Чөгүп бара жаткан мамлекетте тыгылып калган кеме чыгарылды!

114
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Чөгүп бара жаткан мамлекетте тыгылып калган кеме чыгарылды!

 Устаз Саид Фазл

Хизб-ут-Тахрир – Мисир

вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөчү

Бир нече күн мурда Сувайш каналында контейнер ташыган кеменин алты күн тыгылып, суу жолун тосуп койду. Бул жагдай капитализмди жана дүйнөлүк экономиканы титиретти.

Сувайш каналында бир кеменин тыгылып калышы Мисир калкына эч кандай таасир кылган жок. Себеби, каналдан түшкөн кирешелер башынан эле талап-тонолот жана калкка бул кирешелерден көзгө көрүнөрлүк эч бир пайда жок. Зыянды пайда көрүүчү тартат. Сувайш каналынан Батыштан башкасы пайда көрбөйт. Ири көлөмү менен каналды тарытып жаткан да, коркунуч туудуруп жаткан да ушул Батыштын кемелери болот. Анын кемелеринин транзитинен түшкөн кирешелерди сол чөнтөктөрүнө салып жаткандар да ушул Батыштын мисирлик малай акимдери болот. Мисир калкына келсек, алардын эскирген инфраструктуралары, дат баскан поезддери, тар үйлөрү бар т.а. эскилигинен кулап түшүп, ичиндеги тургундары урандылар астында калып жатат… Натыйжада, ондогон, кээде жүздөгөн адамдар каза болуп жаткан үйлөр бар. Алты күндүк ушул кеме тыгыны учурунда Мисирде поезд кырсыгына, бул кырсыкта ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөнү жаракат алганына күбө болдук. Поезд астында адамдар бир нече күн калып, канга бөлөнүп жатканын, акимдер ушунча убакыт аларга жардам бербегенин, а бирок, тыгылып калган кемени куткарганы т.а. Батыштын капитализмин куткарганы заматта жүгүрүп барышканын көрдүк. Түпкүлүгүн алганда, адамдардын өмүрү бул акимдерди такыр ойлондурбайт. Жасаддар ачыкта калбашы үчүн адамдарды атайын кызматтардан жардам суроого мажбур кылган нерсе да ушул болсо керек.

Ооба, мазлум калктардын уурдалган байлыктары жүктөлгөн капиталисттик Батыштын бул ири контейнер ташыган кемеси бир нече күндөн кийин тыгылган жеринен чыгарылып, кайра жолго түштү жана өлкөлөрүбүздүн ресурстарын Батыш өлкөлөрүнө алып кетти… Кеме Мисир каналында тыгылып, кийин кайра жолуна түшкөн болсо да, бирок, Мисир баткан баткагынан чыга албай калкып жатат. Өз жаранын башкарууга этибар бербөө, укуктарын тебелөө, байлыктарын колонизаторлор ташып кетишине жардам берүү баткагында калууда… дагы ушул абалдагы режим жаңы жасалма каармандыктар жөнүндө ооз көбүртүп сүйлөөдөн, кыйынчылыктарды кайратту жеңип өткөнүн айтуудан, Мисирге душмандык кылып жаткандар жана суу укуктарынан куру калтырууга аракет кылып жаткандардын коркутууларын кудум жок кылгандыгы туурасында жомок айтуудан чарчабай жатат. Негизи, Эфиопия суу сактагычты толтуруунун экинчи баскычын баштаган. Албетте, Мисир режими, жетекчиси жана армиясы буга жооп кайтарат. Бирок, бул жооп Синайды бомбалоо менен, адамдарды үй-жайсыз калтыруу, каалаганча аларды кыргын кылуу менен, же Ак үйгө малайлык кылуу боюнча кесиптеши Хафтарга жардам катары Ливияны бомбалоо менен болот. Же болбосо жооп – Мисирдеги бирер кырсыкты ачыктоого аракет кылган же адамдардын оор жашоосун көрсөтүү үчүн тасмага алууга батынган кишилерди камакка алуу менен болот. Бул кырсык жана оор жашоо режимдин кайдыгердиги себептүү келип чыгууда жана Мисирдеги поезд кырсыгы да алардын кезектегиси болот.

Айыл калкын бомбалай турган даражада техникасы бар мамлекетте кемени тартып чыгарууга эч кандай техникасы жок! Дүйнөдө адатка айланып жаткан жөнөкөй ыкмада т.а. үлкөн кеменин астын казып, тартуу менен гана чектелди. Бирок, ушунча аракет жумшаган режимдин техникасы поезд кырсыгы себептүү ачка калган бечараларды куткарууга жумшалбады. Тескерисинче, аларды куткаруунун ордуна, топтолгон адамдарды алты саат ичинде тарап кетүүнү талап кылып, кандайдыр бир нааразылык аракеттерди баштабоону, антпесе, аларды бастыруу менен коркутту. Мындай режимден адамдарды танктар менен тебелеп бастырып ташташын да күтсө болот, акыры, Рабиа, Нахза жана башка жерлердеги окуяларда ушундай кылды го?! Бирок, параддар жана коркутуулар үчүн колдонуп жаткан режимдин аскерий техникасы адамдардын өмүрүн куткарууга жана укуктарын коргоого таптакыр жумшалбайт.

