Эл аралык Валюта Фонду Пакистанды сүткордук карыздарына дагы да батырууда

142
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эл аралык Валюта Фонду Пакистанды сүткордук карыздарына дагы да батырууда

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет:

«Эл аралык Валюта Фонду «Пакистан мамлекеттик банкынын көз карандысыздыгын жана башкаруусун бекемдөөнү» талап кылды. Бул болсо, ушул Фондго кредиттер боюнча пайыздарды көтөрүүнү, салыктарды жогорулатууну, менчик секторлорду каржылоону токтотууну улантуу мүмкүнчүлүгүн берет».

Билдирүүдө дагы ушулар баса белгиленген:

«Мындан максат – эл аралык жана жергиликтүү капиталисттердин кирешелерин камсыздоо, Пакистандын тездик менен өсүп бара жаткан ички карызынан сүткордук негизде үлкөн пайда алуу. Пайыздык ставкалар карыз берүүчүлөрдүн байлыгын көбөйтүп жаткан сайын, Пакистандын карызы да көбөйүп барууда. Арийне, өлкөнүн Эл аралык Валюта Фонду койгон карыздар тузагына түшүшүн… сүткор мафия үчүн саан уй болуп кала беришин камсыздап жатат».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет:

«Мындай режим өкүм сүрүп жатканда андан эч бир нерсени үмүт кылып болбойт, дагы да күчөп жаткан бактысыздыктан кутулуп болбойт. Биздин бирден-бир куткаруучубуз – Исламыбыз. Исламдын түзүмү гана бизге бул дүйнө жана Ахыретте жакшылык алып келет. Бул – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык түзүмү.

 Роя гезити, №334, 2021-жыл, 14-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here