Чегара: Ифтарларда аш ордуна “таш” болду

234
0

Чегара: Ифтарларда аш ордуна “таш” болду

28-апрелден бери болуп жаткан Кыргызстан-Тажикстан чегараларындагы жаңжалдар айынан адамдар ажал тапканы кабарланууда. Соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстан тараптан 134 адам жараат алып, 13 адам каза тапканы расмий билдирилди. Тажикстан тарап расмий билдирүү элек, расмий эмес маалыматтарга караганда, Тажикстан жарандарынан 10 адам каза таап, 90у жарадар болгону кабарланууда. Ок атышпоо келишимине карабастан, курч кырдаал сакталган бойдон турат, келишимден кийин да бир жолу ок атышуу катталды.

Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрир бул диндеш бир тууган элдердин Мубарак Рамазан айында бири-бирине таш ыргытып, ок атууларын катуу каралайт.

Аллах Таала мусулмандардын өз ара жака буушуп, кырды-бычак болууларын, бири-бири менен согушуп, өз ара кан төгүүлөрүн харам кылган.

Аллах Таала айтат:

﴿مَنْ قَتَلَ نَفْسًا بِغَيْرِ نَفْسٍ أَوْ فَسَادٍ فِي الْأَرْضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِيعًا﴾

«… Кимде-ким бир да жанды өлтүрбөгөн жана жерде бузгунчулук кылбаган адамды өлтүрсө, кудум бардык адамдарды өлтүргөндөй»

Набий A мындай деди:

«كُلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ، دَمُهُ، وَمَالُهُ، وَعِرْضُهُ»

«Ар бир мусулмандын каны, малы жана намысы башка мусулманга арам».

«مَنْ أَعَانَ عَلَى قَتْلِ مُسْلِمٍ بِشَطْرِ كَلِمَةٍ لَقِيَ اللهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مَكْتُوبٌ فِي جَبْهَتِهِ، آيِسٌ مِنْ رَحْمَةِ اللهِ»

«Ким жарым сөз менен болсо да бир мусулмандын өлүмүнө жардамдашса, Кыямат күнүндө маңдайына “Аллахтын рахматынан айрылган” деп жазылган абалда Аллахка жолугат».

«لَزَوَالُ الدُّنْيَا أَهْوَنُ عِنْدَ اللهِ مِنْ قَتْلِ رَجُلٍ مُسْلِمٍ»

«Аллахтын назарында дүйнөнүн кыйроого жүз тутуп жок болуп кетиши – бир мусулман кишинин өлтүрүлүшүнөн жеңилирээк».

«لَهَدْمُ الْكَعْبَةِ مِائَةَ مَرَّةٍ أهْوَنُ عَلَى اللهِ مِنْ إرَاقَةِ دَمِ مُسْلِمٍ»

«Бир мусулмандын канынын жазыксыз төгүлүшүнөн көрө Каъбанын жүз жолу ойрон болгону жеңилирээк».

Эй Кыргызстан жана Тажикстанда бири-бирине каршы чыгып жаткан мусулмандар! Силерге өздүгүңөрдү эстетебиз: силер мусулмансыңар жана силер бир бүтүн Үммөттүн өкүлдөрүсүңөр!

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

¨bÎ)} ÿ¾Ínɋ»yd öNä3çF¨Bé& Zp¨Bé& Zoy‰Ïmºur O$tRr&ur öNà6š/u‘ {Âcr߉ç7ôã$$sù

«Шексиз, силердин үммөтүңөр бир үммөт. Мен болсо Роббиңермин, демек, Менден гана корккула!».                [23:52]

Ооба, силердин таквадар бабаларыңар бир үммөт өкүлдөрү болуп, бир туугандыкта канатташ жашап келишкен. Ошондуктан да, тарыхта эч бир жерден кыргыз-тажик улуттар аралык чыр-чатак же жаңжал дегенди кезиктире албайбыз. Ал тургай, падышалык Россия басып алганда да, арабызга чегара сызыгы сызылган эмес. Чегара сызыгын кийинки колонизатор СССР империясы чийди. Ал империалисттердин “бөл да, башкар” эрежесине ылайык сызылды. Бирок, СССР курамында турганда да бул диндеш калктар арасында жаңжал болбогон. Коммунисттик идеология урап, СССР кулаган соң, Батыш империалисттери Орто Азияны орус оторчулугунан тартып алуу үчүн, жасалма “эгемендүүлүктөрдү” беришти. Калк арасына “улутчулдук” идеяларын киргизишти. Мына ошондон тартып, бул элдер арасында улутчулдуктан келип чыккан чегара жаңжалдары көбөйүп кетти.

Эй диндеш мусулман бир туугандар. Исламыбызда улутчулдук харам экенин эсиңерге сала кетебиз:

  • – Набий A мындай дейт:

«وَمَنْ قَاتَلَ تَحْتَ رَايَةٍ عِمِّيَّةٍ يَغْضَبُ لِعَصَبَةٍ، أَوْ يَدْعُو إِلَى عَصَبَةٍ، أَوْ يَنْصُرُ عَصَبَةً، فَقُتِلَ، فَقِتْلَةٌ جَاهِلِيَّةٌ»

«Кимде-ким жахалат байрагы астында согушуп, улутчулдук кылып каарданса, улутчулдукка чакырса же ага жардам берсе, кийин бул жолдо өлтүрүлсө, анда, анын өлүмү жахилият өлүмү» (Имам Муслим риваяты).

Эй мусулмандар, силер ушул өкүмдөргө кайдыгер болгондугуңар себептүү, абалыңар мына ушундай деңгээлге келип жетти. Эгер эсиңерге келбей уланта берсеңер, мындан да жаман балээлерге дуушар болушуңардан эскертебиз!

Иш ушунчалыкка жетип келди. Бирок, ушинтип кете бербей, кайрадан диниңерге жүздөнгүлө. Динибиздеги чечим болсо, учурда арабызды оңдоодон турат.

Аллах Таала “Хужурот” сурасынын 10-аятында айтат:

$yJ¯RÎ)} tbqãZÏB÷sßJø9$# ×ouq÷zÎ) (#qßsÎ=ô¹r’sù tû÷üt/ ö/ä3÷ƒuqyzr& 4 (#qà)¨?$#ur ©!$# ÷/ä3ª=yès9 {tbqçHxqöè?

«Чындыгында, момундар бир туугандар! Ошондуктан, бири-бириңердин ортоңорду оңдогула. Аллахтан корккула, ажеп эмес Анын ырайымына жетишсеңер»

Расулуллах A мындай деди:

«أَلَا أُخْبِرُكُمْ بِأَفْضَلَ مِنْ دَرَجَةِ الصَّلَاةِ، وَالصِّيَامِ، وَالصَّدَقَةِ؟» قَالُوا: بَلَى قَالَ: إِصْلَاحُ ذَاتِ الْبَيْنِ قَالَ: وَفَسَادُ ذَاتِ الْبَيْنِ هِيَ الْحَالِقَةُ«

«Силерге намаз, орозо жана зекет даражасынан да жакшы амал жөнүндө кабар берейинби. Ооба, кабар бериңиз, я Расулуллах, дешти. Ал Зат мындай деди: «Адамдар ортосун оңдоп коюу, анткени, адамдар арасын бузуу динди жок кылат».

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 04. 21

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here