«Ал-Арабийя» телеканалынын 2021-жылдын 4-апрелдеги кабарына ылайык, Мисир флотунун командачысы, Сувайш каналы комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Усама Раби канал тосулуп калгандан улам бир миллиард доллар зыян жеткенин маалымдады. Ал шаршемби күнү телевидениеге берген билдирүүсүндө: «Зыяндын жана жоготуулардын көлөмү, иштетилген драганын каражаттары эсептелип чыгат, өлкөбүз болжол менен бир миллиард долларга жакын зыян көрүшү мүмкүн», – деди. Ал 2021-жылы 27-март күнү өткөргөн басма сөз конференциясында Кеме окуясындагы зыян жана транзит төлөмдөрүнүн зыяны күнүнө 12-14 миллион АКШ долларын түзгөнүн маалымдаган. Сувайш каналынын деңиз транспортунун маалыматына негизделип айтылган бул сөздөр ушуну түшүндүрөт: бул канал комитетинин транзит төлөмдөрү катары зыяны өз багытын өзгөртүп, Кейп оф Гуд Хоп тарапка кайтып кеткен кемелерден алынышы керек болгон төлөмдөрдү кошпогондо шейшембиден 29-март дүйшөмбүгө чейинки жети күн аралыгында болжол менен 84-98 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул Эмираттардын «Айн» маалымат агенттигинин кабарынан алынды. Демек, Сувайш каналынан түшкөн бир апталык киреше 100 миллион долларга жакын, анда ушунча акча кайда кетип жатат?! Каналдын өзүнө да, анын жабдыктарын иштеп чыгарууга да, мына ушундай кризистерге каршы күрөшүү үчүн жабдыктарга да сарпталбай жатат го?! Ал тургай, режим айтып жаткан кыялдагы ийгиликтерге да, жаңы «Фиръавндын» башкы кеңсесине кызмат кылуу үчүн жол ачкан көпүрөгө да, башка жаңы жолдорго да, бийик дубалдуу жаңы борборго да сарпталбай жатат. Бул борбор элдик козголоң жүз берген убакта качып барышы үчүн Сисий үчүн даярдалган.

Бир нече күнгө уланган жана адамдардын күнүмдүн жашоосуна таасир кылбаган кеме тыгылган бул окуя Мисир калкынын Сувайш каналына муктаж эместигин, анын бар экенинен эң биринчи зыян көрүп жаткандар ушул элибиз экенин далилдеди. Себеби, бул канал мусулмандардын бир бүтүн жерин бөлүп, пайдалуу соода өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Эгер канал жаап коюла турган болсо, Кызыл деңиз менен Ак деңизди бөлүп турган бул регион бүткүл дүйнө соода-сатык кылган жана өнөр жай регионуна т.а. дүйнөлүк өкүмдарлык регионуна айланат. Бул регион жана бүтүндөй Мисир дүйнөнүн эң бай регионуна жана мамлекетине айланат. Бул региондун вакиълиги мына ушундай. Мындай болушу үчүн, Мисирге жана мисирликтерге жакшылыкты ыра көргөн башкаруучу керек.

Батыштын кемеси тыгылып калып, дүйнө экономикасына терс таасир кылганы – Мисир Ислам Умматынын бир бөлүгү катары, өзүнүн аймагы менен бүткүл дүйнөгө саясий жактан таасир кылууга кудуреттүү экенин көрсөттү. Бул азыркы убакта ушундай. Ал эми, эртең жашоого карата Ислам көз карашынан карай турган мамлекеттечи?! Анда бүткүл дүйнөдө өзгөрүү жүз беришине жана капитализмдин ач көздүгү жана карамүртөздүгү менен бүткүл адамзат башына түшкөн азап-кыйынчылыктарга чекит коюушуна күмөн жок.

Чындыгында Мисир Сувайш каналына муктаж эмес. Анын жок болушу бул өлкөгө эч кандай терс таасир кылбайт. Тескерисинче, кудум илгеркидей болгондой, ал бүткүл дүйнө соодасы үчүн негизги борборго айланат. Анткени, андагы ресурстар, байлыктар жана үлкөн инсаний күч мунун баарынын ишке ашышына мүмкүнчүлүк берет. Бирок, Мисир чыныгы камкордук долбооруна ээ аң-сезимдүү калыс башкаруучуга муктаж. Бул долбоор боюнча Мисирдин инсаний күчү туура жолго багытталат жана ресурстарынан адамдарга пайда келтире турган даражада акылмандуулук менен пайдаланылат. Бул жүзөгө чыгышы үчүн амалий жана чыныгы жол – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык долбоору камтылган Ислам жолу. Хизб-ут-Тахрирдин Исламды туура колдонууга кудуреттүү аң-сезимдүү жигиттерине бир нерсе гана – нусрат гана жетишпей жатат. Биз ушул нусрат-жардамды Мисирден жана анын армиясынан үмүт кылабыз. Себеби, алар ар дайым Ислам жана мусулмандарга нусрат берип келишкен.

Аллахтан улуу тарыхты жана алгачкы ансарлардын сийратын кайтарышын, ушул аркылуу Мисирди Ислам мамлекетинин гүлтаажысына, экинчи Мадинаи Мунавварасына айлантышын сурап калабыз. Аллахым, бизге муну кечиктирбей, эртерээк насиб кылгын.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла»                                                                                           [8:24]

 

Роя гезити, №333, 2021-жыл, 7-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here