Европага барган 18 миңден ашык өспүрүм мигрант дайынсыз жоголду

147
0

Европага барган 18 миңден ашык өспүрүм мигрант дайынсыз жоголду

Европага барып дайынсыз жоголгон мигрант өспүрүмдөрдүн саны акыркы үч жылда 18 миңден ашты. Бул тууралуу Европа Биримдигинин докладына шилтеме кылып «Миллиет» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Германияда 7806, Италияда 5775, Бельгияда 2642, Грецияда 2118, Испанияда 1889, Швецарияда 944 мигрант өспүрүм жоголгон.

Евро Комиссиянын ички иштери боюнча комиссары Ильва Юханссон балдардын жоголушу себептүү кабатырда экенин билдирип, жоопкерчилик Евро биримдикке мүчө өлкөлөрдө экенин айтты.

Буuа чейин Европол 2016-жылы кеминде 10 миң мирант өспүрүм жоголгонун билдирген.

Бельгия гезиттери айтылып жаткан 18292 кароосуз балдар уюшкан кылмыштуу топтордун колуна түшүп, мажбурлуу иштетилип жатканын жазып чыгышты. Өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү Марокко, Алжир, Эритрея, Гана жана Афганистандан барган. Румыня, Франция сыяктуу өлкөлөрдө мигрант балдар статистикага алынбагандыктан, чыныгы көрсөткүч мындан кыйла көп болушу анык. Анткени, бул цифралар Европага жетип барып, мамлекеттик органдар тарабынан каттоого алынгандан кийин жоголуп кеткен балдардын саны. Алар негизинен сексуалдык кулчулукка сатылат же эмгек соодасына айландырылат.

Жыйынтыктап айтканда, капиталисттер 21-кылымда адамдарды сексуалдык жана эмгек кулдарга айлантуу менен миллиарддаган пайда таба турган болуп алды. Акыркы маалыматтарга таянсак, дүйнөдө 45 миллиондон ашык адам кулга айланып калган. Алардын 30 миллиону эмгек кулдары болсо, 15,4 миллиону сексуалдык кулдар. Үммөттүн келечеги боло турган өспүрүмдөрдүн мындай абалы аларды коргой турган калкандын жоктугунан болуп жатканы талашсыз. Ушундай болгон соң, аларды коргоочу, каапыр капиталисттердин эсебин бере турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө бардык мүмкүнчүлүгүбүздү сарптайлы!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here