Капиталисттик цивилизациянын «жемиштеринен»: 18 жашка чейинки кыздарга хижаб кийүүгө тыюу салынып, 15 жаштан баштап зынага уруксат берилген!

189
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капиталисттик цивилизациянын «жемиштеринен»: 18 жашка чейинки кыздарга хижаб кийүүгө тыюу салынып, 15 жаштан баштап зынага уруксат берилген!

«Кудс арабий» веб-сайты хижрий 1442-жылы 28-шаъбан, миладий 2021-жылы 10-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Жазуучу Прайя Агарвал Британиянын «Индепендент» гезитинде жарыяланган макаласында Франция режими бөлүнүүнү жана үлкөн карама-каршылыктарды башынан өткөрүп жатканын баса белгиледи. Жазуучунун айтымында, француз парламенти 15 жашка толгон кыздар жыныстык мамиле кылууда өз алдынча жана эркиндик менен камсыздалган убакта, 18 жашка толбогон кыздардын хижаб кийишине тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамды карап чыгууда!

Жазуучу бул мыйзам Франция мамлекетинин «эркиндик, теңдик, боордоштук» ураанына тескери экендигин, адилеттик жана теңдик жок экендигине, кыз-келиндердин укуктары жыныстык эркиндик маселесине чектеп коюлганына өзгөчө басым жасады!

Жазуучунун айтымында, никаб менен хижабга тыюу салуу француздардын аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү туурасындагы сөздөрүнө бүтүндөй тескери болуп, мындай кадам муслима аялдар репрессия кылынган, алар хижабды мажбурий кийишет о.э. эркектердин өкүмдарлыгына каршы күрөшүү үчүн аларга жардам берүү керек деген Исламга каршы ураандарга негизделген.

Жазуучу баса белгилешинче, хижаб кийүүгө тыюу салууга багытталган кезектеги бул сунуш бир катар текчилдик саясаттан болуп, ал бүткүл мусулмандарга, айрыкча, муслималарга каратылган. Бул саясат «Франция республикасынын баалуулуктарын жана негиздерин урмат кылуу» деген негизде муслималарды акы-укуктарынан ажыратууда.

Жазуучу Франциянын хижабга каршы кампаниясы 2004-жылы февралда башталганын баса белгиледи. Ошондо Франция Улуттук Ассамблеясы окуу жайларда диний белгилерди, алардын катарында, муслималардын хижабына, яхудийлердин топусуна жана христиандардын крестине тыюу салуу жөнүндө мыйзам иштеп чыгуу үстүндө бир катар талкууларды баштаган. Андан мурда 2003-жылы сентябрда Германиянын бир нече федералдык аймактарында мугалимдердин хижаб кийүүсүнө тыюу салуу үчүн кадамдар ташталган.

Жазуучунун айтымында, 2011-жылы биринчи болуп муслима аялдарга коомдук жайларда ар кандай түрдөгү никаб кийүүгө тыюу салган мамлекет Франция болду. Ошол убакта никабга тыюу салуу Франциянын мусулман жарандарына карата карманган позициясы туурасында көптөгөн суроолорду жараткан эле. 2014-жылы Европанын адам укуктары соту Франциянын никаб кийүүгө тыюу салган мыйзамын колдоп-кубаттады о.э. Франция бул мыйзам мусулман жарандардын жеке жашоосун, сөз жана ишеним эркиндигин бузбашын айткан. 2016-жылы Франциянын өтө көп жайларында «буркини» кийүүгө тыюу салынды.

Жазуучу аял француз өкмөтү «калыстык ролун» аткара албай жатат деп эсептейт. Себеби, француз өкмөтү өлкөдөгү этникалык азчылык эсептелген аялдарды колдоп-кубатташын айтып, ошол эле учурда, аларга кандай кийинүү керектигин мажбурлап жатат. Деги, аялдардын эркиндигин жана тандоо укуктарын тартып алуу аркылуу аларды колдоп-кубаттоо мүмкүнбү?!».

 Роя гезити, №334, 2021-жыл, 14-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here