынын көрсөтмөсүн аткарышууда, элинин алдында абийирин сактап калуу үчүн гана (израилге) каршы «кескин» билдирүүлөр берүү менен гана чектелишүүдө.

Мына ушул себептерден улам, мусулман акимдеринен жардам суроо, эл аралык коомчулукка кайрылуу, Палестина мамлекетин курууну талап кылуу Палестина маселесинин түпкү чечимине – Палестинаны азат кылууга алып барбайт. Ошондой эле, (израилди) жок кылуу эмес, тескерисинче анын коопсуздугун сактоо милдетин аткарып жаткан мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер кулатылып, мусулмандар бир Халифалык астында бирикмейин туткундагы Палестина эч качан азат болбойт, төгүлгөн мусулмандардын каны эч качан токтобойт! Яхудийлер Палестина мусулмандарына ракеталарды жаадырып атканда Палестинадагы мечиттерден «Йа Салахуддин, йа Салахуддин» деген ураандар жаңырды. Ооба, Палестинаны мусулмандарды шарият негизинде бириктирип, яхудийлерге улуу казат баштаган Салахуддин гана куткарат! Ин шаа Аллах, ал күндөр да жакын!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here